Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:31

"Майлуу жер" издеген Казакстан


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (3-10-сентябрь).

Каспий деңизине байланышкан дипломатияда "баары менен дос болуу" саясаты Казакстанга эмне алып келерин Жапонияда чыккан "Asia Nikkei Review" журналы талдаган.

Август айында Актау шаарында Владимир Путин баш болгон Каспий деңизин жээктеген өлкөлөрдүн лидерлери жолугушуп, аймактагы эң чоң ресурстар болгон суу менен табигый газды талкуулашты.

Орусия, Казакстан, Иран, Азербайжан жана Түркмөнстан Каспийди бойлой газ түтүктөрүн курууну макулдашты. Казак президенти Нурсултан Назарбаев бул жолугушууну "тарыхый мааниге ээ" деп баалады. Советтер Союзу кулаганда Каспий жээгиндеги Борбор Азиянын эли деңиздин ресурстарын Европага сатууга үмүт арткан. Назарбаев дал ушул үмүт азыр ишке ашканын белгиледи.

Актаудан жакында Кытайдын "Бир кемер - бир жол" долбоорунун жолу да өткөнү турат. Каспийдин бул бай портунун тизгинин алууга көптөн бери АКШ менен Орусия да ат салышып келет. Мисалы, АКШ Ооганстанды кайра куруу жана тынчтык орнотууга багытталган жүктөрүн 2010-жылдан бери дал ушул Актау порту аркылуу алып өтөт.

Ошол эле мезгилде Владимир Путин Каспий деңизиндеги жээктердин чегин аныктоого жең түрө киришкен. Американын эл аралык ортомчу портторунун тизмесине Актау кошулганда Орусиянын ичи тарыганын аналитиктер айтып жүрүшөт. Орусия менен АКШ Казакстанды эки тарабынан тарткылап жатканда Бээжин да бул өлкөнү өз кылтагына илүүдө.

Актаудагы жолугушууда Нурсултан Назарбаев өлкөдө эми Кытайдын "Бир кемер - бир жол" долбоору ийгиликтүү иштеп жатканын айтты. Мындан өлкөнүн транспорт тармагы 2020-жылга чейин 9 миллиард доллар киреше табарын да кошумчалады.

Алматыдагы эл аралык мамилелер боюнча эксперт Наргис Кассенова Каспий каттамы абдан кымбат экенин, муну капчыгы калың мамлекет гана көтөрө аларын билдирген. Ушундан улам Бээжин өнүгүү жолундагы Казакстан, Азербайжан жана Грузияны колго алуу аракетинде.

20-кылымдын башында британиялык географ Халфрод Жон Маккиндер Евразиянын "чок ортосундагы" Борбор Азия аймакты гана эмес, бүтүндөй дүйнөнү да башкаруу кубатына ээ экенин белгилеген. Ушундан улам бул "чок ордону" тезирээк "колго түшүрүү" үчүн ири державалар тымызын кармашууда деп белгилейт "Asia Nikkei Review".

Дональд Трампты өз кызматкери сындап чыкты

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясында иштеген жооптуу кызматкер "New York Times" гезитине жазган анонимдүү макаласында өзүн "Ак үйдүн чечимдерине каршылык көрсөтүү" тобунун мүчөсү деп тааныштырат.

Макалада айтылгандай, Трамптын администрациясында иштеген кээ бир жооптуу кызматкерлер атайылап анын айрым чечимдерин көз жаздымда калтырып, аларды ишке ашырбай, мамлекетти президенттин зыяндуу адаттарынан сактап калуу аракетинде.

Автор белгилегендей, президент Трамптын мүнөзүндөгү айрым терс сапаттар ойлонулбаган чечимдердин кабыл алынышына түрткү болуп жатат.

Америкадагы абройлуу "New York Times" басылмасы автору ачык көргөзүлбөгөн макаланы жарыялап, адаттан тыш кадамга барып салтты бузуп жатканын түшүнүп турганын, бирок редакциялык кеңештин мүчөлөрү автордун ким экенин, ал чын эле Ак үйдө жогорку кызматта иштеген адам болгонун билгендиктен коомчулуктун кызыкчылыгында анын пикирин жарыялап жатканын белгилешти.

АКШ президенти Дональд Трамп макаланын авторун "коркок адам" деп сыпаттап, анын аты-жөнүн аныктап чыгууну юристтерге тапшырып, белгилүү басылманы "жасалма гезит" атады.

Көчмөндөр оюндары дүйнө басылмаларында

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга чет өлкөлөрдө жүздөгөн медиа өкүлдөрү келишти. Ондогон ири басылмалар оюндун жүрүшү тууралуу кызыктуу сүрөттөрдү, видеолорду жарыялашты.

"Arabnews" онлайн гезити "дүйнөдөгү салттуу спортту даңазалаган, абдан кооз оюндардын масштабы барган сайын кеңейип, Олимпиада оюндарына барабар деңгээлге жетип калганын, 2014-жылы ЮНЕСКО башында турган бул иш-чарага 20 эле өлкө катышса, быйылкы оюндарга катышкан өлкөлөрдүн саны арбын болгонун" жазат. Ошондой эле бул ирет сыйлуу коноктордун катарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да болгонун белгилейт.

Катардын "QNA" улуттук кабар агенттиги оюндарга 53 өлкөдөн 2 миңден ашуун спортчу катышып, ат чабыш, жаа атуу, бүркүт салуу, күрөш сыяктуу "бедуиндердин" салттуу жарыштары болду деп кабарлап, бул ирет Кыргызстан оюндарды мурдагыдан да мыкты даярдыкта уюштурганын белгиледи.

Британиянын "Daily Mail" гезити байыркы түрк тилдүү көчмөндөрдүн өзгөчөлүгүн даңазалаган оюндардын тарыхына кайрылып, Кыргызстандан кийинки эле эң ири спорттук команда Орусияныкы экенин кошумчалайт. Басылма айрыкча кыз куумай оюнунун кооздугуна көңүл бурган.

Азиялыктар кимдер?

"The Diplomat" журналы Голливуд тарткан "Азиянын акылдан адашкан байлары" аттуу тасманы талдап, анда кытайларга гана тийиштүү кулк-мүнөздү жалпы Азияга ыйгаруу бир аз кара тору келген индиялыктар менен малайзиялыктарга жакпай жатканын жазат. Тасмадагы радикалдык жана класстык бөлүнүүлөрдү мындай коюп, нукура азиялык деген ким деген суроого жооп издеген автор буларды жазды:

"Менин баамымда, Азиядагы ирандыктар, индустар, кытайлар жана хмерлердин цивилизациясы, маданияты ар башка. Алар Батыш менен Африкадагылардан да таптакыр айырмаланып турат. Айрымдар ал тургай Индиядагы маданий кээ бир түшүнүктөр Кытайга эмес, Батышка көбүрөөк окшош экенин байкашат. Ушундан улам нукура "азиялык" деген аныктаманы берүү өтө татаал".

Ошондой болсо да тасмадагы чириген бай жалаң кытайлар деген түшүнүктү четке каккан автор Ахиллес Пиллаламари учурда маданий, антропологиялык, географиялык, диний же башка өзгөчөлүгүнө карабай, "азиялыктар" деген кеңири расага индустар, кытайлар, Жакынкы жана Ыраакы, Түндүк жана Түштүк Чыгыштын жашоочулары кирип калган деген ойдо.

Океанды тазалагысы келген жаш окумуштуу

24 жаштагы голландиялык окумуштуу Боян Слат океандагы желим таштандыларды тазалоочу ири жабдуу ойлоп таап, ал АКШнын Калифорния штатында алгачкы ирет сыналганын "Business Insider" журналы кабарлады. "Океанды тазалоо" уюму менен биргеликте ал беш жылдан бери бул долбоордун үстүндө иштеген.

Жылына деңизге кеминде 8 миллион тоннадан ашуун желим таштанды ыргытылат. Океандын айрым жерлеринде желим таштанды чогулуп отуруп, килейген аралдарды пайда кылган. "Систем 001" деп аталган желимди суудан арылтуучу жаңы жабдуу абдан узун. Аны окумуштуулар Сан Францискодогу океанга салышты. Бул система суудагы пластиктин эң майда бөлүкчөлөрүнө чейин чогулта алат.

Эгерде алгачкы сыноо ийгиликтүү ишке ашса, жабдууну көп санда чыгарып, океандарды массалык тазалоо иштери пландалууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG