Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:51

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (27-февраль - 5-март).

Foreign Policy журналы Нигерияда бир айдан ашык убакыттан бери дайын-дареги жок президент Мухаммад Бухаринин жоголуу себебин ачыктоого аракет кылган. 180 миллион калктуу бул Африка өлкөсү азыркы тапта абдан оор экономикалык кырдаалга туш келди. Өлкө башчысы Бухари 19-январда он күнгө Лондонго медициналык текшерүүгө кеткен бойдон дайынсыз. Бийлик өкүлдөрү "президент тирүү, Британ баш калаасында дарыланып жатат" дешкени менен, мамлекет башындагы бир катар чоң кызматтагы адамдардын да капилет жоголуусу буга кошул-ташыл болуп, түкшүмөлдөрдү арбытууда.

Федералдык мыйзам чыгаруучулар Бухариге учурашканы Лондонго да барышкан. Анын тирүү экенин айтышып, сүрөтүн чыгарышканы менен, азырынча президенттин өлкөсүнө кайтып келүү убактысы айтыла элек. Нигериялыктардын өлкө башчынын саламаттыгы тынчсыздануусунун себеби бар. 2010-жылы май айында мурдагы президент Умар Ярадуа Сауд Арабиясына дарыланганы кетип, бир айдан кийин каза тапкан. Ал бийликти эч кимге өткөрүп бербей кеткендиктен, мезгилсиз кайтыш болуусу өлкөдө саясий тополоңго жол ачкан.

Нигерия саясатын жакшы билген талдоочу, профессор Фарук Крегори Бухаринин саламаттыгынан коом дал ушул окуядан улам чочулоодо деген ойдо.

Жергиликтүү Guardian гезитинин аналитиги Ндубуйски Юках болсо президентсиз Нигерияны башы жок жыланга салыштырган. А бирок Бухаринин капилет жоголуусу вице-президент Йеми Осинбайого майдай жакты окшойт деген көз карашта Foreign Policy басылмасынын журналисти. Осинбайо өлкө экономикасын оңдоого 60 күндүк план жарыялап, стратегиялык шаарларды, аба майдандарын кыдырып чыгууда. Ошондой эле оппозиция өкүлдөрү менен да диалог түзүп жатат.

Ажылык модага айланды

Өзбекстанда быйыл Мекеге зыярат кылууга берилген квота 5200дөн 7200гө көбөйдү. Бул жаңы президент Шавкат Мирзиёевдин динге карата ымаласынын жумшаганынан кабар береби? Деги эле ажылык сапар өзбекстандыктар үчүн кантип ишке ашат? Бул суроого Eurasianet басылмасы жооп издеген.

"1992-жылы мурдагы советтик лидерлердин ичинен Мекеге биринчи жолу зыярат кылган Ислам Каримов болгон. Бирок ал бул сапары менен өз өлкөсүндөгү диндин кадыр-баркын эмес, өз аброюн көтөрүүнү көздөгөн" деп жазат автор.

Сауд Арабиясы ар бир миллион мусулман үчүн миң квота бөлөт. Ал эми Өзбекстандын калкынын саны 32 миллионго жетет. Алардын дээрлик 88 пайызы сунниттер. Ажылык сапарды эңсегендер өтө көп. Бирок талап да катуу. Алгач ар бир каалоочу ажылык менен умраны уюштурган коомдук кеңештин элегинен өтүшү керек. Анын курамында атуулдукту каттаган бийлик өкүлдөрү, ички иштер органдары, дин иштери боюнча комитет, Өзбекстандын диний башкармалыгы, Саламаттык сактоо министрлиги, Аксакалдар кеңеши, маале кеңешинин өкүлдөрүнөн турган комиссия бар.

Ошондой эле улуттук коопсуздук кызматы тизмени тыкыр көзөмөлдөйт. Квота жана комиссиядан тышкары Мекени эңсегендердин капчыгы калың болушу керек. Ажылыктын расмий баасы өлкөдө 18 миллион сум же 2650 доллар, умраныкы болсо 8,5 миллион сум, же 1260 доллар. Квоталар өлкө аймактарында тегиз берилбейт. Мунун себеби жемкорлукта экенин бийлик сынчылары айтып келишет. Маселен, Ташкентке жылына 2250 орун берилсе, Фергананын үч облусунун ар бирине 750дөн орун каралган.

Ажылык үчүн кезекке тургандар миңдеп саналганы менен капчыгы калыңдар тиешелүү адамдарга пара берип, тизме башына оңой эле өтө алышат.

Өзүн Шавкат деп тааныштырган бизнесмен кезек ырааты 97-98-турган ата-энесине 10 миң доллар пара менен квота алып бергенин Eurasianet басылмасына жашыруун айтып берген. Уруксат алып эле ажылык сапарга аттанып кете алышпайт. 50 кишиден бөлүнүп алышып, бир ай бою Мекеде өзүн кантип алып жүрүүнү үйрөнүшөт. Ал эми элүү башылар болсо бир нече ай мурда Сауд Арабиясына барышып, ар бир 200 кишиге бирден дарыгер, өзбек ашпозчусун, жатаканасын, керектүү бардык шартын камсыз кылышат.

Ажылыкты диний зыярат дешкени менен, өзбекстандыктардын көбү үчүн байлыгын даңазалоо жана диний чөйрөдө кадыр-барк алуу модасына айланды. Кашка-Дарыя облусундагы мечиттердин биринин мурдагы имамы Бувахон Рахимов: "Жыйырма жыл имам болгон мага караганда, ажыга барып келген кишинин сөзү өтүмдүү. Андыктан "жаңы өзбектер" өздөрү же жакындарын Мекеге жиберүүгө тыйын аяшпайт. Алар чыныгы ишенимге караганда, акчаны жогору коюп жатышат", - деген пикирин айткан Eurasianet онлайн журналына.

Обама китеп жазат

The Guardian гезити АКШнын 44-президенти Барак Обама менен жубайы Мишель мындан ары китеп жазуу менен убактысын өткөрөрүн кабарлады. Жубайлар Penguin Random House аттуу басмакана менен макулдашты. Алар китеп жазуудан 60 миллион доллар табат деген божомолдор бар. 20-январдагы Дональд Трамптын кызматка киришүү аземинен кийин тик учакка отуруп алып үйүнө учуп кетишкен Обамалардын дайыны чыкпай калган эле.

Алар Калифорнияда эс алгандан кийин Нью-Йоркко кайтып келишип, тургундарды кубанычка бөлөшкөн. Ал тургай Мишел Обама Вашингтондогу мектептердин бирине барып, жогорку класстын окуучулары менен эки саат бою баарлашканын да The Washington Post гезити маалымдады. Ал эми Барак Обама болсо китеп жазууга алгач ирет белсенип жаткан жери жок. 1995-жылы "Атамдын кыялдары" аттуу китеби жарыяланып, ал 2004-жылы кайра басылган. 2006-жылы New York Times гезитинин баалоосу боюнча 30 апта бою эң көп сатылган тизмеде турган. Ошондой эле "Кыздарыма кат" деген балдар китеби да Обаманын калемине таандык.

Кийинки эмгеги президенттик кызматы тууралуу болушу толук ыктымал. Учурунда Билл Клинтондун мемуары 15 миллион долларга сатылса, Жорж Буштун китеби 7 миллион доллар чогулткан. Адабият боюнча агент Жонни Геллер: "Обама жубайларынын кирешеси көп болору талашсыз. Анткени аларды коомчулук аябай сүйөт жана мурда китептери көп сатылган", - деген баасын берди. Китеп жазгандан тышкары Обама кичи мекени Чикаго шаарында президенттик китепкананы шөкөттөп, лидерликти даңазалоочу борбор курууну мерчемдөөдө деп жазат The Guardian гезити.

48 саатта 110 киши ачарчылык курмандыгы болду

Дүйнөлүк басылмалар Сомалидеги кургакчылыктан улам келип чыккан ачарчылык трагедиясы тууралуу кабар таркатышты. 48 сааттын ичинде жүздөн ашык киши ачкалыктан көз жумганын The Independent гезити кабарлады. Улуттар уюмунун эсебине караганда, бир миллиондой киши жардамга муктаж. Нигерия, Түштүк Судан, Йемен жана Сомали ички кагылышуулар менен экологиялык каатчылыкка кабылды.

Өлкөнүн түштүк-батышындагы Бэй аймагында кургакчылык айрыкча катуу өкүм сүрүүдө. Save the Children бейөкмөт уюму 363 миң бала шашылыш жардамга муктаж экенин, алардын 71 миңи абдан кыйын абалда турганын кабалаган. Ачарчылык калктын арасында зомбулукка жана кылмыштуулук менен террордун торуна илинүүгө түртүп жатат. Таза суунун жоктугунан холера сыяктуу оорулар келип чыгууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG