Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

Батыш гезиттери Кыргызстанда кулаган учакты сөз кылууда


Кыргыз аскерлери кыйраган учактын калдыктарын кароодо. Чүйдүн Панфилов району, 3-май, 2013.
Кыргыз аскерлери кыйраган учактын калдыктарын кароодо. Чүйдүн Панфилов району, 3-май, 2013.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (29-апрель - 5-май)

Өткөн апта Америка аскер-аба күчтөрү үчүн абдан оор апта болду: дүйшөмбү күнү Ооганстандагы Баграм базасынан учуп чыккан Боинг-747 жүк ташыгыч учагы кулап түшүп, 7 киши каза болсо, жума күнү Кыргызстандагы «Манас» аэропортунан учуп чыккан КС-135 тибиндеги аба танкери Кара-Балта шаарына жакын жерде кыйрады.

The New York Times гезити асманда баратып үчкө бөлүнүп кеткен учактын тоо бетиндеги калдыгын көрсөтүп, кыргыз маалымат агенттиги «Акипресстен» алынган фотосүрөттү басты. Ошону менен бирге гезит жергиликтүү бийликтин өкүлү Нурзада Токтогулованын сөзүнө таянып, эки учкучтун сөөгү табылганын, жергиликтүү тургун Данияр Жаныкулов болсо учактын асманда баратып үчкө бөлүнүп жарылганын көргөнүн маалымдады.

Ошол эле The New York Times учурда АКШнын аскер-аба күчтөрү бул катастрофанын чыныгы себептерин билбей жатканын, ал үчүн изилдөө иштери жүргүзүлүшү керек экенин, экипаждын кимиси тирүү, кимиси каза тапканын билбей жатканын жазды. Гезиттин жазганына караганда, бул учак негизинен Ооганстандагы аскерий учактар үчүн күйүүчү май ташыган аба танкери, тагыраак айтканда абада баратып башка учакка май куйган стратотанкер экен жана 376чы Экспедициялык бөлүктүн (376th Air Expeditionary Wing) карамагындагы учак болуп чыкты.

Ал эми Ооганстанда кулап түшкөн Боингдин тагдыры азырынча белгисиз, дейт гезит. Учак Буффало шаарында жайгашкан National Air Cargo деген компанияга тиешелүү экен, бирок Пентагондун билдиргенине караганда, учактын талкаланганына талибдердин эч бир тиешеси жок, башка бир техникалык себептер менен катастрофага учураган.

Лондондон чыккан гезиттер The Thelegraph менен Daily Мail да ушул темага кайрылды. Атап айтканда, The Thelegraph кыргыз бийлик өкүлдөрүнүн айткандарын толугу менен келтирип, кулап бараткан учактан парашют бөлүнүп чыкканын, бирок тирүү калган эч бир адам табылбаганын жазып чыкты. Чукул кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун "үч пилоттун тирүү калышы өтө татаал маселе" деген сөзүн да ушул гезит келтирди.

Деле учактар темасы өткөн аптадагы эл аралык прессада көп сөз болду. Алып айтсак, жогоруда аталган Daily Мail Индияда эң эле ири “Эйр Индия” аттуу авиакомпаниясында болуп өткөн өтө опурталдуу окуяны ортого салды. Гезиттин жазганына караганда, бортунда 166 пассажирди алып, Бангкоктон Делини карай учуп бараткан А-130 учагы асманда автопилот режимине өткөн соң учкучтар бардык ишти стюардессаларга тапшырып коюп, бизнес-класс салонуна келип уктап калышканын, учкучтардын кабинасында отурган стюрдессалар болсо жөн отурбай, приборлордун бирине тийип койгондо, аэробус автопилот режиминен чыгып кетип, уйкусунан чочуп ойгонгон учкучтар акыбалды эптеп оңдоп кетиптир, деп жазат Daily Мail.

Кийинки учурда бир топ активдешип кеткен терроризм маселеси да дүйнө басмаларында көп сөз болууда. Атап айтканда, The Economist журналы Бостон шаарындагы террористтик жардырууга тиешеси бар үч казак студенти, анын ичинде Азамат Тажаяков менен Диас Кадырбаевдин Американын федералдык түрмөсүнө камалгандыгын, ага себеп булар Жохар Царнаевдин террордук ишке тиешеси бар буюм-тайымдарын, ноутбугун таштандыга ыргытып, анын изин жашырууга аракет кылгандыгы болууда, деп жазат The Economist журналы.
Ошол эле журнал АКШ президенти Барак Обамага жана дагы бир сенаторго ичине рицин деп аталган уу затты салып, конверт жөнөткөн миссисипилик аскер инструктору кармалганы тууралуу кабарды жарыялады.

Бир катар англис гезиттери, CNN, BBCсыяктуу телеканалдар Барак Обама Сириядагы ич ара согуш маселеси боюнча чечим кабыл алууга даяр экендигин, ага себеп азыркы Сирия бийликтери кийинки учурда оппозицияга каршы химиялык куралды колдонгондугу болгонун кабарлоодо. Демек, Америка сириялык оппозицияга курал-жарак жагынан жакындан жардам берип, Башар аль-Асадды бийликтен кетирүүгө тикеден-тике жардам берүүгө даяр, деп CNN, BBC телеканалдары билдиришет.

Акырында атактуу Nature илимий журналындагы эки кызыктуу макала тууралуу да сөз кыла кетели. Биринчиси, Альберт Эйнштейн атындагы Медицина коллежинде иштеген биолог-окумуштуулар адам баласынын картаюусун жайлата турган, керек болсо өмүрдү узарта турган негизги орган адам баласынын мээсинде жайгашканын, анын аты гипоталамус деп аталаарын жазып чыкты. Бул органды башкарууга үйрөнүү, колдон келсе блокировка жасоо адамдын картаюу процессин жайлата тургандыгын окумуштуулар эксперимент түрүндө далилдеп чыгышты, дейт Nature журналы.

Экинчиси, үй тиричилигинде колдонулган химикаттар тууралуу макала. Nature журналынын жазганына караганда, 85 000 ар түрдүү химиялык заттардын кичине гана бөлүгү адам баласына зыяны тууралуу сыноодон өткөн экен, ал эми калгандары эч кандай текшерүүсүз эле үй тиричилинде колдонулуп жатыптыр.

Ушуга байланыштуу журнал төмөнкүдөй сунуштарды берет:

1) жуунганда антибактериалык суюк самындарды жана гелдерди колдонбоо;

2) короо-жайлардагы отоо чөптөрдү жок кылуу үчүн гербициддерди эч качан пайдаланбоо, анда көрө эрикпей эле кол менен жулуп салуу сыяктуу сунуштар жана кеңештер.
XS
SM
MD
LG