Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Кумтөрдүн кешиги менен тешиги


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (25-март - 1-апрель).

Талдоочу Крис Риклтон «Eurasianet» басылмасына «Кыргызстан: Кумтөрдөн калчу аңды толтуруу» деген темадагы макаласын жарыялады.

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) алдыдагы жылдары Кумтөрдөгү алтындын запасы түгөнөрүн, тез арада анын ордун толуктай турган ири өндүрүш керек экенин эскертти.

«Жерүйдөгү алтынды иштетүү жыл этегине чейин башталат» деген кабар менен фонддун бул маалыматы бир мезгилде чыгып жатат. 2018-жылы «Кумтөр» ишканасы кыргыз экономикасынын 8,5 пайызына барабар киреше берген. 20-марттагы ЭВФтин билдирүүсүнө караганда, 2023-жылга чейин Кыргызстандын алтын экспорттоо 38 пайызга төмөндөйт. «Центерра» ишканасы 2026-жылга чейин алтын казууну улантат.

Крис Риклтон.
Крис Риклтон.

Жерүйгө орусиялык «Платинум» компаниясынын контрактору «Альянс Алтын» ишканасы курулуш иштерине 273 миллион доллар жумшаганын, резервдеги 100 тонна алтынды казуу үчүн жалпысы 593 миллион долларлык инвестиция керек экенин белгилеген, «Бирок бул кен торонтолук компания иштеткен Кумтөрдүн ордун баса алабы?» деген суроого жооп издеген Риклтон, «Кумтөрдүн» 2011-жылдан берки өндүрүш көлөмүнө да токтолуп, алтын казуу барган сайын азайып баратканын белгилеген.

Мындан тышкары автор чет элдик кен казуучулардын өлкөдө иштөөсүнө тоскоол болгон саясий жагдайларды жана жергиликтүү элдин нааразычылыгын да талдап, Кыргызстан мындан ары кен казуудан эле экономикалык пайда издебей, казынаны толтуруунун башка жолдорун табуу зарыл деген оюн билдирген.

Климаттын өзгөрүшү Кыргызстанды да өзгөртөт

Британиялык журналист, климаттын өзгөрүшүн иликтеген талдоочу Кейт Арнольд Кыргызстандагы сапары, өлкөдөгү климаттын өзгөрүшү элдин жашоо-турмушу менен улут аралык мамилеге чейин таасир этип жатканы тууралуу «Geographical» басылмасына блог жарыялады.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ал Навил Шулман атындагы сыйлыкты жеңип алып, Кыргызстандагы мөңгүлөр жана сугат системасын иликтеш үчүн келип, Ферганадан тоолуу Нарынга чейин атчан, жөө жана велосипедчен кыдырып, глобалдык жылуулуктун кыргыз жергесине тийгизген таасирине байкоо жүргүздү.

Мөңгүлөрдү изилдеген кыргызстандык окумуштуулардын тобуна кошулган талдоочу 4 260 метр бийиктиктеги Нарын дарыясынын башатындагы эрип жок болуп бараткан мөңгүлөргө чейин чыккан.

Борбор Азиянын чок ортосундагы Кыргызстан сууга бай болгону менен Дүйнөлүк банктын божомолунда, бул кылымдын соңуна чейин аймагынын жарымынан көбү чөлгө айланат. Себеби мөңгүлөр укмуштуудай тездик менен эрип жатат. Бул кубулуштун азабын жергиликтүү малчылар, дыйкандар тартууда. «Биз барганда жайкысын суусу мелмилдеп турган, көз жоосун алган Курумдук тоосундагы Көл-Төр соолуп турган экен» дейт автор.

Тоолук малчылар барган сайын кургакчылык күчөп, топоз, кой, эчкилер жайыт таппай кыйналганын айтышкан. Арнольд Фергана өрөөнүнө чукул талааларга сугат суу жетпей, пахталар гүлдөбөй жатканын да бир нече айылдын мисалында көрсөткөн.

Кейт Арнольд Баткендин Ак-Сай, Ворух айылдарында да болуп, ал жактагы чек ара чырына жайыт жана сугат суу себеп болуп жатканын жергиликтүү элдин оозунан уккан. Блогдун соңунда Арнольд Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн дипломатиялык мүмкүн болуучу жаңжалдарына климаттын өзгөрүшү чоң таасир этерин, муну геосаясий айдыңда терең талдап, алдын алуу зарыл болорун эскерткен.

Кыргызстанга ашык болгон индиялык жазуучу

Индиянын DNA онлайн басылмасына Кыргызстан тууралуу индиялык кинорежиссер, жазуучу Нилосри Бисвастын макаласы жарык көрдү. «Кыргызстанды XX кылымдагы СССРден калган, Жибек Жолунун боюндагы чакан өлкө катары элестеткем. Бул жактан жылуу мамилени, тамашакөй адамдарды, адамгерчиликтүү элди жолуктуруп, ичим жылып, жүрөгүмдүн бир бөлүгүн Кыргызстанда калтырып кетип баратам. Тянь-Шань тоолоруна курчалган, Борбор Азиядагы чакан өлкөнүн аймагынын 97 пайызы тоолордун кучагында жатат.

Бишкектеги Индиянын сүрөт көргөзмөсүнөн.
Бишкектеги Индиянын сүрөт көргөзмөсүнөн.

Кыргызстан Индия үчүн АКШ менен Орусияны кызыктыргандай эле геосаясий өңүттө мыкты өнөктөш боло алат. Эки өлкө туризм, фармацевтика, медицина, соода тармагында ымаласын өнүктүрсө болот. Бирок менин жүрөгүмдү адамгерчиликтүү кыргызстандыктар багындырды. Базарга барганда кургатылган жемиш саткан киши «Жими, жими, ача, ача», - деп Митхун Чакробортинин ырын созгондо Индия маданияты кыргыздарга терең сиңгенине таң калдым.

Кыргызстан эгемен өлкө болгондон кийин өз жолун таап, өнүгүп, заманбап жашоого умтулууда. Муну менен катар чайканаларда чай ичип, ачык базарда соода кылган эл өзүнө гана тиешелүү салттарын сактап кала алган. Бишкектеги кооз эстеликтер, жаңы салынган имараттар көздүн жоосун алат. Кыргызстан башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарга карабай, шайыр, бактылуу, романтикалуу өмүр сүргөн өлкө катары жүрөгүмдө кала берет. Кетип жатканда Чыңгыз Айтматовдун: «Кош бол, Ысык-Көл, айтылып бүтпөй калган махабат баяным», - деген сөздөрүн эстедим», - деп жазды Бисвас.

НАСА кыймылдабай жаткандарга акча төлөйт

НАСА эки ай кыймылдабай, төшөктө жатып берген адамга 14 миң фунт стерлингге барабар акы төлөп берерин «Daily Mail» гезити жазды. Бул жаңылык узаган жумадагы дүйнөлүк басылмаларда эң көп окулган темага айланды.

Космостогу микрогравитацияны иликтеш үчүн Германиянын Көлн шаарындагы лабораторияга жыйырмадан ашуун ыктыярчы талап кылынууда. Алардын ден соолугу чың болушу керек. Ыктыярчылар 60 күн төшөктөн турбай, тамакты жаткан тейде ичип, китеп окуп, телевизор гана көрө алат. Баары немис тилинде эркин сүйлөшү керек.

Тажрыйба учурунда жаткан адамдардын кан басымы, кан айлануу системасы, булчуңдары иликтенет. Бул сыноо космоско туризмди баштоодо адамдын саламаттыгын иликтеш үчүн жүргүзүлөрү айтылууда. Ыктыярчылар ошондой эле жасалма гравитациялык камераларга да жаткырылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG