Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:22

АКШ жарандарын Кой-Ташка барбоого чакырды


Кой-Таш айылындагы Алмазбек Атамбаевдин үйү.
Кой-Таш айылындагы Алмазбек Атамбаевдин үйү.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (24-июнь - 1-июль, 2019-жыл).

«The Diplomat» аналитикалык журналынын баяндамачысы Кэтрин Пут Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы акыркы окуяларды талдаган макала жазды. Журналист: «Кыргызстандын саясаты бир калыпта турбайт. Буга 2005, 2010-жылдардагы элдин каршылык акциялары менен бийликтин алмашканын мисал келтирсе болот. 2011-2017-жылдары өлкө башында турган Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин мыйзам чыгаруучулар алып коюшту. Ал Кой-Таш айылында өз үйүндө боз үйлөрдү тигип, басма сөз борборун ачып, үйүнүн айланасын бекемдеп жатат. Атамбаевге карата бир топ кылмыш иштери козголуп, жакында камалары күтүлүүдө», - деген пикирин билдирип, АКШнын Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Мараттын акыркы жагдай боюнча пикирин сураган.

Эрика Марат.
Эрика Марат.

Марат: «Атамбаевди сот жообуна тартуу менен Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүгө даяр экенин көрсөтүп жатат. Бирок коррупция ал өзү башкарган өкмөт менен парламентте күчөдү. Азыркы кырдаалдан дал ошол жемкорлор гана пайда табууда. Башка мурдагы советтик өлкөлөрдөй эле, Кыргызстандагы реформаланбаган прокуратура системасы саясий режимдин гана куралына айланган. Бул көрүнүш Атамбаевдин убагында деле күчүндө болчу. Кылмыш иштерин кылдат иликтөөнүн ордуна мурдагы советтик соттор бийликтин буйругун аткаруу менен алек», - деп жооп берген. Басылма ал арада АКШнын Мамлекеттик департаменти өз өлкөсүнүн жарандарына Кой-Таш айылына жакын жерлерге саякаттап барбоого үндөгөн эскертүү таратканын маалымдайт.​

Калтырак баскан Ангела Меркелдин убайымы

Акыркы убакта Германиянын канцлери Ангела Меркелдин ден соолугуна кабатыр болгондор көбөйдү. Германиянын «Bild» басылмасы: «Лидерлер ар түрдүү саммиттерге, жолугушууларга 17 сааттан ашык катышып, чыдамкайлык сынагын тапшырышат. Маселен, 2015-жылы февралда орус президенти Владимир Путин менен Меркелдин Москвадагы сүйлөшүүсү туура 17 саатка созулган. Бирок анда ал чарчаганын билдирген эмес.

Ангела Меркел Украин президенти Владимир Зеленский менен.
Ангела Меркел Украин президенти Владимир Зеленский менен.

Украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу маалында немис канцлеринин калтырап жаткан видеосу дүйнө элин чочутту. Кийин канцлер катуу чаңкап, андан улам кыйналганын айтты. Немис дарыгерлери «киши суусаганда кан айлануу системасы жабыркап, калтырай баштайт» дешет. Анткен менен Меркел буга чейин деле мээ кайнаткан 50 градустук аптапка туруштук берип, Малиде немис аскерлери менен жолугуп, Бээжиндеги Тяньаньмэн аянтында парадга катышкан. Анда канцлер мынчалык калтырап-титиреген эмес. Бийликтеги 14 жылда Меркел бир нече ирет өзүн жаман сезген. 2014-жылы ал ZDF телеканалында сүйлөп жатканда башы айланганын айтып, суу ичип, шоколад жеген. 2015-жылы опера көрүп олтуруп, отургучтан жыгылып түшкөн. 2017-жылы Мехикодо да Зеленский менен тургандагыдай калтырап-титиреген эле», - деп жазат.

Борбор Азия согушкерлерди эмне кылат?

Британия, Франция, Дания «Ислам мамлекети» террор тобуна кошулган жарандарына карата оор чара көрүп, ал тургай жарандыктан чыгарып жаткан чакта Борбор Азиянын айрым өлкөлөрү согуш майданынан жоочуларын мекенине кайтарууда. «Борбор Азия «Ислам мамлекети» радикал тобуна кошулгандарды чогултуп эмне кылат?»- деген суроого «Open Democracy» изилдөө институтунун талдоочусу Эдвард Лемон жооп издеп, атайын баяндама жазган.

«2011-2018-жылдар аралыгында Сирия менен Иракка Борбор Азиядан 2 миңден 5 миңге чейин жаран кетип, согушкерлерге кошулган. Айрымдары ал жакта турмуш куруп, бала-чакалуу болгон. Бирок согуш талаасынан качкан кыз-келиндер менен балдарды кайра аймакка кайтаруу иштерин 2015-жылы Тажикстан баштап, 300 адамдын «күнөөсүн кечкен». 2019-жылы Казакстан менен Өзбекстан да ушундай кадамга барып, 524 жаранын өлкөгө кайтарышты. Кыргызстан азырынча бул багытта чечим чыгара элек. Сирия менен Ирактан кайткандарды бийлик катуу көзөмөлдөп, «кайра тарбиялоочу» жайларга жайгаштырганы менен аларды андан ары эмне кылат деген суроо азырынча жоопсуз бойдон. Казакстанда террорчулук менен алектенгендерди кайра тарбиялоочу тажрыйба бар. 2014-жылы Гуантанамо түрмөсүндө отурган беш чет элдик жаранды кабыл алып, Эл аралык кызыл чырым уюмунун колдоосу менен аларды Семей шаарында реабилитациядан өткөргөн. Жарандарын кайра тарбиялаш үчүн Борбор Азия мамлекеттери Кытайдын мусулмандар үчүн уюштурулган лагерлеринин үлгүсүн киргизе алат. Сирия менен Иракта болгон казакстандык мурдагы согушкерлерди кайра тарбиялоочу Актау шаарындагы психологиялык борбордун адистери кайтып келгендердин жүрүм-туруму акырындап өзгөрүп, кийген кийими оңолуп, кара түстөгү никабды түстүү кийимге алмаштырып жатышканын айтышты», - дейт автор.

Опурталдуу селфинин айынан өлгөндөр

Франциянын «Le Figaro» гезити дүйнө жүзүндө өзүн сүрөткө тартып жатып өмүрү кыйылгандар улам көбөйүп жатканын маалымдайт. Ушундан улам айрым өлкөлөр атайын эрежелерди чыгарууда.

Крымдагы аскада селфи тартып жаткан адам.
Крымдагы аскада селфи тартып жаткан адам.

Маселен, Индияда «селфисиз зоналар» белгиленсе, Орусиянын полициясы коомчулукка: «коопсуз селфи тартуунун эрежелерин» таркатып, «мыкты селфиден да өмүр кымбат» деп эскертип жатат. Быйыл АКШда жыл башынан бери 14 адам өзүн өзү сүрөткө тартып жатып көз жумду. Алардын көбү Улуттук парктагы Чоң каньондон кулагандар. Бразилиянын, Германиянын, Вьетнамдын тургундары машине, мотоцикл айдап баратып селфи тартып каза табышкан. Бийик имарат же тоодон кулаган «селфичилер» да көбөйдү. Польшадагы Освенцим музейинде селфи тартып, социалдык медиага жарыялоого тыюу салынды. 2011-2017-ылдары селфи тартуу учурунда 259 адам көз жумган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG