Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

Батыш королду эркелетпейт


Сыягы, ар тарабынан кризис каптап, мактаган экономикалар менен финансы системалары ойдогудай иштебей аткан азыркы дүйнөдө катардагы калк түгүл, башында таажысы, колунда ата-бабасынан мураска калган бийлиги бар королдорго, шейхтерге деле кыйын болуп аткан көрүнөт. Себеби The Sunday Times гезити жазгандай, Испаниянын королу Хуан Карлос элге жаман көрүнбөстүн аргасын издеп, баасы 21 миллион турган яхтасын өткөн аптада өкмөткө тапшырып берген эле.

"Король эми дагы бир 41 миллиондук Fortuna аттуу менчик кемесин да тапшырып бере тургандыгын элге жарыялады",-дейт экинчи бир англис гезити The Times. Королдун мынчалык эле чебеленип, элге-журтка жага турган иш-аракеттерге улам-улам барып атканынын бир чоң себеби бар: өткөн жылы Хуан Карлос Африкага жоон топ адамдар менен сафариге бара коюп, испан казынасынын миллиондогон евро каражатын короткону жана жапайы жырткычтарга аңчылык кылганы үчүн үстөккө-босток сынга кабылган эле.

Ал аз келгенсип бир тууган күйөө баласы 8 миллиондон ашык мамлекеттик акчаны жымырып алган деген айып менен сотто сурак берүүдө. Ушундан улам коомчулуктун королго болгон нааразылыгы абдан күчөп турган убагы. Ансыз да карызга белчесинен батып, улам күчөп бараткан жумушсуздук элдин айласын курутуп турган кезде испандар “деле бизге монархиянын кереги бар беле?” деген маселени да кырынан коюуда.

"Бирок испан королунун жагдайы ушуну менен эле оңолуп кете турган эч бир түрү жок",-дейт ошол эле The Times гезити. Себеби күйөө баласынын уурулук иштери чындыкка чыкса, король Хуан Карлостун кызы Кристинанын 6 миллион доллар турган Барселонадагы көргөндөн көз жоосун алган ак сарайы күрөөгө коюлушу толук мүмкүн экен. Анысы аз келгенсип, Хуан Карлостун эбак 60тан ашкан зайыбы канайым Софияны да журналисттер тынч койбой, эротикалык журналга сомодой болгон бир нече жигит кучактап турган сүрөтүн фотошоп ыкмасы менен чаптап таштады. Мындай шылдыңга чыдай албаган София сотко кайрылып, ар-намысым үчүн кармашам деп жаткан кези.

Бирок өткөн аптада күтүлбөгөн жерден тасманын канайымы Анжелина Жоли дүйнө басмаларынын биринчи бетине башкы каарман, болгондо да оң каарман катарында чыкты. Маселен, атактуу Time журналы жаңы чыккан номурунун биринчи бетине актрисанын чоң сүрөтүн басты, ал эми Newsweek болсо Анжелинанын сүрөтүн анын өмүрлүк жубайы, Голливуддун учурдагы эң таанымал актерлорунун бири Брэд Пит менен кошо чыгарды. Ал эми жаңы эле бет ачары болуп өткөн Канн шаарындагы кинофестивалда Анжелина Жоли журналисттердин эң эле көп көңүл бурган, артынан калбай сүрөтүн тарткан персонажы болуп калды десек туура болот го.

Мунун себеби кино менен байланыштуу эмес. Newsweek гезитинин жазганына караганда, сулуу десе сулуу, таланттуу десе таланттуу Анжелина Жоли жакында өзүнчө бир эрдик жасаганы белгилүү болду: дүйнөгө белгилүү актриса, чыныгы супермодель болгонуна карабастан, дарыгерлер рак коркунучу бар деп диагноз койгондон кийин эки эмчегине мастэктомия, башкача айтканда, профилактикалык маанидеги операция жасатып, ошого карабастан Канн фестивалына келип катышты.

“Баарынан мурун сулуулукту эмес, эне экенимди ойлодум, ден соолугумду, балдарымды, жубайымды ойлодум, ошолор үчүн гана операцияга макул болдум” деп билдирди Анжелина Жоли. Актрисанын бул сөзү жалпы эле дүйнө жүзүндөгү аялзатына айтылган чакырык болду десек болот го, анткени эмчек рагынан каза болгон аялдардын саны улам барган сайын өсүүдө. Анын негизги себеби катары тукум куучулук, булганган айлана-чөйрөнүн терс таасири сыяктуу бир катар факторлор саналат.

Дүйнө басма сөзүндө Москвада кармалган америкалык дипломат, иш жүзүндө профессионал чалгынчы Райан Фоглдун окуясы да көп сөз болду. Тhe New York Times гезити бул окуя тууралуу советтик КГБ жөнүндө китеп жазган Евгения Альбацтын мындай деген комментарийин келтирди: “менин таң калганым - ошол Фоглдун ушунчалык дөдөйлүгү жана азыркы 21-кылымдын башында тээ атам замандагы методдор менен чалгынчылык ишке барганы болду”,-дейт Евгения Альбац.

Андан ары Тhe New York Times Владимир Путиндин учурдагы саясатын сөз кылып, америкалык чалгынчынын кармалышы орус президентинин чырагына май тамызганын, Путин жакында бир да орус чиновниги чет өлкөдө акча сактабашы керек деген жардыкка кол койгонун, ал эми ар кандай эл аралык фонддордун күчү менен иштеген жарандык уюмдарды ачык эле “чет өлкөлүк агенттер” деп атап, сот жообуна тартып жатканын жазды.

The Christian Science Monitor гезити көлөмдүү макаласын Сириядагы жарандык согушка арнады. 70 миңден ашуун адам каза болуп, 1.5 жарым миллион сириялыкты үй-жайсыз качкын кылган бул согушту токтотууга дүйнө коомчулугу дале болсо шаасы жетпей атат.

Ушул тапта Башар Асадга жан тарткан Орусия онго жакын аскер кемесин Сирияга жөнөттү, ал эми Башар Асаддын бийликтен кетишин каалаган америкалыктар оппозицияга ар тарабынан көмөк көрсөтүп келатканы башынан белгилүү. Ушул тапта Асадга каршы жана ага жан тарткан тышкы күчтөр Сириянын жээктеринде абдан эле көбөйүп кетти.

“Ич ара согуштун учурунда америкалыктар орус кемелери менен кагылышып кетүү коркунучу барбы?”-деген суроого бир америкалык аскер командири “ал кемелерди америкалыктар эч качан тоскоол катары санабайт” деп билдирди.
XS
SM
MD
LG