Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Акыл уурдаган аткаминерлер


The Eurasia Daily Monitor акыркы санында Грузиядагы саясий абалга кенен токтолуп, өткөн жылы болгон парламентке шайлоодон кийин өкмөт башчысы болгон олигарх Иванишвили замат азыркы грузин лидери, бир кезде Эдуард Шеварднадзени бийликтен кетирген Саакашвилини эзелки кеги бар душманынан бетер ар тарабынан кысып, эми аны сот жообуна тартууга камынып жатканын кабарлады.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы эми грузин президентин суракка алып, үч маселе боюнча иш козгойт экен. Биринчиси - Орусия менен болгон 2008-жылкы согуштун чыгышына Саакашвилинин жеке ролу жана анын натыйжасында Грузия территориялык бүтүндүгүн кантип жоготконун териштирүү.

Экинчиси - “Имеди” деп аталган телеканалдын кимдин менчиги экендигин тактоо, ага азыркы президенттин кандай тиешеси бар экендигин иликтөө жана үчүнчүсү - азырынча ачык айтууга али эрте, бирок Гаага Эл аралык кылмыш соту тапшырган бир топ маселе боюнча иш болот экен. Айтор, The Eurasia Daily Monitor басылмасы жазганына караганда, ушул жылдын октябрь айында бийликтен кете турган Саакашвилинин кийин башы сурактан эч бир чыга тургандай түрү жок.

Reuters агенттиги Индиядагы бир маанилүү окуяны иликтөөгө алды. Бул мамлекет көз карандысыздыкка жеткенден кийин бийлик башында атактуу саясий лидер жана Индиянын биринчи премьер-министри Жавахарлал Неру, андан соң анын кызы Индира Ганди, ал террордук кол салуудан каза болгон соң анын уулу Раджив Ганди, ал да киши колдуу болуп каза тапкан соң анын зайыбы Сония Ганди бийлик башына келгендиги жакшы белгилүү.

Ырас, Сония Ганди премьер-министрлик кызматтан баш тарткан, бирок ал сунуш кылган Манмохан Сингх азыр экинчи мөөнөткө премьер-министр болуп кызмат өтөөдө. Кечээ жакында Нерунун династиясын улантууга кам урган дагы бир саясатчынын бет ачары болду. Анда Раджив Ганди менен Сония Гандинин уулу Рахул Ганди саясий программасын шардана кылып, эгер премьер болуп шайланса, эмне пландары бар экендигин кыйыр түрүндө болсо да кабарлады, дейт Reuters агенттиги.

Дүйнө басмалары дале болсо Түндүк Кореянын Америкага ядролук курал менен кол салам деген убадасын талкуулоодо. Ядролук сыноо жүргүзгөндүгү үчүн Бириккен улуттар уюмунун санкциясына кабалган бул коммунисттик мамлекет чукул согуштук кырдаал жарыялап, массалык маалымат каражаттарынан Американы жана Түштүк Кореяны коркуткан билдирүүлөрдү үстөккө-босток таратууда.

Ырас, Time журналынын билдиргенине караганда, азыркы тапта диктатор Ким Чон Ындын жоопкерчиликсиз жана провокациячыл билдирүүлөрүн эч ким деле күтүүсүз коркунуч же опурталдуу иш-чара катары карагандай түрү жок, бирок Кытай да, Орусия да, Америка Кошмо Штаттары да, Түштүк Корея да куралдуу күчтөрүн чека ара бойлоруна жакындатып келишти. Ал эми Америка ракеталарды асмандан талкалай турган куралдарды Гуамдагы аскерий базага, ошону менен бирге Түштүк Кореяга да шашылыш түрдө жайгаштырууда.

Американын В-2 деген ядролук куралды алып жүрүүгө күч-кудурети жете турган аскерий учагы болсо бир нече жолу Түштүк Кореянын территориясынын үстүнөн учуруп өттү, дейт Time журналы. Сыягы, сактыкка кордук жок деген принципти жогоруда аталган мамлекеттер эч бир эстен чыгарган жок окшойт.

Кийинки учурда ошол Нью-Йорк шаарында шардана болгон коррупция жаңжалдары тууралуу The New York Times гезити “акчалуу, дүнүйөсү жетээрлик деп эсептелген бизнесмен саясатчыларды бийлик башына алып келүү сөзсүз эле коррупциядан, паракорлуктан кутулуу дегенди билдирбейт окшойт”, деп жазат. Американын эң эле бай деген адамдарынын бири Майкл Блумберг мэр болуп иштеген бул шаарда дале болсо паракорчулук бар экендиги, ал коррупцияда Блумберг жеке өзү аралашпаса да, баары бир бул көйгөйдөн кутулуу кыйын болуп жаткандыгы суроо туудурбай койбойт деп айтылат жогоруда аталган The New York Times гезитиндеги макалада.

Орусияда чыккан “Ведомости” басылмасы дале болсо акча уурдаганы аз келгенсип, илимди, башка бирөөлөрдүн акылын да уурдаган чиновниктер тууралуу “Плагиатгейт” аттуу макала басты. Докторлук диссертациясы башка бирөөлөрдөн эмгегинен көчүрүлгөн деп айыпты уккан Жириновский бул айыпты бир нече жолу четке кагып, аябай актанганы жакшы белгилүү. Бирок ошол эле Орусияда чыккан Slon аттуу сайт плагиаттык далилдер бар диссертациялардын катарына Сергей Шойгу, Рамзан Кадыров, Владимир Мединский, Путин сыяктуу саясатчыларды да кошту.

Ал эми ВВС телеканалынын сайтында белгилүү журналист Савик Шустер башка бирөөгө жаздыра коюп, же диссертацияны жакшы акчага сатып алган саясатчылар совет заманында эле кеңири тарап кеткен салт экенин, бул салтты жоюу азыркы Орусияда ишке ашабы же жокпу - бул да азырынча жообу жок маселе экенин айтты. “Ведомости” басылмасынын жазганына караганда, бир докторук диссертациянын кызыл баасы - Орусияда бир жаңы "Жип" үлгүсүндөгү машина же ошого тете акча экен.
XS
SM
MD
LG