Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Орусияны кеңейтүү стратегиясы


Орусия президенти Владимир Путин (ортодо) жана коргоо министри Сергей Шойгу (солдо) Крымдын Севастополь портундагы аба күчтөрүнүн парадында. 9-май, 2014.
Орусия президенти Владимир Путин (ортодо) жана коргоо министри Сергей Шойгу (солдо) Крымдын Севастополь портундагы аба күчтөрүнүн парадында. 9-май, 2014.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (5-11-май)

Орусия Европаны талкалагысы келеби?


Окумуштуу, географ Лоран Шалар Le Figaro гезитине «Орус державасынын стратегиясы: Орусияны кеӊейтүү жана Европаны талкалоо» аттуу макала жарыялады. "Украин кризисин Европа чөлкөмүндөгү жаӊы геосаясий доордун башталышы десе болот. Батыш демократиясынын Чыгыштагы арааны бүтүп баратат. Автократтык тенденциялуу империалисттик күчтөр баш көтөргөнү калды. Владимир Путиндин Орусиясы СССРдин кулашы менен чыгып калган Европа саясий оюнуна кайра кирүү аракетинде. Кара деӊизди жана өзөктүү газ булактарын ээлеп эле чектелбей, Орусия өз калкынын санын да арттырууда. Украинын чыгышындагы 21,5 миллионду, Белоруссиядагы 9,5 миллион этникалык орусту кошуп, башка Европа өлкөлөрүндө көчүп жүргөндөрдү эсептесе Орусиянын калкы 200 миллионго жеткени турат. Мындай сан менен Европадагы көп өлкөлөрдү алдына чыгарбайт. Экинчиден, Европа өлкөлөрүн экономикалык кысымга алуу менен майдалап, анан оӊой башкаруу стратегиясын да Орусия жакшы ойлонгон", - деп жазат Лоран Шалар Le Figaro гезитине.



Кытайдын Жаӊы Жибек жолу

Кытайдын Xinhua агенттиги «Жаӊы Жибек жолу – жаӊы кыялдар» деген аталыштагы жалпы узундугу 13 миӊ чакырымды түзчү темир жол долбоорунун сүрөттөрүн жарыялады. Сүрөткө кошумча Жибек жолунун тарыхый, маданий, экономикалык мааниси менен коӊшуларга карата достук мамилесин да жазышты. Кытай бийлиги бул жол дүйнөнүн жаӊы экономикалык куруна айланат деген ишенимде. Xinhua жарыялаган картага ылайык, жол Кытайдын Бээжининен башталып, Гансу провинциясы аркылуу Үрүмчү, Кашкар менен Казакстанга барат. Борбор Азияны аралап өткөн темир жол каттамы Ирак, Сирия менен Түркияга да жетет. Стамбулдан Босфор кысыгын деӊиз менен өтүп, Жаӊы Жибек жолу Европага, анын ичинде Болгария, Румыния, Чехия жана Германияга жетет. Германиянын Дайсбургунан түндүккө карай, же Нидерландиядагы Роттердамга барат, Роттердамдан Венага анан Италияга жетип, деӊиздин Жибек жолу менен биригет. Деӊиз Жибек жолу болсо Кытайдын Фуянь жана Гуанчжоу провинцияларынан башталып, Куала-Лумпурга, Индиянын Калькуттасына, Кеняга жетип, Жер Ортолук Деӊизи аркылуу Афинага барат.

Макалада бул долбоордон жеке эле Кытай эле эмес, Жибек жолу өткөн бардык өлкөлөр өнүгүү энчисин алары жазылган. Кытайдын кыялы ачык дүйнөлүк экономика менен эл аралык мыкты байланышты күн сайын арттыруу дейт басылма.


Парижди Кытай полициясы кайтарат

Кытай темасын улай, Washington Post гезитинин ишемби күнкү чыгарылышында Париж көчөлөрүндө Кытай туристтери менен дүкөндөрү көбөйүп кеткендиктен кытайлык полицейлер эми Франция борборун кайтарары тууралуу макала чыкты. Бир кылымдай убакыт мурда эле Европа өлкөлөрү Бээжинге үстөмдүк кылып, европалык полиция кытай көчөлөрүн тескечү.

