Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Мюллер: Гумжардам деген сөз оңго-солго айтылууда


19-августта гуманитардык жардамдын эл аралык күнү белгиленет. “Азаттыктын” суроолоруна Кызыл чырым эл аралык комитетинин Кыргызстандагы миссиясынын жетекчи орун басары Рафаэлло Мюллер жооп берди.

- Гуманитардык жардамдын күнү белгиленгенде, албетте, сиздердин уюм тууралуу сөз кылбай коюу болбойт. Кызыл чырым 1863-жылы швейцариялык Анри Дюнан тарабынан негизделген. Башкача айтканда эмки жылы 150 жылдыгы болот экен. Комитеттин 3 жолу Нобель Тынчтык сыйлыгына татыганы да өзгөчө бир көрсөткүч болсо керек. Мюллер мырза, Кызыл чырымдын миссиясы тууралуу учкай айтып берсеңиз.

- Кызыл Чырымдын ар кыл бөлүмдөрү бар. Ар бир өлкөдө Кызыл чырым же Кызыл жарым айдын улуттук уюму иштейт. Биздин эл аралык комитет адегенде согуш майданында жабыркаган аскерлерге жардам берүү максатында уюшулган. Кийин улуттук уюмдар ошондой куралдуу жаңжалдарда жоокерлерге гана эмес карапайым адамдарга, жаратылыш кырсыктары болгон учурларда жардам берүү багытында иш алып бара баштады. Биринчи Дүйнөлүк согуштан кийин Улуттук уюмдардын лигасы тузулгөн, азыр болсо ал федерация деп аталууда. Биздин комитет куралдуу жаңжалдар кырдаалында иштейт, ал эми федерация улуттук уюмдар менен табигый кырсыктардан жапа чеккендерге, социалдык, медициналык жактан муктаж адамдарга жардам берүү чөйрөсүндө кызматташат. Дагы бир функциябыз – ар кандай чукул кырдаалдарга даярдык көрүү, эл аралык гуманитардык укуктарды сактоо. Анын ичине Женева конвенциясы жана бир катар документтер кирет. Биз куралдуу күчтөр, мамлекеттер, структуралар менен бул багытта иш алып барабыз. Армия ар кандай жаңжалдарда өзүн кантип алып баруу керектигин билүүго тийиш. Себеби куралдуу жаңжал бул - бири бирин туш келди өлтүрүү эмес. Согуш жургүзүүнун да эл аралык жол-жоболору бар. Биз андан тышкары чыр-чатактар, кырсыктар маалында бири бирин жоготуп койгон адамдарга жардам берип, үй-бүлөлүк байланыштарды калыбына келтирүүгө көмөктөшөбүз.

- Кыргызстанда Ош окуяларынан кийин ошондой жардам сурап кайрылгандар болду беле?

- Ооба, болгон. Канча болгонун так айта албайм. Мурдагы советтик жумурияттардагы улуттук комитеттер ошондой эле Экинчи дүйнөлүк согушта дайынсыз жоголгон адамдарды издеп табуу менен алектенет. Азыркыга чейин жакындарынын мүрзөлөрүн же дайын-дарегин издегендер көп. Кыргызстанда да ошондой өтүнүч менен кайрылгандар бар.

- Кыргызстанда адистерди үйрөтүү, алдын алуучу чараларды окутуудан тышкары кандай иш алып барасыңар?

- Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларда биз активдүү аракеттенип келдик. Ошол кездеги кырдаал, албетте, куралдуу жаңжал деп атоодон алыс эле. Анын укуктук так аныктамасы да жок. Ал жаңжал эмес, ошол эле маалда жөнөкөй тополоңдун алкагынан чыгып, кооптуу нукка бурулган. Дал ошондой абалда биз жардам беребиз. Биз үйлөрүнөн ажыраган элдерге убактылуу чакан турак-жай куруп бердик. Албетте, зыңкыйган сарайлар эмес, 2-3 бөлмөлүү убактылуу башпааналай турган үйлөрдү тургуздук. Бирок жөн гана жардам бербестен, биз сапатына көп көңүл бурганбыз. Мен да ошол маалда качкындар Өзбекстанда баш калка издеп агылганда жеринде бир нече жума болгом. Биз качкындарга жардам берүү үчүн бар аракетибизди жумшаганбыз. Өзбекстандагы лагерлерде шарттардын түзүлүшүн, тамак-аш, суу, дааратканалар, жууна турган жай менен камсыз кылынышын көзөмөлдөгөнбүз.

- Кыргыз өкмөтү өзбек тектүү жарандарга жетиштүү жардамдашкан эмес, аларды коргоп кала алган эмес деген сын азыркыга чейин айтылууда. Сиз окуяларга өз көзүңүз менен күбө болгонсуз. Ушундай сын жүйөлүбү?

- Мен бул суроого жооп бере албайм.

- Алдыда кандай пландарыңар бар?

- 12-сентябрда Кыргызстандын Женева конвенциясына кол койгонуна 20 жыл болот. Бул чоң бир иш-чара. Тышкы иштер министирлиги менен бирге көргөзмө, бир катар иш-чараларды уюштурганы жатабыз. Биз жаза өтөө системасында да иш алып барабыз. 2005-жылы абактарда кургак учуктун жайылышына бөгөт коюу программасын баштаганбыз. Башкалар менен бирге түрмөлөрдү, ооруканаларды ондоп түзүүгө, медициналык кызматкерлерди окутууга жардамдашканбыз. Натыйжада кургак учуктан каза болгондордун саны азайды. Программа дагы бир нече жыл уланмакчы.

- Гуманитардык жардам деген сөз өз баркын жоготуп бараткандай. Жардам муктаж адамдарга жетпей эле, аны өз чөнтөктөрүнө салып алгандар тууралуу көп сын айтылып жүрөт. Сиздердин комитет жардамдын сарпталышын кантип көзөмөлдөйт?

- Менимче, гуманитардык жардам деген сөз оңго-солго пайдаланып калган. Азыр анын мааниси айрым кездерде түшүнксүз болууда. Биз жасаган ишибиз үчүн жооп беребиз. Жардам берээрдин алдында жерине барып, кырдаал менен жакындан таанышып кетебиз. Ошентип гана ар кандай булактардан түшкөн каражаттын максаттуу жумшалышын көзөмөлдөй алабыз. Тилекке каршы мен деле гуманитардык жардам деген сөзгө татыбаган иштерге күбө болгом.

- Бул күнү сиздер өз өмүрлөрүн тобокелге салып, уруш очокторунда иштеген кызматкерлерди эскерсеңер керек. Жаңылыктарда Кызыл чырымдын кызматкрелерин барымтага алуу, атугүл өлтүрүп кеткен учурлар жөнүндө көп эле айтылат. Пакистандын Кветта шаарында өлтүрүлгөн британиялык Халил Дэйлдин мисалы эле келтирсек болот. Ушундай кооптонууга карабай, уюм менен кызматташууга, ыктыярчы болуп иштөөнүү калаган адамдар көп элеби?

- Азыркыга чейин эч кандай тартыштык болгон деп айта албайм. Кээде жергиликтүү элдин тилинде сүйлөгөн кызматкерлерди табуу кыйын болот. Акча каражат деле жетиштүү. Бул – мамлекеттер, менчик компаниялар же жеке адамдар натыйжалуу ишти көрүп атышат дегенди туюндурат. Себеби майнапсыз иштер жүгүзүлсө же андан натыйжа чыкпаса, акчаны ыргыткан киши жок да.

- Айрым учурларда эл аралык уюмдардын аткаминерлери жакыр өлкөлөрдө каражаттын бардыгын өздөрүнө, чет өлкөлүк адистерге, алардын айлык акылары, жол билеттери, кымбат мейманканаларына сарпталат деп сындашат. Сиздердин Бишкектеги өкүлчүлүктө канча чет өлкөлүк адис иштейт, сиз ошондой сынга эмне деп жооп берет элеңиз?

- Бизде 15тин айлансында чет өлкөлүк жаран иштейт. Жергиликтүү адамдардын саны андан ашат. Жалпы дүйнөдо болсо 1 миң 500дөй киши көчмөндөрдөй болуп 1-2 жылдан улам бир жерде иштешет. Ал эми 12 минге жакыны жалаң жергиликтүүлөөр. Маяналарды алсак, иштеген өлкөгө жана ошол адистин жарандыгына жараша чектелет. Мен, мисалы Швейцариядан болом, ал жакта да жан сакташым керек. Албетте, айырма бар.

- Рахмат сизге

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG