Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Жакыр үй-бүлөнүн балдары тың чыгат


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (11-17-сентябрь).

China Daily басылмасы жакыр үй-бүлөнүн балдары эмгекчил, турмушка тың болоорун аныктаган атайын иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды. Азыркы заманда ата-эненин байлыгынан улам бийик кызматтарга, кесиптик ийгиликке жетүү барган сайын артта калып бара жатат деп эсептейт талдоочу Гао Уей.

"Азыркы учурда байдын баласы кимдер деген суроого кытайлык социологдор жооп издешип, "бай" деген түшүнүк азыр материалдык каражат менен эмес, адамдын профессионалдык чөйрөдө, жашоодо жетишкен ийгилиги менен ченелип калганын аныкташкан. Айрыкча өз жашоосун эч кимдин колдоосу жок нөлдөн баштап, ийгилик тепкичинде жогорулаган адамдар заманбап маданияттын үлгүсүнө айланып бара жатканы белгиленет. Достору күчтүү, социалдык чөйрөсү стабилдүү адам азыр "бай" деп аталат, ал эми ата-эненин байлыгы, билими, жумуш орду жөн гана "байлыкты" толуктаган түшүнүккө айланды", - деген Кытайдын Ааламдашуу борборунун аналитиги Уей "байдын баласы" деген статусту азыркы жаштар тагдырдан албай, өз аракети менен жаратарын кошумчалаган. ​

Путин Брежневден ашып, Сталинге жеткени калды

The Washington Post гезити Орусияны жана Советтер союзун башкарган лидерлердин бийликте отурган мөөнөтүн талдаган макала жарыялады. Владимир Путин Орусияны башкарганына 6 600 күндөн ашты. Ал Иосиф Сталинден кийинки эле тактыны эң узак ээлеген лидер болгону калды. Сталин 1924-жылдан 1953-жылга чейин Советтер Союзун 10 636 күн башкарган. Путин бийликте тургандан бери АКШда 4 президент, Британияда 4 премьер-министр алмашып, Германияда 2 канцлер шайланды. Бирок Кремл лидерлердин бийлик мөөнөтүн санаганды жактыра бербейт. Бул жөрөлгө авторитардык советтик режимден калгандай. Путиндин өлкө башында узак жылдар турганына орусиялыктар каршы эмес. Кийинки шайлоо алдында анын кадыр-баркы дале жогору. Анткен менен калк арасында Путинди Брежневге салыштырган мыскыл сөздөр айтылып келет. "Балким келерки жылы Владимир Владимирович шайлоодо жеңип, 2024-жылга чейин тактыда калса, Брежнев менен Сталиндей Кремлде о дүйнөгө узаганча отурушу ыктымал. Анткени азыр ал 64 жашта, саламаттыгы жакшы болгону менен Путиндин ордун ким басарын элестетүү кыйын",- деген көз карашта аналитик Адам Тейлор.

Исландия өкмөтү педофилия чырынан улам таркады

Исландиянын үч партиядан турган коалициялык өкмөтү премьер-министр Бьярни Бенедиктссон педофилия кылмышкерин жашырган деп коомчулуктун катуу сынына кабылгандан кийин таркоого мажбур болгонун кабарлайт Foreign Policy журналы. 14-сентябрда өкмөт башчысынын атасы Исландиянын сот системасындагы "намысты кайра калыбына келтирүү" талабы менен өкмөткө расмий кайрылуу жасаган. Себеби өгөй кызын 12 жыл бою зордуктады деп айыпталган Хьялти Сигруен Хокуссон аттуу жаран беш жылдык жаза мөөнөтүн өтөп чыккан. Бирок кылмыш ишине тартылганы тууралуу каттоосу зордукталган кыз адилеттик издеп кайрылганына карабай, толук өчүрүлгөн. Расмий кайрылуусун учурунда сот органдарына өкмөт башчы жеткирбей койгону да айгине болгон. Исландиянын үч партиядан турган өкмөтү 2016-жылы мурдагы премьер министр Дэвид Ганнлаугсондун чырлуу "Панама документтерине" байланышы бар экени аныкталып, бийликтен кеткенден кийин куралган эле. Ал арада Бенедиктссондун Сейшел аралдарындагы офшордук банктарда да акчасы бар экени аныкталды. Бирок ал кызматынан чегинбей турганын билдирүүдө.

Вотсаптан динди шылдыңдаган адам өлүм жазасына өкүмү кылынды

35 жаштагы Надим Жеймс аттуу пакистандык христиан 2016-жылы досуна Ислам динин жана Мухаммед пайгамбарды мазактаган сөздөрдү Вотсап аркылуу жиберген. Досу кийин анын бул каттарын далил катары колдонуп, сотко кайрылып, былтыр июлда Жеймс камакка алынганын The Guardian гезити жазат. Мусулман калкы көпчүлүктү түзгөн Пакистанда Исламды же пайгамбарды шылдыңдоо кылмыш катары эсептелип, мындай ишке баргандар өлүм жазасына тартылат. Көбүнчө жазага диний азчылыктын өкүлдөрү киирптер болот. Бирок Жеймстин жактоочусу Рияз Анжум Гужрат шаардык сот чыгарган өкүмдү жокко чыгартуу үчүн жогорку сот органдарына кайрыларын билдирди. Былтыр апрелде Пакистандын Мардан университетинин студенти Машал Ханды курбулары диний пикир келишпестиктен улам сабап өлтүрүшүп, коомчулуктун катуу сынына кабылган. 1990-жылдан бери Пакистанда Исламды мазактады деп айыпталып өлтүрүлгөндөрдүн расмий саны 67 адамга жетти. 2011-жылы Пенжаб провинциясынын губернатору Салман Тасир динди келекелегендердин жазасын жумшартууну демилгелеп чыгары менен өз жансакчысынын колунан ажал тапкан. Тасирдин жансакчысы 2016-жылы өлүм жазасына тартылды. Бирок диний коомчулук аны Исламдын баатыры катары кабылдаганын кошумчалайт The Guardian.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG