Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Вашингтондогу аялдар маршы

Вашингтондо Дональд Трамптын АКШ президенти болуп ишке киришкенине каршы миңдеген адам катышкан нааразылык акциясы өттү. Нааразылар арасында активисттер, саясатчылар, укук коргоочулар жана маданият ишмерлери болду. Акцияда актриса Скарлетт Йоханссон, режиссер-документалист Майкл Мур жана Вашингтон шаарынын мэри Мюриэл Боузер сүйлөштү.

22:37 21.1.2017

Вашингтон бийлигинин маалыматы боюнча, шаарда маршка 500 миңге чейин адам катышууда. Бул башында болжолдонгондон дээрлик 2 эсе көп.

 

22:09 21.1.2017

Ошондой эле Стайнем антиисламчыл маанайды сынга алды.

 

 

Эгерде силер мусулмандардын тизмесин түзө турган болсоңуз, анда биз баарыбыз мусулман катары катталабыз.

22:06 21.1.2017

Активист Глория Стайнем Дональд Трамптын программасындагы түрдүү жоболорду, анын ичинде Мексика менен чек арада дубал тургузуу убадасын кескин сынга алды.

 

 

Берлинде ушул өңдүү маршка чыккандар мындай дубалдар иштебей турганын айттырып жиберишти.

22:00 21.1.2017

"Аялдар маршынан" бир көрүнүш.

 

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG