Хиллари Клинтон (эскерте кетели, ал маршка келбейт) Твиттердеги баракчасында марштын катышуучуларына колдоосун билдирди:
"Биздин баалуулуктарыбызды коргоп жатканыңыз үчүн рахмат. Бул азыр буга чейин болуп көрбөгөндөй маанилүү. Биз дайыма чогуу болгондо күчтүү болоорубузга чындап ишенем!”.
Вашингтондогу Улуттук аллеяны бойлой өтө турган марш расмий түрдө кечки саат 9да башталды. Акциянын катышуучуларынын алгачкы тобу чогулду. Катышуучулардын кийиминин бейформал түсү – кызгылт. Сөзсүз түрдө токулган бир буюм болушу керек (мисалы, моюн орогуч, же баш кийим).
The New York Times бүгүнкү “Вашингтондогу аялдар маршын” “контр-инаугурация” деп атады. Маршта алгачкы сөздү америкалык журналист, 60-70-жылдардагы феминисттер кыймылынын өкүлү Глория Стайнем сүйлөйт. Маршка 60-жылдардагы америкалык солчул-радикалдуу кыймылдын активисти Анжела Дэвис келет деп күтүлүүдө. Беш күндөн кийин Дэвис 73 жашка чыгат.
Митингдин катышуучулары Вашингтонго транспорттун мүмкүн болгон бардык түрлөрү менен жетишүүдө. Жолдо баратып тарткан сүрөттөрдү да социалдык тармактарга жүктөшүүдө.