Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:46

Путин Сириянын “жаңы шейхине” айландыбы?


Орусиянын президенти Владимир Путин
Орусиянын президенти Владимир Путин

Эл аралык басма сөзгө баяндама (19-25-октябрь)

Орусиянын президенти Владимир Путин Сирияда жүргүзгөн аскерий жана саясий кадамдары менен дүйнө геосаясатында так жана динамикалуу роль ойнорун көрсөттү. Ушундан улам ал Сириянын “жаңы шейхине” айланганы турат деген көз карашын “Ведомости” гезитинин редактору Максим Трудолюбов International New York Times гезитинин акыркы санына жарыялады.

“Орусиянын Сирияга жасаган соккуларына кызыгып, анын өлкө келечеги үчүн натыйжасы кандай болот деп сурагысы келген орусиялык атуулдар өтө аз. Сурайын десе деле жооп ала албайт. Путин дүйнөлүк аренаны колдонуп, өзүнүн ички саясий көз карашын алдыга жылдыргысы келип жатат. Ал Сириядагы “Ан-Нусра”, “Ислам мамлекети” сыяктуу террордук топторду Amnesty Inernational, Greenpeace уюмдарындай эле таназарына албайт. Башар Асадды колдонуп, президентибиз Сирияда “жаңы шейх” болмокчу. Путин Жакынкы Чыгышта Орусиянын бир облусундагыдай эле каалаганын жасап жатат” деп жазат Трудолюбов.

Ал эми Newsweek журналы Кремль Сириядагы аскерий операциялары менен Асадды сактап калганы менен Орусияны сактап калары белгисиз деген макаланы чыгарды.

“Кокус Москва Жакынкы Чыгыштагы аскерий операцияларын дагы илгерилеткиси келип, көбүрөөк аскер күчүн ал жакка жиберсе, анда Орусиянын өзү үчүн кооптуу кырдаал түзүлүшү мүмкүн”, - деген пикирин бул басылмага Кремлдеги мурдагы кеңешчилердин бири Глеб Павловский билдирген.

"Чөгөлөгөн экономикалык кырдаалга карабай Путиндин кадыр-баркы өз өлкөсүндө өтө эле жогору. Анын чечимдеринин көбү Москва геосаясий аренадагы ири оюнчу экенин далилдөөдө. Бирок орус коомчулугунда Сириядагы Асад режимине каршы баш көтөргөндөр менен согушуу дымагы жетиштүү эмес. Андыктан Путин чабуулдарын көпкө чейин созо албай калышы мүмкүн", - деп баамдаган аналитик Билл Поуелл.

Немис ксенофобиясы күчөдү

Европадагы Жакынкы Чыгыштан барган качкындардын айынан келип чыккан көйгөй ашынган оңчулдардын санын арбытты деп жазат The Guardian. Германиянын коопсуздук боюнча эксперттери өлкөдө акыркы мезгилде ксенофобиялык кол салуулар болгонун кабарлап, бийликти тийиштүү чараларды көрүүгө чакырды.

Жакында эле Кельн шаарынын мэрлигине талапкерлигин көрсөткөн Генриетта Рикерге 44 жаштагы ашынган оңчул бычак менен кол салып, өлкөнү чет элдиктерден коргоо керек деген чакырык жасаган. Анткени Рикер качкындар лагерине жардам берип, аларды жайгаштырууда активдүү иштеген. Азыр ал ооруканада дарыланууда.

Ушул жылдын алгачкы үч айында эле Германияда ксенофобиялык көз караш менен 461 кылмыш иши катталган.

Ай Вей Вей Камеронду сындады

Кытайдын атактуу сүрөтчүсү, адам укугун коргоочу Ай Вей Вей Британиянын премьер-министри Дэвид Камеронду улуттун баалуулуктарын Кытайдын акчасына сатты деп кескин сынга алды. Бул тууралуу The Independent гезити жазат. Си Цзинпиндин Лондон иш сапары сый-урмат менен өттү. Бул сүрөткерге жакпай, Англия менен Кытай менен мындан ары да жакындаша берсе Англиянын “келечеги кең” болбой калат деп эскертти.

Дэвид Камерон Британиянын адам укугу жаатындагы кубаттуу лидерлигин кыска мөөнөттүү, акчалуу келишимге алмаштырды”, - деген көз карашын Ай Вей Вей Sky News каналына да билдирди.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG