Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Кытай: көп балалуу болууга чакырган буйрук


Кытай
Кытай

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (19-25-сентябрь).

Дүйнөлүк басма сөздө АКШдагы шайлоо атаандаштыгына арналган аския, Голливуд жылдыздарынын турмушу, Кытайда элди көп балалуу болууга үндөө аракети тууралуу макалалар баяндалган.

17-сентябрда Кытайдын Йичанг шаарынын бийлиги мамлекеттик кызматкерлерге экинчи балалуу болуу буйругун берген расмий кат жолдогон. Мындай чара шаардагы калктын саны азайып бара жаткандан улам кабыл алынганын Foreign Policy журналы жазды. “Бирден гана балалуу болуу мыйзамы өзгөргөндөн кийин Кытайдын демографиясы кескин өргө жылган жок. Бир гана бала төрөө ушунчалык элдин турмушуна сиңип калгандыктан, мындай жашоону өзгөртүүнү каалагандар аз болууда. Ушундан улам расмий органдар өз кызматкерлерин экинчи наристени төрөөгө мажбурлаган кадамга бармай болушту. Буга окшош көрүнүш жеке эле Кытайда кезикпейт. Жумушка жарамдуу муун кыскаргандан улам Италияда “тукум улоочу күн” деген жыл сайын иш-чара болуп турат. Дания, Түштүк Корея жана Түркияда да ушуга окшош кыймылдар башталган. Түштүк Кореянын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2010-жылдан бери “үй-бүлө күндөрүн” уюштуруп, кызматкерлерди иштен бошотуп, үйүнө барып, балалуу болууга чакырат”, – деп белгилейт Foreign Policy.

Гитлердин армиясы баңгиман болгонбу?

Le Figaro гезитинин журналисти Жак де Сен-Виктор Адольф Гитлердин жанында анын буйругун аткаргандардын баары адам сыягынан чыккан баңгимандар болгонун жазат. Мындай таянакты ал Норман Олердин “Жалпы мастык” аттуу китебин окугандан кийин чыгарган. “1933-жылдардан тарта Германияда метамфетамин дарысы кеңири колдонула баштаган. Буга Corriere della Sera гезитинин 1940-жылы 13-ноябрдагы “эр жүрөктүк таблеткасы” деген кыска жарнамасы далил. Франция менен Британиянын апийим талаалары болгон. Бирок Германиянын баңги зат алчу жери жок эле. Ушундан улам дары заводдорунан химиялык уулуу заттарга чыланган күчтүү баңги заттарды чыгарышкан. 1940-жылы армияга 35 миллион доза таркатылганы катталган. Эки суткадан ашык уктабай, массалык кыргын уюштурган фашисттик аскерлерге дал ушул таблетка күч-кубат берип турган. Бирок дарынын ден соолукка тийгизген оор залакасы да бар эле. Адамдын көрүү жөндөмүн бузуп, психикалык жактан оор илдетке алып барчу”, - деп баяндайт журналист.

Анжелина Жоли менен Бред Питт ажырашууда

Анжелина Жоли жана Бред Питт.
Анжелина Жоли жана Бред Питт.

Голливуддун кош жылдызы Анжелина Жоли менен Бред Питтин ажырашуусу эл аралык басма сөздө кызуу талкууга алынды. Forbes журналы түгөйлөрдүн чогуу жашаган учурдагы тапкан кирешесин 555 миллион доллар деп баалады. Алты баланын ата-энеси Жоли менен Питт эки жылдык расмий никеден кийин ажырашканы турушат. Алар 2004-жылдан бери чогуу жашап келишкен. Ушунча жылдан бери чогулткан жарым миллиарддан ашык каражатын эми кантип бөлүп алышат? Калифорния мыйзамдары боюнча жубайлардын кирешеси тең экиге бөлүнүшү керек. 2014-жылкы үлпөт тойдон соң тапкан акчалары салыксыз 117 миллион доллар болгон. Бред Питт 12 жылдан ашуун убакыттан бери 315 миллион доллар таап, дүйнөдөгү эң көп иш акы алган актер катары Forbes журналынын тизмесине кирген. Жоли да андан кем калбай, Пит менен жашаган учурда 239 миллион доллар киреше тапкан.

АКШ ажолугуна мышык да ат салышат

“Клинтон менен Трампты жактырбай жатасызбы? Анда Лимбербатт Мак Каббинске добуш бериңиз!” – деген чакырыкты Washington Post гезити баштаган АКШнын басма сөзү жазып чыкты. Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоого Луисвилл шаарындагы мышыктын талапкерлиги коюлары катуу талкууга алынууда. “Эмнеге мышык талапкерлигин койо албасын? Американын Баш мыйзамында “... өлкөнүн атуулдугундагы бардык тараптар президенттикке жана саясий кызматтарга шайлоого катыша алат" деген берене бар. Бул мыйзамда киши же жаныбар деп бөлүү болбогондуктан Люмбербатт мышык үчүн мыйзамдуу шарт түзүлдү. Буга чейин да төрт аяктуулардын саясатка киргени тарыхта кезигет. Маселен, 1968-жылы чочконун талапкерлиги президенттикке коюлса, Аляскада мышык шаар башчы болуп, Калифорния штатынын бир калаасын ит башкарган. Лимбербаттын саясий платформасында салыктарды азайтуу, орто жашаган калктын катмарын көбөйтүү, медициналык тейлөөнү жакшыртуу жана кумса мышыктардын үйлөнүү укугун коргоо деген пункттары бар. Ал эми шайлоо кампаниясы “Мыйоологонго убакыт келди!” деген ураан менен жүрүүдө. Классташтар Исак Уисс жана Эмили Мак Каббинс атуу эки жаранга таандык мышыкты президенттикке талапкер деп социалдык тармактарга жазганда эле 12 миңден ашык киши ага күйөрман болгон.

2012-жылы Виржинияда Конгресске шайлоо болуп жатканда да Хэнк аттуу мышыктын талапкерлиги коюлуп, жети миңге чукул добуш менен саясий жарышта үчүнчү келген. Үгүт иштери учурунда жергиликтүү элдин колдоосуна татыган мышыктын шайлоо фондуна 16 миң доллар чогулган. Виржиниялык мышык демократтар партиясынан чыккан Хиллари Клинтондун жардамчысы Тим Кейниге жеңилип калган эле”, – деп жазат аталган басылма.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG