Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:18

Азия экономикасына оомат келди


Кытайдан Москвага багыт алган поезд.
Кытайдан Москвага багыт алган поезд.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (4-11-февраль).

Канаданын "Globe and Mail" гезити Азия континенти 21-кылымдын падышасына айланганын жазды. "Азияны өз учурунда Наполеон уктап жаткан ажыдаарга салыштырган. Эми 21-кылымда ал ойгонуп, бүтүндөй дүйнөгө таасирин жайылтууда. Маселен Кытайдын "Бир куур - бир жол" долбоору 20-кылымда түзүлгөн Бириккен улуттар уюму, Дүйнөлүк банк жана Маршалл планына жумшалган акчадан көп каражат сарпталган ири дипломатиялык, экономикалык максатты көздөйт. Батышка салыштырмалуу азиялыктардын жалпы экономикалык кубаттуулугу барган сайын артып баратат.

Учурда глобалдык ички дүң өнүмдүн 50 пайызы, экономикалык өсүүнүн үчтөн экиси Азияга таандык. Импорт менен экспорттун көлөмү боюнча да бул чөлкөм алдыда. Мындан ары азиялыктарды дүйнөнүн келечеги катары кабылдаса болот. Арабиядан Түркияга чейин, Жапониядан Жаңы Зеландияга карай, Орусия, Австралияны кошкондо соода-сатыкта айланган капитал боюнча Азия Европа менен Түндүк Американы басып өтүүдө. Ошондой эле дүйнөдөгү эң ири банктарга, өндүрүш тармагына, технологиялык компанияларга жана армияга ээ. Буга кошумча жер калкынын 60 пайызы - азиялыктар.

Чөлкөмдө Европадан 10, Түндүк Америкадан 12 эсе көп киши жашайт. Ушундан улам мындан аркы жашоону азиялыктардын көз карашы менен кароого туура келет. Анткен менен аймакта дүйнөнүн эң жакыр жана чакан өлкөлөрүнөн тарта байгер ири державаларга чейин орун алган", - деген басылма Канада менен Азиянын кызматташтыгын жогору баалайт. Себеби Канадага барып жаткан мигранттардын жарымынан көбү азиялыктар. Ошондой эле Канададан жогорку билим алууну көздөгөндөрдүн сап башында кытайлар турарын белгилеген автор Параг Ханна "европалашуу" доору басаңдап, "азиялык" маданият глобалдашып баратканын жазды.

Чөлдү Лас-Вегаска айландыруу аракети

"Eurasianet" онлайн басылмасы Бириккен Араб Эмираттарынын инвесторлору Өзбекстандагы соолуп калган Арал деңизин кумар оюндарынын очогуна айландырууну көздөп жатканын кабарлады. Өзбекстанда чыккан "Дарйо" веб-сайты өлкөнүн Башкы прокуратурасы казино бизнесин кайрадан баштоонун мыйзамдык жол-жобосун карап жатканын жазды.

Соолуп калган Арал көлү
Соолуп калган Арал көлү

Бул идеяны президент Шавкат Мирзиёев да колдоп, экономикасы чөгүп турган Каракалпакстан үчүн пайдалуу болорун белгилеген. Мирзиёев: "Бул аябай оор маселе, бирок зарылчылык бар. Дүйнөдөгү башка өлкөлөрдөй эле биздин да Лас-Вегас сыяктуу ири оюн борборубуз болушу керек. Керек болсо муну Нукуска да курсак болот", - деген. 2007-жылы Ислам Каримов өлкөдө кумар оюндарынын бардык түрлөрүнө тыюу салган.

Бир кезде Арал деңизиндеги порт шаар, эми туздуу суусу соолуган талаа курчаган, бирок аэропорту бар Мойнок шаары араб инвесторлорун кызыктырууда. 30 миң элдин ичинен 11 миңге жакын адам калган, эптеп күн көргөн аймак үчүн да үмүт оту жанды.

Мойноктогу мейманкананын ээси Дилбар Хужамурадова бизнеси өнүгүп, көп киреше табам деп кудуңдап турат. Каракалпакстандык жазуучу Сагынбай Ибрагимов Мойнок Лас-Вегаска айланып кетет дегенге ишенбейт. Ал эми экономист Навруз Мелибаев "эгер идея ишке ашса, ички туризмден тышкары, Борбор Азиянын коңшу өлкөлөрүнөн да туристтер келет" дейт.

Дүйнө отуз жылдан кийин...

Канадалык журналист Жон Иббитсон менен саясат таануучу Дейррел Бриккердин 5-февралда жарык көргөн "Бош планета" аттуу китеби дүйнөлүк медиада кызуу талкууланууда.

Британиянын "Daily Mail" гезити "Дүйнөдө адам калбай калабы?" деген макала жарыялады. "Дүйнөдө 2050-жылга чейин калктын саны кескин көбөйөт деп күтүлүп турганы талашсыз. Азыр 7,7 миллиард адам 9 миллиардга көбөйөт.

Орусиянын Ыраакы Чыгышында ээн калган аймактар көп
Орусиянын Ыраакы Чыгышында ээн калган аймактар көп

Бирок канадалык журналист менен саясат таануучунун пикиринде бери дегенде 30 жылдан кийин адамдардын саны кескин азая баштаары тууралуу жазганында чындык да бар.

"Бош планетанын" жазуучулары Нобель сыйлыгын алган ондон ашуун адамдын арасында сурамжылоо жүргүзүп, Жердин калкын азайтууга жаратылыш апааттары 34%, өзөктүк курал менен согуштар 23%, жугуштуу оорулар 8%, Дональд Трамп сыяктуу бейкапар лидерлердин айынан 6%, жасалма интеллект 4%, коомдогу теңсиздик 4%, маңзаттар 2%, социалдык медиа 2%, фундаментализм жана терроризм 6%, чындыккка кайдыгерлик 6% себеп болушу ыктымал деген жоопту алышкан.

"Wired" журналына китептин авторлору интервью беришип, Бириккен улуттар уюмунун акыркы демографиялык маалыматтарына таянуу менен мындай илимий эмгекти жаратышканын айтышкан. "БУУ адам санынын азаюусуна төрөттүн кыскарышы, аялдардын илим-билимге умтулуусу, миграция жана социалдык теңсиздикти себеп катары атоодо. Ошондой эле маданий кубулуштар да адам санын азайтып, планетанын бош калуусун шартташы мүмкүн", - деген ойлорун билдиришти.

Барби куурчагы алтымышка чыкты

"Time" журналы февраль айындагы санынын биринчи бетине "Барби" куурчагынын чоң сүрөтүн чыгарып, алтымыш жылдык тарыхына кайрылды.

“Барбилер” дүйнөнүн 150 өлкөсүндө сатылууда. 3 жаштан 12 жашка чейинки кыздардын 92 пайызы бул куурчак менен ойнойт. Оюнчук бойдон эле калбастан, "Барби" аялдардагы сулуулукка болгон талапты да өзгөрттү.

Америкада "Барбинин" денеси кыз-келиндердин бир нече мууну үчүн сулуулуктун эталону болуп калды. Куурчактын соодасы 2012-жылдары “Лего” фигуралары, "Диснейдин" "Эльза ханзадасы" чыккан маалда 20 пайызга солгундаган. Батышта Бейонсе, Ким Кардашьян сыяктуу шоу-бизнес жылдыздары чыккандан кийин арык, чачы сары жана денеси ак "Барбилердин" келбети да өзгөрүп жатканы баяндалат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG