Вашингтондо аба ырайы көп деле суук эмес, абанын температурасы +12. Бирок марштын уюштуруучулары шаардын борборунда үшүгөндөр жылына турган бир нече пункт ачышты. Ал жерде кофе ичип, шам-шум этип алса болот.
“Азаттык” радиосунун кабарчысы Карл Шрек акциянын катышуучулары менен баарлашты. “Эмне үчүн бул жакка келдиңиз?”. “Биринчи кезекте аял болгонум үчүн келдим. Бул жерде азыркыдай тарыхый учурда болуу – бул менин милдетим экенин сезип турам”.
Актриса жана активист Америка Феррейра маршты ачты. “Президент – Америка эмес! Америка – бул биз!”, - деп айтты Феррейра.
Дональд Трамп жана вице-президент Майк Пенс ушул мүнөттөрдө Вашингтондогу кафедралдык чиркөөдө конфессиялар аралык сыйынуу жөрөлгөсүнө катышууда. Бул Жорж Вашингтон президент болгондон бери уланып келаткан салт.
Биринчилерден болуп “Аялдар маршына” бүгүн Жаңы Зеландиянын жашоочулары чыкты. Алардын жолун жолдоп, маршка Кыргызстандын, Австралиянын, Тайланддын, Индиянын, Түштүк Африка Республикасынын, Сербиянын, Швейцариянын жана башка өлкөлөрдүн жашоочулары да кошулду.