Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

"Дүйнөнүн тукумсуз лидерлери"


"Чоң жетинин" лидерлери.
"Чоң жетинин" лидерлери.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (22-28-май)

Италияда өткөн "Чоң жетинин" саммитиндеги лидерлердин басымдүү бөлүгүнүн баласы жок экенин The Washington Post гезити жазып чыкты. Өнөр жайы эң өнүккөн жети өлкөнүн лидерлери жыл сайын өтүүчү саммитке быйыл Сицилияда чогулушту. Алардын бешөөнүн өз балдары жок экенин гезиттин журналисти баамдаган. Британиянын премьер министри Тереза Мэй, Жапония өкмөт башчысы Синдзо Абэ, Италиянын премьери Паоло Жентилиони, Германия канцлери Ангела Меркел менен Франция президенти Эманнуэл Макрондун баласы жок болуп чыкты. Саммитке барган Синдзо Абенин жубайы Акие Абэ британ премьери Тереза Мэй менен тукумсуздуктан жабыркаганын талкуулап: "Аябай кыйналдым, ушинтип баласыз өтөрүбүзгө өкүнүп жүрөм", - деген. Чоң жетиликтин лидерлеринин ичинен Канада премьери Жастин Трюдо менен АКШ лидери Дональд Трамптын гана балдары бар. Лидерлери тукумсуз болгону аз келгенсип, алар жетектеген өлкөлөрдө демографиялык кырдаал да улам курчуп, балалуу болгондордун саны улам азайып бара жатат. Синдзо Абэ улам азайып бараткан жапондорду көбөйтүү боюнча болгон аракеттер жүрүп жатканын да белгиледи.

Ошол эле кезде жакында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Европадагы түрк мигранттарына: "Үчтөн эмес, бештен балалуу болгула. Анткени силер Европанын келечегисиңер!" - деген кайрылуу жасаган.

Башар Асад Германияга качкандардан акча алууда

Германиянын Bild басылмасынын кабарчысы Мухаммед Ради Сириядагы Башар Асаддын режими Европага качкандардын эсебинен байып жатат деген байкоосун чыгарды. Германиянын аймагына кирген ар бир сириялык качкын өз элчилигине 300 евродон 800 еврого чейин акча төлөп документтерин каттатат. "Германияда качкын статусун алыш үчүн расмий документтердин баары толук болушу керек. Бирок качкындардын дээрлик жарымынан көбү Европага жеткиче кагаздарын жоготуп алышат. Ал эми жаңы паспорт алууга алар айлап кезек күтүп жүздөгөн евро акча коротушат", - деген Bild гезити документ жасоодон түшкөн каражат Асаддын казынасына агып жатканын кошумчалаган. Сириянын улуттук коалициясынын элчиси Бассам Абдулла: "Асаддын режимине байланган Сириянын чет жактагы консулдуктары миллиондогон качкындарга саясий себептерден улам документ бербей жатат. Азыркы тапта Асадга чет элдик валюта керек. Ушундан улам чет жактагы консулдуктар мөөнөтү эки жылдык Сирия паспортун 800 евродон сатууда. Ушундан улам Германия сириялык консулду өлкөдөн чыгарышы керек", - деген көз карашын айткан.

Тажикстанда кытайча үйрөнгөндөр көбөйдү

Беш жыл мурда Душанбенин Рудаки проспектине басканда "привет", "хелло" деген сөздөрдү гана угууга болот эле. Азыр жапырт кытайча үйрөнүү башталгандан улам "нихао" сөзүн да уга аласыз деп баяндайт The Diplomat журналынын талдоочусу Кетрин Лонг. Акыркы мезгилде Тажикстандын ири жогорку окуу жайларында кытай тилин окуткан Конфуций институттары ачылып, ага барган жаштардын саны токсонунчу жылдарга салыштырмалуу 5-6 эсеге көбөйдү. Тогуз жаштан тарта тажик балдарына багытталган кытай тили курстарына болгон талап да күчтүү. Конфуций институту ошондой эле тажик жаштарына Кытайга барып акысыз окууга да мүмкүнчүлүк ачууда. Тил курстарына баргандардын максаты өлкөдө көп санда ачылып жаткан Кытай фирмаларына ишке орношуу болууда. Буга кошумча "Бир алкак - бир жол" долбоору да көптөрдү жумуштан үмүттөндүрүп жатат. Кытайлык компанияда тажикстандыктарга орточо 400-700 доллар маяна төлөнөт. Буга кошумча 2015-жылы Кытай өлкөгө 273 миллион доллардык инвестиция салып, жыл сайын бул сумма улам жогорулап баратат. Бирок Кытай Тажикстандын айрым аймактарын тартып алууну көздөйт деген имиш кептер эл арасында токтобой келет. Анткен менен Душанбедеги кытай тилин окуган студенттер саясатка кызыгышпай, кытайча үйрөнүүнү улантып жатат, деп жазат The Diplomat.

Сауд Арабияда майып киши өлүм жазасына тартылды

Сауд Арабияда каршылык акциясына катышканы үчүн 23 жаштагы Мунир Аладам аттуу керең жигит өлүм жазасына тартылып, башы алынганын The Independent маалымдайт. Эл аралык укук коргоочулар бийликтин мындай чечимин катуу сынга алышууда. Мунир Аладам 2012-жылы өлкөнүн шийиттер үстөмдүк кылган чыгыш тарабында каршылык акциясына катышкан. Ал демонстрация учурунда кармалып, полиция катуу сабап, анын айынан эки кулагы укпай калган. Мунирге демонстрация учурунда зомбулук көрсөттү деген пикирлер болгон. Аны өлүм жазасына тартуу жакында эле АКШ президенти Дональд Трамптын Саудияга болгон иш сапарынан кийин ишке ашуусунан улам укук коргоочулар АКШ лидерин адам укуктарын коргоо принцибин Сауд бийлигинен талап кылууга чакырып жатканын баяндайт The Independent.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG