Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Түркия: "Аялдар күлбөсүн..."


Түркияда азыр “аялдар күлбөсүн” же “diren kahkaha” деген сөз модага айланды
Түркияда азыр “аялдар күлбөсүн” же “diren kahkaha” деген сөз модага айланды

Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө сереп (28-июль -- 3-август).

Түркия вице-премьер-министри аялдарды каткырып күлбөсүн деп, БУУнун басма сөз катчысы түз эфирде буркурап ыйлап, дүйнө басма сөзүндө кызуу талкууга алынды. Түндүк Кореяда шиш така кийүү модага айланды. Лондондун чөбүн эми уйлар отомокчу.

Каткыра күлүү моралдык коррупциябы?

Түркиянын вице премьер-министри Бүлент Арынч Бурса шаарындагы Орозо айт майрамы учурунда аялдар эл чогулган жерде каткырып күлгөнүн адепсиздик жана “моралдык коррупция” деп атап, дүйнө басма сөзү менен социалдык тармактарда катуу сынга кабылды. Түркия аялдары Арынч бул сөздү айтары менен эле жооп иретинде Твиттерге күлүп түшкөн миӊдеген сүрөттөрүн жүктөштү.

Американын Time басылмасы атактуу “Гарри Поттер” тасмасынын актрисасы Эмма Уатсон да Бүлент Арынчтын "аялдарды күлбөгүлө" деген сөзүнө каршы чыкканын жарыялады. Британиянын The Guardian гезити Түркияда азыр “аялдар күлбөсүн” же “diren kahkaha” деген сөз модага айланганын кабарлайт.

Арынч - бийликте турган АК Партиянын мүчөсү жана башбакан Режеп Тайып Эрдогандын жакын кеӊешчиси. Жардамчысынын мындай кылыгын Эрдоган да сындап, Твиттерге: “Биздин өлкө баарынан мурда аялдардын жылмайып, жыргап каткырганына муктаж”, - деп жазганын билдирет The Telegraph гезити.

2009-жылдагы сурамжылоолор боюнча, Түркияда аялдардын 40 проценти үй-бүлөлүк зомбулукка учурары маалым болгон. Ушул жылы эле 120 аял күйөөсүнүн колунан ажал тапкан деп кабарлайт The Guardian.

Түз эфирде буркураган БУУнун басма сөз катчысы

Эл аралык бардык басылмалар веб-сайттарына Al-Jazeera телеканалына түз эфирден интервью берип жатып, буркурап ыйлаган Бириккен улуттар уюмунун басма сөз катчысы Крис Ганнесстин видеосун жарыялашты. Газа тилкесиндеги Израилдин бомбалык чабуулдары боюнча суроолорго жооп берип жатып Крис Ганнесс: “Палестиналыктардын, ал тургай алардын балдарынын укугу эч корголбой жатат жана бул аябай жаман”, - дегенден кийин 1-2 мүнөт буркурап ыйлады деп жазып, видеосун кошо жүктөгөн Израилдин Haaretz басылмасы.

Кийинчерээк Ганнесс Твиттерге Газа тилкесинде мектепте баш калкалап отурган балдарга бомба чабуулу болуп, бир нече киши өлгөнүн өз көзү менен көргөндүктөн эмоциясын кармай албай ыйлаганын түшүндүргөн кыска сүйлөм жазды.

Түндүк Кореяда шиш така модага айланды

The Diplomat аналитикалык журналы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жубайы Ри Сол-Юу такасы бийик бут кийим кийип чыгып, өлкөдө жаӊы мода барагын ачканын жазды. Өлкөдө шиш такалуу бут кийим чыгарган жалгыз фабриканын башкаруучусу Ри Ми Октун айтымында, бул өлкөдө адатта аялдар 5 сантиметрден бийик така кийишпейт. Ал эми акыркы мезгилде эркектер да таманы калыӊ платформалуу бут кийимди көп сатып алууда.

Түндүк Кореянын The Daily NK гезити бийик такалуу бут кийим Ким Чен Ындын жубайы кийип чыккандан кийин аялдардын сүймөнчүгүнө айланганын жазды. Ал эми өлкөдөгү “Поттонганг” аттуу жалгыз шиш така фабрикасы 1960-жылдан бери иштеп, 950 жумушчусу, 8 дизайнери бар. Такалуу бут кийимдин 50 моделин чыгарат. Түндүк Кореяда аялдардын кийими жана чач жасалгасы мамлекеттин катуу көзөмөлүнө алынган. Бирок акыркы жылдары бул көзөмөл чылбыры бошоп баратканын кабарлайт The Diplomat журналы.

Лондондун парктарын уйлар отойт

Evening Standard гезити Лондондогу Бедфордс паркын мындан ары электр отогучтар эмес, уйлар отой турганын жазды. Аталган паркты тескеген Хэйверинг аймактык башкармалыгы бюджеттен жылына 300 миӊ фунт стэрлингди үнөмдөп калыш үчүн мындан ары көк майсаӊды чөп кесүүчү тракторлор эмес, уйларды жайып ийип ототмокчу.

Экология эксперттери башкармалыктын бул демилгесин колдоп, уйлар адатта жоош болуп, адамдарга зыяны тийбестигин айтышты, деп жазат Evening Standard.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG