Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Лондон мэри Куран кармап ант берди


Лейбористтер партиясынан Садик Хан Лондондун шаар башчысы болду
Лейбористтер партиясынан Садик Хан Лондондун шаар башчысы болду

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (2-8-май)

Европа өлкөлөрү ислам дүйнөсү менен тил табыша албай жатканда Британ баш калаасынын тургундары шаар башчылыгына теги пакистандык Садик Ханды шайлап алышты. Financial Times гезити "бул эмнени билдирет?" деген суроого жооп издеген.

"Мусулман динин туткан адамга 1 миллион 300 миңден ашык лондондук өз добушун берип, Европа жана АКШдан айырмаланып, Британия көп маданияттуу жана ар бир динге сый мамиле жасай турганын далилдей алды.

Париждеги жана Брюсселдеги диний радикалдардын чабуулунан кийин эле дүйнөдөгү эң ири Батыш калаасына исламчыл адамдын башчы болуусуна азыр баары таң калууда. Пакистандык мигрант-айдоочунун баласы 8 бир тууганы менен мамлекеттик чакан үйдө чоңойгон. Шайлоо кампаниясы учурунда Хан мырза өзүнүн динин жашырбай, ал тургай ант берүү аземинде колуна Куран китебин кармады.

Садик Хан радикалдашууга каршы иш алып барарын айтып келет жана ал Британ парламентинде кумсалардын никелешүүсүн жактаган добушунан кийин дал ошол британиялык радикалдардын куугунтугуна кабылды".

"Британиянын келечеги" аттуу аналитикалык борбордун директору Сандер Катуала: "Европанын башка шаарларына салыштырмалуу Лондон жашоосуна, саясатына жана экономикасына этникалык азчылыктар оңой эле көнүп, өз ордун таап кетишет. Кайсы жакты карабаңыз англис борборунда ар кайсы улут жана дин өкүлдөрү азыр бардык тармакта лидерликти ээлөөдө», - десе, Британиянын Лейбористтер партиясынын дагы бир өкүлү Тулип Сыддык: «Садик Хан беш маал намазга жыгылат, орозо кармайт жана ажылык сапарга барган. Бирок биз аны мусулман катары эмес, лейборист саясатчы катары гана кабыл алабыз», - деген Financial Times басылмасына.

Түркиядагы саясий туруксуздук Европаны титиретүүдө

Германияда чыккан Die Welt гезитинин аналитиги Михаэль Штрюмер "Түркия өкмөт башчысы Ахмет Давутоглунун кызматтан кетүүсү президент Режеп Тайып Эрдогандын өз өлкөсүндө европалык баалуулуктарды эсепке албаган, бирок Европа шарттары өкүм сүргөн режимди орнотууга жасаган аракетинин далили" деп жазат.

"Эрдоган менен сүйлөшүүгө барчу Европа лидеринин эрки бекем болуп, демократия, жарандык коом жана адам укуктары деген темаларды козгобошу керек. Европа биримдиги жана Германия үчүн Түркия өтө маанилүү. Айрыкча чөлкөмдөгү качкындар көйгөйүн чечүүдө Анкара ачкыч болуп бере алмак. Бирок Эрдоган азыр кемалисттик идеялары жок, Осмон империясындай күчтүү мамлекет курам деген идеяны багууда. Европа буга көз жумуп да отура албайт", - деген пикирде аналитик Штрюмер.

Маалымат көп, билим төмөн

Дүйнөлүк ишкер адамдардын SAP аттуу уюмунун вице-президенти Вивик Бапаттын "Эмнеге маалымат көбөйгөн сайын билим деңгээл төмөндөп жатат?" деген аталышагы макаласы Forbes журналына чыкты.

"Саясий, экономикалык, социалдык тармактагы кабарлар азыр абдан көбөйүп, аны окугандардын саны да жогору болууда. Социалдык тармактарга кеңири жайылган ар түрдүү маалыматтар чыныгы билим алууга бут тосууда. Уюлдук телефон жана социалдык тармактардагы кабарларды «жаңырык» деп гана атаса болот. Алар чыныгы билим булагы эмес. Андыктан «жаңырыктан» билимди айырмалаш үчүн кеңеш берем. Биринчи кезекте тандап алган адистик боюнча абдан көп окуш керек. Жөн гана маалымат эмес, анализдерди, бирөөлөрдүн көз караштарын тынбай изилдеп окуганды токтотпоңуз. Сын көз караш менен караңыз", - деген кеңештерди берген Вивик Бапат.

Өзбекстан: Фейсбукту алмаштыруу аракети

Eurasianet басылмасындагы маалыматка караганда, Өзбекстанда Фейсбук социалдык тармагынын ордуна бийлик жарандарды Davra.uz тармагын колдонууга чакырууда.

Аталган веб-сайт өзбек улуттук баалуулуктарын эске алган, нукура өзбек социалдык тармагы катары өлкөнүн компьютер технологдору тарабынан иштелип чыккан алгачкы долбоор эмес. Буга чейин 60 миңге чукул колдонуучусу менен myjob.uz сайты Linkedln тармагына аналог катары иштеп жаткан. Булардан тышкары өзбекче 38 социалдык веб-баракча бар.

Мамлекеттик UZINFOCOM мекемеси чет элдик социалдык тармактарды эмес, жергиликтүүлөрдү колдонууга үндөөдө. Ал арада Одноклассники сайтына өлкөдөн киргендердин саны 7 жарым миллиондон ашык деп жазат Euasianet.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG