Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Вашингтондогу аялдар маршы

Вашингтондо Дональд Трамптын АКШ президенти болуп ишке киришкенине каршы миңдеген адам катышкан нааразылык акциясы өттү. Нааразылар арасында активисттер, саясатчылар, укук коргоочулар жана маданият ишмерлери болду. Акцияда актриса Скарлетт Йоханссон, режиссер-документалист Майкл Мур жана Вашингтон шаарынын мэри Мюриэл Боузер сүйлөштү.

01:32 22.1.2017

 

Париждеги акциядан бир көрүнүш
Париждеги акциядан бир көрүнүш

01:04 22.1.2017

Сүрөттөргө караганда Вашингтондун борборундагы чоң талаада чогулган аялдар маршынын катышуучуларынын саны Дональд Трамптын кечээ өткөн инаугурациясын көргөнү келгендердин санынан бир кыйла ашат.

 

00:31 22.1.2017

Маршка катышкан белгилүү адамдардын бири актриса Скарлетт Йоханссон президент Трампка кайрылды: "Мен сизди колдогум келет, бирок адегенде мага жана башка аялдарга колдоо көрсөтүүңүздү өтүнөм".

 

00:23 22.1.2017

“Чирс” сериалынын актрисасы Элли Кёрсти Твиттерде “маршка чыккандар бардык аялдар нааразы дегенди билдирбейт” деп жазды (2016-жылдын жазында Кёрсти Трампты колдоп чыккан).

"Алар бардыгынын атынан сүйлөй албайт. Алар өз атынан чыгышууда. Аларда мындай укук бар".

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG