Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Кытай төбөлү той үчүн соттолууда


Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (7-13-октябрь)

16 жаштагы пакистандык кыз дүйнөлүк медианы дагы бир ирет дүңгүрөттү. Былтыр талибдерден башына ок жеп, Британияда дарыланган Малала Юсуфзай Буккингем сарайында ханышага жолугуп, Обама менен Ак үйдө чай ичип, ал тургай Нобель сыйлыгына талапкерлердин алдыңкы сабында турду деп жазат New York Times. Бирок Таймстын кабарчылары Юсуфзайдын кичи мекени Суатка барышканда, жердештери дүйнөлүк коомчулук чыканактай бул кызды ашыкча көкөлөтүп жиберди деп айтышыптыр.

Европадагы каржы кризиси эми башка нукка бурулду деп жазат Deutsche Welle. 120 миллион европалык жакырчылыкка малынган. Беш жылдан бери 3 жарым миллион европалыкка тамак-аш жетишпей кайрымдуулук уюмдардан жардам сураган. Буга кошумча, эл арасында өз өмүрлөрүн кыйгандар да арбыды. Сербия, Греция сыяктуу майда өлкөлөрдө эле эмес Германия, Франция жана Британиядай кубаттуу мамлекеттерде да ачка калган, жакыр коомчулук көбөйүүдө. Маселен Германияда жумушсуздар башкаларга салыштырмалуу аз болгону менен эмгек акы кыскарууда дейт Deutsche Welle.

Төшү ачык көйнөк кийип эфирге чыкканы үчүн түрк алып баруучусу Гөзде Кансу иштен айдалды. Бийликте турган АК партиясынын катчысы Хусейин Челик анын өтө эле ачык кийингенин сындаган. Мына ушул пикирден кийин эле Гөзде Кансу иштеген телекомпания аны менен болгон келишимин токтотту деп жазат Түркиянын Hürriyet басылмасы.

Уулун үйлөнтүп 260 миң доллардык той берген Кытайдын айылдык расмийи соттолууда деп жазат China Daily. Бээжиндин чок ортосундагы тойканада 250 үстөлдү жайната куда-сөөгү менен чер жазышкан Ма Линксянг эми Коммунисттик партиянын алдында ашкере чыгым кылганы үчүн жоопко тартылып отурат. Бирок келиндүү болгон Ма тойго кеткен чыгымды кудасы менен тең көтөргөнун айтып актанды. Кыздын атасы Жиянгсу аймагынын эң бай ишкери экен. Кытайдын жаңы президенти Си Цзинпин болсо өлкөдөгү бардык расмийлерге той-пойго ашыкча чыгым коротууга тыюу салган дейт China Daily.

The Economist журналы аптадагы окуяларды мындайча тизмектеди: Аргентина президенти Кристина Фернандес мээсиндеги шишикти алдырып операция болду. Бразилия Канада шпиондору өлкөнүн мунай запастарын чалгындады деген маалыматтан улам Канададан расмий билдирүүнү талап кылууда. Италияда бул өлкөгө мыйзамсыз жолдор аркылуу келатып, деңизде чөгүп өлгөн жүздөгөн Африка мигранттары үчүн аза күтүлүп жатат. Грециянын мурдагы коргоо министри коррупциялык иштер үчүн Акис Тсотчатсополуз жыйырма жылга кесилди.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG