Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 00:51

Кыяматтын тогуз себеби аталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (29-октябрь - 5-ноябрь).

Ааламдагы кырсыктардын алдын алууну көздөгөн "The Global Challenges Foundation" уюму Жердин жок болуусуна негизги тогуз опурталдуу учур себеп болорун аныктады.

"Newsweek" журналы окумуштуулардын божомолун узаган аптада жарыялап, макала окурмандардын кызуу талкуусуна алынды. Тогуз себептин биринчиси - өзөктүк курал колдонулган согуш. Эксперттердин баамында, мындай согуш болот деген тобокелдик 10 жыл мурдагыга салыштырмалуу бүгүнкү күндө жогору.

Орусиядагы ракеталык куралдар
Орусиядагы ракеталык куралдар

Согуш адамзатты кырып жок кылгандан тышкары шаарларды талкалап, нур ооруларын пайда кылып, "муз дооруна" өбөлгө түзөт. Экинчи коркунуч - биологиялык жана химиялык куралдар. Мындай куралдарды өндүрүү өтө арзан болуп, зыяндуу микробдор учурда оңой эле даяр болууда.

Үчүнчүсү - климаттын кескин өзгөрүүсү. Жердин орточо температурасы азыркыдан 3 градуска эле ысыса Нью-Йорк сыяктуу океан жээгиндеги бир топ шаарлар суу алдында калып, миллиарддаган адамдар баш калка издөөгө мажбур болот. Төртүнчүсү - экологиялык чөйрөнүн талкалануусу. Мындай шартта таза суу азайып, топурактын сапаты начарлап, биологиялык көп түрдүүлүк жоголот.

Бешинчиси - жугуштуу оорулар. Адамдын организми таптакыр билбеген жаңы оорулар пайда болуп, айрыкча калк жыш жайгашкан шаарларда жайылып, антибиотиктердин күчү кетет. Алтынчы ыктымал себеп - Жер астероид менен кагылышуусу мүмкүн. Мындай кырсык ар бир 120 миң жыл сайын кайталанып турат. Илимпоздор кагылышуудан чыккан чаң атмосфераны бир нече ай бою булгап, жердин экосистемасын толук талкалап, жүз миллиондогон адам кырыларын болжошот.

Жетинчи себеп - жанар тоолордун атылуусу. 400 кубметр чок атмосферага ар бир 17 миң жыл сайын атылып турат. Адамзат, жаныбарлар кырылып, жердин кыртышы талкаланат. Ошондой эле журналдын кабарчысы Кашмира Гандер абанын булгануусу, жасалма интеллект да кыяматка себепчи болот деп белгилейт.

Уйгурлар Кытайдан Ооганстанга качышууда

"Foreign Policy" журналы Кытайдын жазалоочу режиминен улам Ооганстанга качкандардын саны көбөйгөнүн баяндайт. 1949-жылы Кытайда саясий режим алмашкандан тарта Чыгыш Түркстандан Ооганстанга жер которгондор көп болгон.

Шинжаңдагы орозо айы
Шинжаңдагы орозо айы

1990-жылдан бери кытайлык режим уйгурлардын улуттук өзгөчөлүгүн бийликке чоң коркунуч катары баалап, жазалоочу саясатты ишке ашырып келатат. Учурда кайра тарбиялоочу лагерлер уйгурлардын үшүн алууда. Тили, дини окшош болгону менен Борбор Азиядагы Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан Чыгыш Түркстандагы уйгурларга жардам бере албай жатат. Мунун башкы себеби экономикалык алсыздык болууда. Ушундан улам уйгурлар согушка карабай Ооганстандан баш калка издөөдө.

Шинжаң менен чектеш жайгашкан Ооганстандын Бадахшан аймагында уйгурлар саясий кыстоолорсуз, диний эркиндикте жашай алышат. Дал ушул эркиндик уйгурлардын "Ал-Каида", "Ислам мамлекети" өңдүү террордук топторго кошулуусуна да жол ачууда. Айрым эксперттер болжол менен 5 миңге чукул уйгур тектүү согушкер Сириядагы Башар Асаддын режимине каршы баш көтөргөндөрдүн арасында болгонун белгилешет.

Учурда "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунда жүздөн ашуун шинжаңдык уйгур бар экени айтылып жүрөт. Шинжаңдагы мусулмандарга карата Бээжиндин каардуу саясаты, "кайра тарбиялоочу лагерлер" Ооганстандын да ички коопсуздугуна коркунуч жаратууда" деп жазышты журналдын талдоочулары.

Казакстан Кытайга эки эсе көп газ экспорттойт

2019-жылдан тарта Казакстан Кытайга газдын экспортун эки эсе көбөйтөрүн "Asian Nikkei Review" басылмасы кабарлады. "Казтрансгаз" менен "ПетроЧайна" компаниясы жаңы келишимге кол койду. Ага ылайык Кытайга азыркы 5 миллион куб метр газдын ордуна 10 миллион куб метр газ сатылат. Бээжин учурда табигый энергия ресурстарын кенен сатып алчу өнөктөштөрдү издөөдө. Кытайга үзгүлтүксүз газ экспорттоо Бейнеу-Бозой-Шымкент газ кууру курулгандан кийин ишке ашууда.

Бул стратегиялык куур Түркмөнстандын жана Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүп, газдын экспорту 19 миллион кубметрге чейин жеткен. Жакынкы жылдары бул көрсөткүч 55 миллион кубметрге чыгары божомолдонуп жатат.

Дүйнөлүк энергия уюмунун статистикалык эсептөөсүнө караганда, Казакстан газ өндүрүүнү 2018-жылы 19 пайызга көбөйткөн. Мурда Кытайга газ экспорттоо куурлардын начар сапатынан улам аксап келгенин белгилейт жапониялык журнал. Эксперттер ошондой эле жакынкы келечекте казак газы Европага жетет деп болжолдоодо.

Чатырдан түшө албай калган карыя

Лондондо чыккан "Evening Standard" гезити Британиянын Девон аймагында 102 жаштагы адам үйүнүн чатырынан үч күн бою түшө албай жатып каза тапканын жазды. Рон Юстон чатырдагы аба алмашуучу түтүктү оңдогону чыгып, үй менен гараждын ортосундагы бурчта кыпчылып калган.

Коңшулары аны эс учун жоготкон абалда чатырда жаткан жеринен үч күндөн кийин гана табышкан. Тез жардам менен ооруканага жеткирилген карыя өзүнө келе албай жатып, эки күндөн кийин каза тапкан. Жергиликтүү эл кырсык болгон үйгө "Бийиктеги Рон, жаткан жериң жайлуу болсун" деген жазуулары бар гүлдөрдү коюп жатышканын маалымдады гезит.

Карыя жаш кезинде спорттук машине менен жарышка катышып жүргөн. Ал өмүрүнүн соңуна чейин тынбай кыймылдап, үй тиричилигин өзү жасап келгенин жакындары айтышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG