Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Азияда кыздарды уурдаган кытай мафиясы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

(Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама. 6-13-май, 2019-жыл).

«The Diplomat» басылмасы Кыргызстандагы жергиликтүү журналистиканын кыйынчылыгы менен өнүгүү жолдорун талдаган макала жарыялады. «Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстан басма сөз эркиндигине ээ. Бирок өлкөдөгү кыргыз жана орус тилдүү журналистиканын сапаты төмөн болгондуктан, бул эркиндиктин кадыр-баркы жоктой. Сапатсыз журналистиканын тамыры тереңде. Медиа адистерин даярдаган окуу жайларында программалар эскирген, окуу советтик ыкма менен гана жүргүзүлөт. Натыйжада азыркы заман талабына жооп берип, бейтарап, бир маселени ийне-жибине чейин иликтей алган журналисттер чыкпай жатат. Ушундан улам өлкөнүн демократиялык акыбалы да начар. Кыргызстандагы журналисттерди даярдаган окуу программалары түп-тамыры менен өзгөрүп, техникалык жаңылануу болмоюн кыргыз журналистикасы коррупциялашкан, ишенимсиз тармак бойдон кала берет. Биринчиден, далилге таянган, бейтарап, мыкты талданган макаларга, баяндарга эл муктаж. Окутуу системасын жаңыламайын акыбал оңолбойт. Өлкөдө журналистика өнүксө андан мамлекетке эле пайда. Кесипкөй медиа бийлик менен элдин байланышын чыңдайт. Онлайн басылмалар чыр-чатак, сенсация, ушак куубай, такталган гана маалыматтарды бергенди үйрөнүшү керек. Журналисттер жергиликтүү элдин жана эл аралык этиканы да сактоого милдеттүү», - деп жазган Вашингтон университетинин Борбор Азия боюнча талдоочусу Элмурат Ашыралиев.

«Жибек виза» чөлкөмдөгү сооданы жандантабы?

Борбор Азия өлкөлөрү чөлкөмдө Европанын Шенген визасына окшош «Жибек визаны» киргизери көптөн бери эле айтылып жүрөт. «Мындай визаны киргизүү менен аймакта сооданы жандантса болобу?» деген суроого Британиянын «Financial Times» гезити жооп издеген.

Казак-кыргыз чек арасы.
Казак-кыргыз чек арасы.

Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын ортосунда «Жибек виза» аймагы жаралса чек аралар ачылып, бул өлкөнүн жарандарына бир топ мүмкүнчүлүктөр түзүлмөк. Ал арада Өзбекстан өз аймагында 30 күн бою визасыз саякаттоого 45 өлкөнүн жарандарына уруксат берди. Ондогон жылдардан бери аймактын беш өлкөсү бири-биринен чочулап, чек арасын бекитип келген эле. Шавкат Мирзиёев бийликке келгени бул кырдаал өзгөрүп баратканы байкалууда. Тышкы инвесторлор да «Жибек визасына» өзгөчө көңүл буруп жатышат. Маселен, Дүйнөлүк соода уюмунун өкүлү Алан Вулф былтыр эле Борбор Азиянын ич ара соода катышы мурдагы жылдарга салыштырмалуу 50 пайызга өскөнүн билдирди. Гезиттин кабарчысы Настасья Астрашеевская Кытайдын «Бир жол - бир алкак» долбоору да визасыз жүрүүгө шарт түзүшү мүмкүн экенин, ошондой эле Өзбекстан аймактагы ич ара карым-катышты жакшыртууда лидерлик ролду аткарып жатканын баяндаган.

Колуктуларды уурдап саткан кытайлар

Кытайдагы колукту.
Кытайдагы колукту.

«Deutsche Welle» маалымат кызматы кытайлык уюшкан кылмыштуу топтор Пакистандан кыздарды уурдап, сатып жатканын жазып чыкты. 60 жаштагы Башир Ахмад аттуу пакистандык адамдын 24 жаштагы кызы Ямна Бибинин январь айындагы окуясын мисал келтирген агенттик, Пакистандагы жакырчылыкты Кытайдын киши сатуучу топтору өз пайдасына колдонуп жатканын кабарлайт. Бибини атасы Лахордогу нике агенттиктери аркылуу Кытайдын жаранына турмушка узатып, бирок кызы Кытайга барганда сойкулукка мажбурланганын билген. Ахмад кызын куткарыш үчүн бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, акыры кызын кайтарып алган. Бирок Пакистандагы кедей социалдык катмардын арасында өлкөгө көп санда келип жаткан кытайлыктарга турмушка чыгып, жакырлыктан кутулуп, өз өлкөсүнөн кетүүнү самаган кыз-келиндер арбын. Ушундан улам өлкөдө кытайларга турмушка чыгуу толкуну башталды.

Жакында Пакистандын Федералдык иликтөө агенттиги киши сатуу боюнча шектүү катары сегиз кытай жаранын кармады. Алардын баары жергиликтүү кыздарды «жасалма никеге» тургузуп, Кытайга сатып жатканы маалым болгон. «Human Rights Watch» уюму Пакистандын бийлиги Кытайга кыз берүүдө өтө кылдат болуш керек экенин эскертип, мындай киши сатуу схемалары Азиянын башка да беш өлкөсүндө Кытайдын жарандары тарабынан кызуу соодага айлантылганын билдирди. Пакистандын өкмөттүк эмес уюмдары да өлкө тартип органдарын кытай жарандары жүргүзгөн киши сатуу өнөкөтүн кылдат кароого чакырып, кытайларга виза берүүнү чектөөнү суранып жатышат.​

Азиянын эли байыган сайын ичимдикке берилүүдө

Азия элинин кирешеси арбыган сайын айына жок дегенде бир жолу эс-учунан тангыча мас болуп ичкендер да көбөйдү. ​«Asia Times» журналы Британияда жүргүзүлгөн иликтөөгө таянып, 1990-жылдарга салыштырмалуу Кытайда, Таиландда, Вьетнамда жана Борбор Азия өлкөлөрүндө ичкилик ичкендер арбып баратканын жазды.

Маселен, Кытайда 2017-жылы баш көтөрбөй ичкендер 30 пайызга, Вьетнамда 16, Таиландда 24 пайызга көбөйгөн. Ал тургай Азиянын эң чакан Бутан, Чыгыш Тимор сыяктуу өлкөлөрүндө да ичкендер 14 пайыздан 20 пайызга чейин арбыган. Калкынын басымдуу бөлүгү мусулмандар болгон Борбор Азияда да ичимдик ичкендер улам көбөйүп баратат. Бул аймак бир нече кылым бою Орусиянын колониясы болуп тургандыктан, ичкендердин үлүшү Батыш Европадагыдай. Калкынын саны эң эле көп Индияда да ичкендер абдан көбөйсө да, элинин 57 пайызы ачкылдан даамын тата элек. Бирок «Asia Times» гезити Ооганстанда, Бангладеште, Брунейде, Пакистанда жана Индонезияда таптакыр ичпегендер 80-90 пайызды түзөрүн белгиледи.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG