Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Кипр кризиси, ой-бойлогон Орусия


Кипрде жашаган орусиялык киши парламентке нааразылык билдирген акцияда орус президенти Путиндин сүрөтүн кармап турат. 22-март, 2013.
Кипрде жашаган орусиялык киши парламентке нааразылык билдирген акцияда орус президенти Путиндин сүрөтүн кармап турат. 22-март, 2013.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (18-24-март).

Грек трагедиясы… Байыркы ойчулдар Эсхилдин, Софокл менен Еврипиддин оозуна сала бергенби же тарыхтын жазмышыбы, айтор эки жарым миң жыл башта жазылган атактуу грек трагедиялардын сюжети азыр да кайталанып жатканы таң калтырбай койбойт. “Грек трагедиясы” деген сөз кийинки учурда эл аралык саясий лексикондо улам-улам кайталанчу болду.

Грек экономикалык трагедиясынын биринчи бөлүгү Грециянын өзүндө башталса жана бүт Европаны азапка салса, экинчи “сериясы” азыр ошол эле гректер жашаган, бирок өз алдынча мамлекет болуп эсептелген Кипрде уланууда. Салык жагынан аябагандай көп жеңилдиктери бар бул офшор аралдын банктары көп замандан бери европалыктардын, айрыкча орустардын акча сактаган сейфине, акча сактоонун нака “бейишине” айланган эле.

Бирок ошол “бейиш” азыр нака тозокко айланууда. Банктардын кризиси бул аралга да жетип, азыр Кипр мамлекет катары банкрот болуу алдында турат. Опол тоодой карыздан кутулуу үчүн банктарда сакталган акчалардын 10 пайызын кесип, карызды жабалы десе, эң биринчи кезекте Орусия ой-бойлоп жиберди. Болгондо да Путин менен Медведев добулбасты даңгырата какты. Анткени Кипрде орус көпөстөрүнүн адалы менен арамы аралаш ондогон миллиард евро акчасы жатат. Ушуга байланыштуу орус блоггери Юрий Патрушев RBK Daily басылмасында мындай дейт: “Кипрдин банктарында Орусиянын 40 миллиард уурдалган акчалары жатат. Эми ошол акчаларды сактап калыш үчүн биздин мамлекет бюджеттин эсебинен Кипрге узак мөөнөттүү кредит бергени турат. Мына биздин бийликтин жүзү, мына ар дайым эл деп сүйлөгөн жетекчилерибиздин чыныгы кебетеси”.

Өткөн аптада Ирак согушунун башталышына 10 жыл толду. Бул согуштун оң жагы жана терс жагы тууралуу талаш пикирлер азыркыга чейин токтоло элек жана жакын арада токтой турган түрү жок. Бирок экономикалык жактан Ирак кадимкидей калыбына келди, дешет байкоочулар. Суудай аккан карамайдын пайдасын азыр ирактык арабдар аябай көрүп жаткан кези. Ошону менен бирге Ирак менен Ооганстандагы согуш Американын экономикасын кадимкидей эңшерип кетти дегендер да толтура.

Ушул тууралуу Time журналы атайын макала жарыялады. Макалада бул согушка кеткен акчалай каражаттар, адам курмандыктары тууралуу мындай маалыматтар айтылат: бул согушка бардыгы болуп АКШ 800 миллиард доллар акча сарптаптыр. Эгер буга Ооганстандагы азыркыга чейин уланып жаткан согушту кошсок, бардыгы болуп 1.7 триллион доллар акча болот экен. Кийинки он жылда бул каражаттар 6 триллионду чапчыйт, дейт Time журналы, себеби жарадар болгон, инвалидге айланган аскерлерге пенсия төлөнөт, курулуштар курулат, андан башка да толуп жаткан социалдык төлөмдөр, мамлекет мойнуна алган милдеттенмелер бар.

Ирак менен Ооганстандагы согушка 2003-жылдан бери бардыгы болуп 2.5 миллион аскер катышыптыр. Анын ичинен 4.5 миң америкалык аскер каза таап, 32 миң киши жарадар болуп, 1000ге жакын адам колунан же бутунан ажырап, мунжу болуптур. 300 миңден ашуун аскер адамдары психикалык травма алып, мындан кийин такай дарыланып турууга муктаж, дейт аталган журнал.

Өткөн аптадагы дагы бир маанилүү окуя - Кытайдын жаңы президенти Си Цзиньпиндин эң биринчи расмий сапары жана ал сапар Москвадан башталганы болду окшойт. Бул тууралуу англиси тилиндеги Кытай гезиттери эмне жазганын барактап көрөлү. China Daily гезити бул сапарды Кытай менен Орусиянын ортосундагы жаңы доор деп атап, “Бээжин менен Москва стратегиялык партнерлор. Бул эки өлкө үчүн эле эмес, бүт дүйнө үчүн пайдалуу жана бул кызматташуу эч качан АКШга же Батыш мамлекеттерине каршы багытталган кызматташуу эмес”, - деп билдирди.

Ал эми Пекинден чыккан Global Times гезити болсо “АКШ бул кызматташууну дале болсо мурунку замандагы “кансыз согуштун” көзү менен карап жатат” деп айыптады.
Ошону менен бирге Кытай менен тыгыз жакындашуу Орусия үчүн да опурталдуу деген ойлор да бар экени белгилүү. Ошондон улам Кытайдагы Социалдык илимдер академиясынын аналитиги Жианг Юй Кытай лидерлери Орусиянын Ырааккы Чыгышына күн сайын агылып келип аткан кытай мигранттарын чектөө үчүн, деле ыкчам өнүгүп бараткан Кытай орустар үчүн мокочодой көрүнбөшү үчүн эмитен кам көрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү зарыл, дейт ошол эле Global Times гезитинде.

Эми өткөн жумадагы дагы бир маанилүү окуя тууралуу эки ооз сөз айта кетели. Кыргызстандын эң жакын партнерлорунун бири Түркия жакында күрт террористтери менен тынчтыкты куруу, экинчи ок чыгарбоо тууралуу макулдашты. Мындан 14 жыл башта колго түшүрүлгөн, азыр Ак деңиздеги аралда зынданда жаткан күрт лидери Абдулла Ожаландын буйругу менен кечээ жакында күрт террористтери куралдарын таштап, Ирактын территориясына кайра кетти. Эми күрттөр өздөрүнүн улуттук проблемасын “жаңы демократиялык принциптердин негизинде” чече турган болуптур.

Түркияда чыккан Hurruiet Daily News гезити баш-аягы 40 миң кишинин өмүрүн алган бул кагылыш тууралуу жазып келип, Абдулла Ожаландын буйругундагы мындай сөздөрдү келтирет: ”Бүгүн биз жаңырган Түркияда жашап жатабыз, биз азыр жаңырган Жакынкы Чыгышты, жаңы келечекти көрүп турабыз”.

Эң башкы күрт террористинин бул сөзү чын ниеттен чыккан сөзбү же утурумдук саясий соодабы?--деген суроону коет Түркияда чыккан Hurruiet Daily News гезити. Кандай жооп болоорун келечек көрсөтөөр, дейт ошол эле гезит.
XS
SM
MD
LG