Азыр абал таптакыр башка. Француз Ички иштер министрлиги менен Кытай полициясы Парижде жайкысын толуп ташкан кытайлык туристтердин коопсуздугу үчүн чогуу иштешүүнү макулдашышты. 2012-жылы Парижди 1,4 миллион кытайлык кыдырган, 2020-жылга чейин бул сан 4 миллионго жетээри күтүлүүдө. Аталган гезитте кытайлык туристтер саякат үчүн 2012-жылы 102 миллиард доллар сарптаганы да жазылат.

Назарбаев Москвага барбай койду

8-май күнү кечинде Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейрасмий саммити болмок. Бирок казак лидери Нурсултан Назарбаев бул жыйынга барбай койгондуктан, аталган жолугушуу тек гана Орусия президентинин жолугушуусу деп аталып калды. Ага Армения, Белорусия, Кыргызстан, Тажикстандын лидерлери барды.

Назарбаев саммитке эмнеге барбай койду деген суроону Коммерсантъ гезити чечмелегенге аракет кылган. Назарбаевдин администрациясы анын бул жоругун ачыктоодон баш тартып, бирок эртеси Астанага АКШ Мамлекеттик катчысынын орун басары Уильям Бернс иш сапар менен келип, Назарбаевге жолукканын жарыялады. Бернстин иш сапары эки тараптык мамилелерди өнүктүрүү деп расмий айтылганы менен казак коомчулугунда америкалыктар биздин президенттен Украина боюнча Путинге кысым көрсөтүүнү суранды дешүүдө.

Казакстандын Стратегиялык изилдөө институтунун ага илимий кызматкери Даурен Абен орус-казак ымаласындагы бул абалды драмалаштырып жибербеш керек дейт. Ал тек гана Назарбаев бир апта мурда эле Москвада болгонун, эми Шанхайда 21-22-майда болчу саммитте Путин менен жолугарын айтты. Ошондой эле ал Вашингтон Кремль менен байланышка чыгыш үчүн Астанадан кошумча булактарды издеп жатышы да ыктымал деди.

Лондон кайра Олимп оюндарынын ээси болобу?

Узаган аптада чыккан дээрлик бардык Британ басылмаларында Рио-до Жанейро 2016-жылкы жайкы Олимп оюндарына даярдыгы жетишсиз болгондуктан, Эл аралык Олимпиада комитетинин жетекчилиги Лондондогу спорттук курулуштарды келаткан оюндарда колдонуу боюнча жашыруун өтүнүч жасады деген кабар таркап кетти.

Evening Standard гезити жогоруда айтылган уюмдун вице-президенти Жон Коатес Бразилиядагы даярдыкка дүйнөдөгү эӊ начар иш-чара катары баа берди деп жазат. Оюндарга 2 жыл калганда Афинанын даярдыгы 40 процент, Лондондуку 60 процент эле. Ал эми Бразилияныкы 10 гана процент болууда. "Абалдан чыгыш үчүн кошумча планыбыз барбы? Балким олимпиаданы кайра эле Лондондо өткөрөрбүз. Албетте бул акылга сыйбайт, бирок айла жок", - деди Жон Коатес.


Жыгач кайык менен Англиядан бакыт издеген ооган жигити

Франциядагы Калайс портунда жайгашкан ооган качкындарынын лагеринен бир ооган жигит үч бурчтук кылып өзү баткыдай жыгач кайык жасап, ага шейшептен парус тагып, Англис кысыгын сүзүп өтүү менен британдыктарды таӊ калтырды дейт The Independent гезити. Жакшы жашоону көздөп ушундай тобокелчиликке барган 23 жаштагы ооган жигитинин ден соолугу оор абалда турганда кысыктан Британ деӊизчилери таап куткарышкан.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG