Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Путин менен Эрдогандын ымаласы эмнеге күчөдү?


Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган.
Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (25-сентябрь - 1-октябрь).

Узаган жумада Der Spiegel басылмасынын журналисти Максимилиан Попп Түркия менен Орусия лидерлеринин акыркы мезгилде өзгөчө жакын болуусу Батышты ойлондурушу керек деген мазмундагы макала жазды.

"Владимир Путин Анкарага, Режеп Тайып Эрдоган болсо Москвага тез каттаганы Европа менен АКШ саясатчыларын терең ойлондурушу керек. Түркия Батыштан жүзүн буруп Орусияга ыктаганы НАТОнун Эрдогандын авторитардык дымагын жактырбаганынан улам келип чыгып отурат. Болбосо орус-түрк ымаласы 2015-жылы Сирия чегиндеги учак кризисинен кийин бир топ эле муздап бараткан. Эрдоган Орусияга жакындап Батыш менен Америкасыз деле жашап кете аларын көрсөтүп жаткандай. Буга кошумча Орусия менен тыгыз кызматташтык анын Сириядагы кызыкчылыгына да төп келет. Ошентсе да Путин-Эрдоган биримдигине бөгөт болчу да жагдайлар бар. Маселен, Москва Ирак менен Сирияда баш көтөргөн күрттөрдү колдойт. Бул албетте, Фетхуллах Гүлен менен Күрт жумушчу партиясына каршы ачык согушкан Эрдоганга жакпайт", - деген пикирде Der Spiegel гезитинин кабарчысы.

Мелания Трамптын китептерин мектеп албай койду

Америка кошмо штаттарынын биринчи айымы Мелания Трамп Массачусетстеги Кембрижпорт мектебине көп сандагы китептерди белек кылган. Бирок бул мектептин китепканачысы Трамптын аялынын белегин кабыл албай кайра салып жибергенин Time журналы кабарлайт. Китепкананы тескеген Лиз Филипсс Соеро: "Биздин окуучулар тогуз миңден ашуун темадагы китептерди каалаган учурунда ала алышат. Кампабызда миңдеген басылмалар бар. Жогорку билимдүү китепканачылар иштейт. Башка ушундай китептерге муктаж, каражаттан каржалган мектептерге жардам берсеңиз жакшы болмок", - деген китепканачы. Ал балдар үчүн англис тилиндеги китептери дүйнөдө эң көп сатылган Доктор Сьюздун чыгармаларындагы иллюстрациялык сүрөттөр айрым расисттик стереотиптерге төп келерин кошумчалай кеткен.

Улуттук китеп окуу күнүнө карата Дональд Трамптын администрациясы АКШдагы мектептерге бир нече жергиликтүү автордун китептерин акысыз таркаткан. Ошондой эле биринчи айым Меланиянын атынан Кембрижпорт орто мектебине миңдеген китептер жөнөтүлгөн.

Үй жандыктарын кыйнагандар беш жылга кесилет

Британияда үй жандыктарына зомбулук көрсөткөндөр буга чейин алты айга чейин эркинен ажыратылып келген. Консервативдик партиянын сунушу менен бул абак мөөнөтүн беш жылга узартуу каралып жатканын The Telegraph гезити маалымдады. Экология министри Майкл Гов Британияда жаныбарларды кыйнагандарды жоопко тартууну караган мыйзам Европа боюнча эң жумшак экенин билдирди. "Биз ит, мышыкты сүйгөн улутпуз. Андыктан аларга кордук көрсөткөндөр болушунча оор жаза алуусуна да жооптуубуз. Бул мыйзам сот өкүлдөрүнө айбанаттарды кыйнагандардын тизгинин болушунча тартууга жардам берет", - деген министр Гов.

Мыйзам долбоорунун үлгүсү жаңы жылга чейин коомчулукка жарыяланат. Демилгени Британиядагы үй жандыктарын куткарган уюмдар кош колдоп кабыл алышты. Мыйзам англис парламентинде колдоо тапса үй жандыгын кордоп же карабай койгондор беш жылга чейин эркинен ажыратылып калышы мүмкүн.

Кытайда куурчак сатып алган эркектер көбөйдү

Кытайдагы демографиялык көйгөйдөн киреше тапкан компаниялар көбөйгөнүн, айрыкча адамдын тулку боюндай ургаачы куурчактардын соодасы кызыганын Foreign Policy аналитикалык журналы жазды. Бирден гана балалуу болуу саясатына улуттук уулдуу болуу менталитети кошулуп, өлкөдө аял тартыштыгы чоң көйгөйгө жол ачты. Азыркы тапта 30 миллион кытайлык эркек бойдок жүрөт. Бул жагдай өлкөдө аял-куурчактардын өндүрүшүн күчөттү. 18 жаштан 29 жашка чейинки жигиттер интернеттен куурчактарды сатып алышууда. Alibaba, Taobao онлайн дүкөнүндө секс оюнчуктарынын соодасы күчөдү. Куурчактын баасы 8 миң доллардан 10 миң долларга чейин. Айрым жигиттер алгач 1300 доллар депозит төлөп, айына 45 доллардан берип, куурчактарды насыяга да алып жатышат. Бойдок эркектерден тышкары ички миграцияда жүргөн жигиттер да куурчак базарын кызытууда. "Жасалма куурчак - чыныгы кумар" деген ураан менен сатылган куурчактардын так санын эсептөө кыйын. Яцен университетинин экономика боюнча профессору Лин Циангдын эсебинде аял-куурчактардын соодасында айланган акча азыр 8 миллиард долларга жетти. Кытайдагы демографиялык теңсиздик бир катар зомбулуктарга да жол ачууда. АКШнын мамлекеттик департаменти Кытайда адам соодасы күчүндө экенин, 2011-2015-жылдары Вьетнамдан 4500 аял сатылып келгенин жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG