Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Британияны "шерменде кылган" карылар


Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (14-20-октябрь)

Узаган апта ичинде жарык көргөн Independent, Daily Telegraph, Daily Mirror баштаган аттуу баштуу англис басылмалардын алгачкы беттерин жалгыз калган жүз миңдеген англис карыялары тууралуу макалалар ээледи. Карылар жанында эч ким жок жашап жатканын өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Жереми Хант “улуттун шерменде болуусу” деп баалады. Акыркы жылдары миңдеген англис карыясы кароосуз калып жалгыз кайтыш болгон. Жереми Хант улгайгандарды карылар үйүнө тапшырып салып эле, жоопкерчиликтен кол жуубай, аларга сый-урмат кылганды Чыгыш маданиятынан үйрөнүү керектигин жар салды. Британияда жалгыз жашап жаткан карыялардын саны азыр 800 миңге жеткен.

Грек полициясы көчмөн цыгандардын лагеринен табылган төрт жаштагы сары чачтуу кыздын ата-энесине эл аралык издөө салды. Мария аттуу бул кыз Грециянын борборунан анча алыс эмес Фарсала аймагынан табылып, ооруканага алынган. Бир нече күн бою дүйнөдө жоголгон балдардын тизмесин текшерип, суроо салганы менен грек полициясы анын ким экенин тактай албай убара. Төрт жаштагы кыз румын жана грекчеден башка тилде сүйлөбөйт. Келип чыккан тегин эми антропологдор да изилдемей болду. БУУнун былтыркы жылдагы отчетунда бардык уурдап-сатылган кишилердин 27 пайызы балдар деп жазат Independent.

Быйыл Клинтонду сыйлоо жылы беле... Washington Post гезитине чыккан ушундай аталыштагы кабарда Хиллари Клинтон быйыл сыйлык артынан сыйлык алып жатканы белгиленет. Ал шейшемби күнү Сэр Элтон Жондун СПИД менен күрөшүү фондунан сыйланды. Жалпысы болуп Хиллари айым тогуз айдан бери 15 наам жана сыйлык алган. Муну Washington Postттун кабарчысы Филип Ракер 2016-жылдагы шайлоого даярдык кампаниясы катары баалады.

Сириядагы атуулдук согушта снайперлер атайылап кош бойлууларды өлтүрүп жатканын Британ доктуру Дэвид Нотт The Times гезитине билдирди. Беш апта бою Сирияда жаралангандарга жардам көрсөтүүгө өз эрки менен барган Нотт снайперлер күн сайын адамдарды ар кайсы жерине атып оюн ойношууда дейт. Жарадарлардын арасында курсагына ок жеген кош бойлуулар да көп. Аларды бутага алып, ата алганы үчүн согушчандарга бир куту тамеки сыйлыкка берилет дейт Нотт The Times гезитине.

Мехико газдалган суусундуктарга салык салууну пландоодо. Мексикадагы ашыкча салмакты ооздуктоо үчүн бир шише газдалган суусундукка мамлекет 1 пьессо салык салат. Бул 8 АКШ центине барабар. Мехиконун ар бир тургуну орто эсеп менен жылына 163 литр газдуу суусундук ичет. Айрыкча балдар газдуу сууну көп ичкендиктен семирип кетишүүдө. Мехиконун балдары дүйнөнүн эң семизи экенин Бириккен улуттар уюму да ырастады. Шаардын 45 пайыз тургуну ашыкча салмактуу. Ал эми шишедеги таза суу газдалгандан алда кынча кымбат деп жазат Financial Times басылмасы.

Нью-Йорктогу Рочестер Университетинин окумуштуулары атайын изилдөө жүргүзүшүп, түнкү уйкунун адам организмине абдан чоң пайдасы бар экенин аныкташты. The Science журналына чыккан кабарда адамдын мээси уктаганда уулуу заттардан арылары айтылат. Уйку мээнин клеткалык түзүлүшүн жакшыртып, күн бою топтолгон токсиндерди чыгарат.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG