Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:32

The Independent: Куран согушка үндөбөйт


Мечитте Куран окуп отурган адам.
Мечитте Куран окуп отурган адам.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (28-март - 3-апрель).

«Ислам тынчтыкты сүйгөн дин экенине алыс барбай эле Курандан далил тапса болот», - деген көз карашын Пуйен Фейкрейер аттуу баяндамачы The Independent басылмасына жазган. Анын бул макаласы гезиттеги эң көп окулуп жана талкууланган темага айланды. «Ислам мамлекети», «Аль-Каида», талиптер, вахабилер сыяктуу көптөгөн диний-экстремисттик уюмдар Париж, Лондон, Нью-Йорк сыяктуу шаарлардагы жардырууларды Куран жактайт жана актайт дешет. Бирок бул туура эмес. Ислам коркунучтуу диндердин катарына кирбейт. Куран зомбулукка үгүттөбөйт жана жактабайт. Маселен, мусулман адам өзү демилге көтөрүп, кандайдыр бир козголоңду же согушту баштаганга ыйык китеп жол бербейт. Алла тарабынан качан гана кол салганда жооп кайтар деген уруксат бар.

Бирок азыр өздөрүн жихадчыларбыз дегендер бул тартипти аткарбай келишет. Куран боюнча ал тургай согуш жүрүп жатканда да душман тынчтыкты сунуш кылса, мусулман киши кабыл алуусу зарыл. Куранда «Жараткан үчүн согуш, бирок аша чаап кетпе. Алла аша чапкандарды жактырбайт», - деп жазылган. Мусулман киши согуштан туткундап алган адамдарды согуш бүтөрү менен бошотууга тийиш. Эң негизгиси мусулман адам башка диндеги кишини зордоп исламга өткөрүүгө болбойт», - деп жазат Пуйен Фейкрейер өз блог-макаласында.

"Путинден демократтарга чоң сабак"

Францияда чыккан Le Figaro гезитинин саясий баяндамачысы Иван Риуфоль Пальмираны «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунан бошотуу операциясында орус лидери Владимир Путин жасаган чечкиндүү кадам батыштын демократ лидерлерине чоң сабак болушу керек деген көз карашын жазат. «Бул байыркы шаарды бошотууда орус аскерлери Башар Ассаддын армиясы менен бирге чоң жеңишке жетишти. Шаарды куткарууга АКШ же Франция өнөктөштөрү катыша алган жок. Мындан алардын алсыздыгын гана байкаса болот. Путиндин стратегиясынын террорчулардын зомбулукту пир туткан идеологиясын күч менен гана басууга болот деген жөнөкөй гана сабак ала алабыз. Франсуа Олланд «Ислам мамлекети» тобун жок кылуу тууралуу кеп баштаса эле үнү ишенимсиз чыкканын байкаса болот. Террор курмандыктарын шам коюп эскерип же бир мүнөт үн катпай туруу менен азайтууга болбойт. Аларды чагылгандай тез, курч, айоосуз чабуулдар менен гана басыш керек. Ошентсе да Путиндин авторитардык бийлигин актоо да акылга сыйбайт. Бирок орус лидери ким душман экенин жакшы билип, токтоосуз чабуулга өтүүсү Пальмираны бошотууда франциялык дипломат Лоран Фабиус жана АКШнын президенти Барак Обаманын дипломатиялык чечим издеген стратегиясынан алда канча күчтүү болду. Орусиянын кайра жаралуусу жалганчылык жолуна түшкөн Францияга үлгү боло алат. Элита эки жүздүү болуп турганда демократиядан сөз козгоого болбойт», - деп жазат Le Figaro басылмасынын аналитиги.

Фейсбук казакстандыктарды азапка салууда

Быйыл Казакстанда эки саясий ишмер Фейсбук социалдык тармагына өз оюн жазуу канчалык жашоосун азапка саларын жакшы түшүндү деп жазат Eurasianet онлайн басылмасы.

Казакстандык «Павлодар Онлайн» аттуу веб-сайты 30-март күнү химиялык заводдун мурдагы директору Ерлан Кусанов журналист Александр Барановду 10 миллион тенге айып пулга жыгуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Буга журналисттин Фейсбук социалдык тармагына ишкер тууралуу жазган көз карашы себеп болгон. Баранов "Нефтехим Лтд" заводунун мурдагы жетекчиси Ерлан Кусановдун жумуштан кетүүсүнө заводдогу кырсык себеп болгон деп жазган. Кусанов бул айыптоону четке кагууда. Казакстанда социалдык тармактардагы цензура муну менен эле бүтүп калган жок. Кызылордо шаарында бир аял социалдык тармактагы баракчасына коңшу үйдө кылмыш болуп жатат деп, жалган нерсени жазды деген айыптоо менен 64 миң теңге жаза пул төлөөгө мажбурланган. Жергиликтүү басылмалар айыпталган аял тек гана коңшудан уккан ушагын жазганын аныкташкан. Социалдык тармактардагы пикири үчүн жоопкерчилик тартуу өлкөдө барган сайын арбып бара жатат деп билдирет Eurasianet.

Ооруганча иштегендер көбөйдү...

New York Post гезити акыркы мезгилде адамдар жумуш менен эс алуунун айырмасын сезбей калышканына сереп салат. Айрыкча кеңседе иштеген кызматкерлер жеке жашоосун да жумушка алмаштырышууда. Маселен, Уолл Стриттин мурдагы топ-менеджерлеринин бири Тристан Луис ашказан жарасы өтүшүп кеткиче иштеп жүрө берген. 44 жаштагы Тристан эки миң кишини башкарган кеңседе күнү-түнү тынбай иштеген. Адистердин билдиришинче, кеңсе кызматкерлери, жетекчилердин көбүнүн саламаттыгына стресс эң чоң сокку болууда. Алар жумушта сутканын 16-18 саатын өткөрүшөт. Гарвард менен Стенфорд университеттеринин окумуштуулары жумушта көп убакыт сарптоону коркунучтуу оорулардын катарына кошууну сунушташууда деп жазат New York Post.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG