Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Дүйнөнү өзгөрткөн беш качкын


Google компаниясынын негиздөөчүсү, Советтер Союзунан качкан үй-бүлөнүн кулуну Сергей Брин.
Google компаниясынын негиздөөчүсү, Советтер Союзунан качкан үй-бүлөнүн кулуну Сергей Брин.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (24-31-январь).

Ишемби күнү Стокгольмдогу башкы темир жол бекетинде жүздөгөн бет капчан адамдар качкындарды бутага алып, бала, аял дебей, көчөдөн кимисин кезиктирбесин сабап салышты деп жазат Швециянын Aftonbladet гезити. Алар эч кимге баш ийбей, көчөдөн кармап алышкан мигранттардын балдарын да айоосуз ур-тепкиге алышкан.

Ал арада World Economic Forum журналы дүйнөнү өзгөрткөн беш атактуу качкын тууралуу жазды. Алардын баш сабында Германияда туулуп чоңоюп, нацисттик Германиядан АКШга барып баш калка издөөгө аргасыз болгон илимпоз Альберт Эйнштейн турат. Андан кийин Google компаниясынын негиздөөчүсү, Советтер Союзунан АКШга жер оодарган үй-бүлөнүн кулуну Сергей Брин, 1948-жылы Чехославакиядан Кошмо штаттарга барган жубайлардын кызы Мадлен Олбрайт, 1938-жылы Европадан АКШга качкан Генри Киссинжер менен Зигмунд Фрейдди аталган журнал эң белгилүү качкындардын катарына кошту.

Кыргызстан Түркия үчүн ЕАЭБге дарбаза болобу?

Узаган аптада Жапонияда чыккан The Diplomat журналындагы эң көп окулуп, талкууланган макалалардын бири “Кыргызстан Түркия үчүн Евразия экономикалык биримдигине өтмөк болуп бере алабы?” деген аталыштагы Кэтрин Путздун баяндамасы болду.

“2015-жылдын акыркы айларында Орусия менен Түркия бири-биринен жүз буруп, ымаласы бузулду. Мындай кырдаал экономикалык, инвестициялык ишмердикти да төмөндөттү. Орусияда иштей албай калган түрк компаниялары эми Евразия экономикалык биримдиги делген чоң базардан куру жалак калуудан кооптонушууда.

Бирок Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен казак лидери Нурсултан Назарбаев Түркиянын орус учагын атып түшүрүүсүн “ката” деп баалашса да, негедир түрктөрдүн алыстаганы байкалбай, оңтойу келгенде аларга жакындашууда. Буга өткөн аптада Анкарада өткөн кыргыз-түрк ишкерлер форумун мисал кылса болот. Анда Орусиядан орун таппай калган жана Өзбекстан батырбаган бардык түркиялык өндүрүшчүлөрдү Кыргызстандын вице премьер-министри Олег Панкратов өз өлкөсүнө чакырып, кыргыз жери Түркия үчүн Евразия экономикалык биримдигине “дюти фри” болуп берет деген убадасын берди”, - деп жазат Кэтрин Путз.

Орус-түрк "ызгаары" газды өчүрө албады

Женевада жашап, эл аралык мамилелер жаатында алектенип келе жаткан кыргыз журналисти Чолпон Орозобекова Turkish Weekly аналитикалык журналына жазган макаласында орус-түрк катнашында экономика, дипломатия, соода, туризм ымаласы толук кыскарганы менен, энергетиканы эч бир шамал өчүрө албай жатканына сереп салган. “Оксфорддун энергетикалык институтунун изилдөөсүндө Түркия керектеген энергиясынын эки процентин гана өзү өндүрүп, калганын Орусия, Азербайжан жана Иран сыяктуу өлкөлөрдөн алат. Газдын 55 проценти Орусиядан барат. Ошол эле мезгилде Түркия Орусия үчүн Европага газ жеткирүүчү транзиттик өлкө. Владимир Путин Анкараны опузалап, бардык байланыш жолдорун бууп-түйүп салса да газдын жолун тосо албады. Эмнеге? Себеби Орусия колундагы бул эң акыркы куралын да колдонуп ийсе, анда дүйнөдөгү газ сатып алып жаткан кардарларын “таарынтып” эле тим болбостон, алардын каарына да калуусу турган иш”, - деп баалаган Орозобекова өз макаласында.

Казакстан “Боратка” жооп кайтарды

Newsweek журналы Казакстанды келекелеген “Борат” тасмасына бул өлкө бир нече жылдан бери жооп кайтарбай келгенин, быйыл гана 10 сериядан турган “Казак хандыгы” деген тарыхый кино тартканын кабарлады.

Аталган сериалга көптөгөн согуштук эпизоддор кошулуп, арстан, кылыч менен ар кандай трюктар аткарылган. Жаңы тасманы казактар Голливуддун атактуу Game of Thrones же “Хандыктардын кагылышы” тасмасына окшоштурууга аракет кылышканы айтылууда.

Сюжетте Жаныбек менен Керей хандын казак элин өзбек башкаруучулардан куткарып, көз карандысыз мамлекет курганы баяндалат.

2014-жылы Орусиянын президенти Владимир Путиндин Казакстанда мурда мамлекеттүүлүк болгон эмес деп айтканы казактардын намысына тийип койгон. Анын үстүнө бир канча жыл мурда тартылган “Боратка” да татыктуу жооп бериле элек болчу. Ошол эле кезде Newsweek ​айрым сынчылар сериалдын сюжети чындыкка коошпойт деп азыртан эле айтып жатышканын кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG