Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Сириялык кыз миллиондорду ыйлатты


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (10-17-январь)

Daily Mail, Independent, The Mirror басылмалары дүйнөнү ыйлаткан сириялык тогуз жаштагы ырчы кыз тууралуу жазып чыгышты.

Бул макала узаган аптадагы басма сөздө эң көп окулган тема болду. "Жакынкы Чыгыш телеканалынын араб тилдүүлөр үчүн уюштурулган The Voice аттуу таланттуулардын жарышына барган кыз “Балалык, тынчтыкты кайрып бергилечи” деп ырдап, миллиондогон адамдардын көз жашын көлдөттү" деп жазат Independent гезити.

Гина Бо Хамдан аттуу бул кичине кыз ырдап баштары менен эле калыстар тобунун мүчөсү Нэнси Ажрам дароо бурулуп, мукактанган кызга кошулду. Калыстардын калган экөө да кызга колдоо көрсөтүп жатты. Көрүп отургандарды жашыткан ырды алгач ливандык ырчы Реми Бандали секелек чагында үч тилде ырдап чыккан. Ырда 1975-1990-жылдары Ливанда болгон жарандык согуштан жабыркаган балдардын тагдыры сүрөттөлөт.

Сирияда согуш тутангандан бери 250 миңден ашуун адам каза тапкан, анын 12 миң 517си балдар.

ИМ Түркиянын талылуу жерлерине чабуул коюуда

Foreign Policy журналы “Ислам мамлекети” тобу Түркиянын талылуу жерлерине чабуул коюп, туризми менен экономикасын солгундатууга аракет кылып жатканын талдады.

"Стамбулдун туристтер көп барган жеринде 12-январда болгон жарылуудан он киши өлүп, алардын басымдуусу германиялык туристтер болгону расмий Анкарага урулган сокку болду. Бахчешехир университетинин эксперти Гүлнур Алберт “Ислам мамлекети” тобунун террордук аракеттери Ирак менен Сирияда эле эмес, дүйнө жүзүндө өтө агрессивдүү боло баштаганын белгилейт. Түркиядагы террордук чабуулдар жылына 30 миллиард доллардык киреше берген туризмди алсыратууда. Бул өлкөгө Германиядан эле бир жылда барган туристтердин саны 4 миллионго чыккан. Террорду ооздуктабаса, ансыз да табынан кайтып бараткан түрк экономикасы ого бетер ташыркай турган болду",- дейт Foreign Policy.

Тажик мигранттары салган акча азайды

Economist журналы Борбор Азияга Орусиядагы мигранттар салган акча азайганын жазган. "2014-жылы 580 миллиард доллар бул жемкорлук күчөгөн, экономикасы чабал аймакка жиберилген болчу. Борбор Азия менен Кавказга жөнөтүлгөн бул каражат мамлекеттеги ашынган жемкорлуктун кайырмагына илинбей дарегине түз жетип турган. 2014-жылкы эсеп менен Тажикстанга Орусиядан мигранттар салган акча ички жалпы дүң өнүмдүн 42 пайызын түзгөн. Дүйнөдөгү бир да өлкөнүн чет жерде жүргөн атуулдары мекенине тажиктердей көп акча жөнөтпөйт. Кыргызстанда да бул көрсөткүч өтө жогору эле. Бирок 2015-жылы ал акча 35 пайызга азайды. Ушундан улам Борбор Азия өлкөлөрү да кыйын кезеңди баштан кечирүүдө. Маселен, Тажикстанда калктын 40 пайызы тамак-ашты жетиштүү алалбай жатат. Дүйнөлүк Банктын маалымдашынча, Борбор Азиянын жашоочуларынын отун-суу менен өзүн камсыздоосу 10 пайызга төмөндөдү",- деп жазат Economist

Чет жерден билим алгандардын Кытайга пайдасы тиеби?

China Daily басылмасы Кытайдын атуулдары чет өлкөдө билим алгандан кийин мекени үчүн кандай салым кошорун иликтеген.

"Ушу тапта АКШда 274 миңге чукул кытай жаштары билим алууда. Миңдеген ата-энелер баласын чет өлкөгө жиберүү үчүн өмүр бою акча чогултат. Ушунун баары Кытайга жана ошол студент үчүн пайдалуубу? Мына ушул суроого жаштар өздөрү жооп жазган.

"Чет элде окуган кытай студенттердин көбү англис тилин үйрөнүүгө басым жасаганы менен АКШда же батышта өз мекендештерине кошулуп алып, убакытты жана каражатты текке кетирерин моюнга алган. Кытай коомчулугунда азыр ири суммадагы каражат коротуп, баласын чет жакка чыгаруу модасы бара-бара калат деген пикирлер да жок эмес", - деп жазды China Daily.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG