Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Вашингтондогу аялдар маршы

Вашингтондо Дональд Трамптын АКШ президенти болуп ишке киришкенине каршы миңдеген адам катышкан нааразылык акциясы өттү. Нааразылар арасында активисттер, саясатчылар, укук коргоочулар жана маданият ишмерлери болду. Акцияда актриса Скарлетт Йоханссон, режиссер-документалист Майкл Мур жана Вашингтон шаарынын мэри Мюриэл Боузер сүйлөштү.

23:17 21.1.2017

"Аялдар маршы" АКШнын бардык ири шаарларында өтүп жатат. Калкынын саны боюнча Вашингтондон кийин экинчи орунда турган Чикагодо маршка 150 000 киши чыкты.

 

23:31 21.1.2017

Дональд Трамптын Твиттерге бүгүн жазган алгачкы билдирүүсү.

"Мен үчүн силерге, улуу Америка элине АКШнын 45-президенти катары кызмат кылуу чоң сыймык".

 

23:44 21.1.2017

Вашингтондогу марштан сүрөттөр.

 

 

00:08 22.1.2017

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Жон Керри акциянын катышуучулары менен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG