Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо Парламенттин жыйындар залына момпосуй алып киргени үчүн депутаттардын каарына калды.
"Канаданын депутаттары жыйындар залында суу гана иче алышат. Таттуу же тамак-аш алып кирүүгө болбойт. 20-мартта Коомчулуктар палатасынын отурумуна Жастин Трюдо момпосуй алып кирип, эл өкүлдөрүнүн ачуусуна тийди.
Консерваторлор партиясынын өкүлү Скот Рейд премьер-министр момпосуйду үстөлүнүн алдына катып отурганын көрүп калып айтып чыккан. Рейд Канаданын коргонуу жана улуттук мурастар боюнча министрлери да ушул эрежени бузуп жатканын айтып, спикерге кайрылды.
"Премьер-министр өз кызматын коррупциялык иштер менен булгап алды, эми буга таттууну да аралаштырып жатат. Мисалы, министрлер кабинети юстиция министри менен башкы прокурорду Квебектеги инженериялык ири компаниядагы пара алуу чырын токтотууга мажбурлады", - деди.
Премьер-министр Жастин Трюдо жыйынга шоколад алып киргени үчүн Парламенттен кечирим сурады. Монреал Либералдар партиясынын депутаты Энтони Хаусфазе социалдык тармакка Трюдо отко бышкан таттуу токочтун ордуна фабрикадан чыккан шоколад жегенине нааразы болгонун жазып чыкты. Бул жагымсыз окуя Парламентте Трюдого эскертүү берген талаш-тартыштуу добуш берүү менен аяктады", - деп жазды "Huffington Post" басылмасы.
СССРди сагынган кыргызстандыктар
"The Diplomat" онлайн журналынын талдоочусу Колин Вуд кыргызстандык социалдык тармактардын колдонуучулары СССРди сагынып жатканын баяндайт.
"Кыргызстандыктар жеген тамак-ашын, селфилерин башкалар менен бөлүшкөндү жакшы көрөт. Бирок жакында советтик доордогу эски ак-кара түстөгү сүрөттөр мода боло баштады. "Фейсбукта" "Бишкек - моя столица" деген баракча пайда болуп, ал барган сайын көп адамды өзүнө тартууда. Бул баракчаны ачкан журналист Эрнис Темиркан "Инстаграмда" да ишин ийгиликтүү улантууда. Ага Бакытбек Мейманбеков жана Константин Конкин аттуу достору жардам беришүүдө. Социалдык медианын колдонуучулары эски сүрөттөрдү көрүп, эскерүүлөрүн жана өз архивиндеги мурдагы сүрөттөрдү Интернетке чыгарып жатышат. Тунук Эсенкулов аттуу студент баракчага 300 сүрөттү белек кылып, чоң көмөк көрсөткөн. Сүрөттөрдүн көбү 1926-жылдан 1991-жылга чейин тартылган. Бул баракча азыр Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азияда да популярдуу болууда. "Фейсбук" жана "Инстаграмдагы" бул баракчаларга 14 миңден 20 миңге чейин адам баш багууда. Аны ачкандар балким жаш муун Бишкектин мурдагы тарыхына кызыгып, Батыш стилиндеги тротуарларда басып жүрүп, советтик жөнөкөй, эски жолдорду көргүсү келет деп ойлошот. Темиркан "Картайганда бул сүрөттөрдүн музейин ачсамбы?" деп тамашалады. Чындыгында "Бишкек - моя столица" социалдык тармактагы коомдук мураска айланууда", - деген ойдо Колин Вуд.
Путин Назарбаевди туурайбы?
"Foreign Policy" журналы "Орусия менен Казакстандын окшоштуктары абдан көп, президенттерди алмаштыруу да эмнеге окшош болбосун?" деген суроого жооп издеди. 78 жаштагы Нурсултан Назарбаевдин президенттиктен кетип, "улут лидери", Коопсуздук кеңешинин жетекчиси бойдон калганы Москвадагы Владимир Путиндин бийлигине өрнөк болушу мүмкүн.
Путиндин төртүнчү президенттик мөөнөтү 2024-жылы аяктайт. Ошентсе да ал бийликти колдон чыгаргысы келбегени айдан ачык. Кремль азыр Назарбаевдин мисалында бийликти өткөрүүнүн мыкты үлгүсүн көрө алды. Эки өлкө көп жагынан окшош. Экономикалары, башкаруу системалары окшош, көп улуттуу эли бар. Экөө бирдей евразиялык баалуулуктар, заманбап жана салттуу идеология жаратууга умтулушат.
Улуттук лидер дегенде эле бийликтин болгон ачкычын бир колго мыкчып отурган бир эле адам ойго келет. Азыр ушундай бир адамдын образын Назарбаев жоготуп, эки ачкычы бар бийликти жаратты. Бул сыяктуу окуя 2008-2012-жылдары Дмитрий Медведев президенттикке шайланганда Орусияда болгон. Бирок анда Путин кайрадан президент болоору баарына белгилүү эле. Казакстандагы азыркы кырдаал буга окшобойт. Орусиядан айырмаланып, Казакстан авторитардык режимди модернизациялоо аркылуу Британиядагыдай жалпы эрежелерге баш ийген экономикалык аймактарды, англис тилдүү жогорку окуу жайларды ачып, мамлекеттик чиновниктерди Батышка окууга жиберип, атүгүл латын арибине өтүп, Сингапур же Түштүк Кореянын моделине багыт алган. Бийликти сыйы менен өткөрүп берип, отуз жыл тактыда отурган казак лидери дүйнөгө өзүн заманбап жетекчи катары көрсөтө алганын жазды талдоочу Александр Баунов.
Дүйнөнүн назарын бурган Ардерн
Бат университетинин саясий зомбулукту изилдеген профессору Брэд Эванс "Newsweek" журналына дүйнө Жаңы Зеландиянын өкмөт башчысы Жасинда Ардерндин террорго адамгерчилик менен кайтарган жообун талдаган макала жазды.
"Социалдык медиа барган сайын жашообузду чырмап, технологиянын эбегейсиз күчү адам баласына кандуу калабалардын барагын ачууда. Айрыкча зомбулукту түз эфирде көрсөткөндөр бул чынжырды тынымсыз улантууну көздөп жатышат. Бирок Жасинда Ардерндин жабыр тарткандардын маңдайын сылап турган, террорчунун атын атабаган, салмактуу, сабырдуу саясаты бул чынжырды үзүүгө карай жасалган кадамбы? Мындай трагедиялар маалында саясатчыларга өзүн алып жүрүүнүн үлгүсүбү? Ардерн ар түрдүү социалдык топтор менен чынчыл, ачык сүйлөшүү аркылуу жарандарынын ой-пикирине таасир тийгизе алды. Ошондой эле өлкөсүндөгү курал-жаракты колдонуу маданиятын да өзгөрттү. Бирок террорчунун атын атабоо деген түшүнүк азырынча адамзат үчүн жаңылыктай. Себеби учурунда Холокосттогу кыргынды жасаган Адольф Гитлерди кантип унутса болот? Мындан ары саясатчылар, коомдун элитасы адам баласын "кылмышкер" жана "жабырлануучу" деген эки топко бөлүп, ортодо чоң ажырым жаратуудан алыстай баштаганы дурус", - деген оюн айтты окумуштуу.