Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Рим Папасы тактыдан күтүүсүз баш тартты


Рим папасы Бенедикт XVI
Рим папасы Бенедикт XVI

Рим папасы Бенедикт XVI кызматтан чегинерин күтүүсүздөн жарыялашы учурда талкууга алынып жатат. Көпчүлүк анын бул кадамын кылымдар боюу калыптанган салтты бузуу катары карашууда. Папа тактыдан өз эрки менен кеткен учур Рим - католик чиркөөсүнүн тарыхында акыркы 600 жылдан бери болгон эмес.

Сексен беш жаштагы понтифик дүйнө католиктеринин башчылыгынан 28-февралдан тарта өз эрки менен кетерин дүйшөмбү күнү Ватиканда, кардиналдардын жыйынында жарыялап, чечимин карылыкка жана ден-соолугуна байланыштырды:

- Мен күч-кубатыма, улгайган курагыма байланыштуу Ыйык Петрге кызмат кылууну мындан ары талаптагыдай аткаруу жетишсиз деген ишенимге келдим.

Рим Папасынын тактыны өз эрки менен таштоосунун борбордук жүйөөсү – саламаттыгы экендигин Бенедикт XVI жарыясынан кийин Ватикандын расмий өкүлдөрү да баса белгилешти.

600 жылда алгачкы жолу

Ал эми динге адистешкен баяндамачылар менен тарыхчылар Папанын кызматтан чегиниши азыркы доор үчүн адаттан тыш окуя экендигине көңүл буруп жатышат.

Ватикандын иштерин жазып жүргөн римдик журналист Жерард О”Коннел “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде буларды айтты:

- Анын чечими – тарыхый чечим. Азыркы доордун бир да Папасы кызматтан чегинген эмес, кызматын аркалап жүрүп каза табышкан. Бирок азыркы Папа акыл-эси тунук, физикалык жактан жөндөмдүү экендигине карабай, абдан салмакталган чечимге келди. Ал өз ишинин максаттарын, бул милдетти аткаруу үчүн зарыл болгон акыл-эс жана физикалык күч-кубатын таразалап, мен мындан ары бул милдетти жөндөй албайм деген абдан рационалдуу чечимге келди.

Тарыхый маалыматтарга караганда, учурда 1,2 миллиард кишинин башын кошкон
Рим-католик чиркөөсүнүн жетекчиси тактыдан өз каалоосу менен кеткен акыркы учур 1415-жылы катталган экен. Адатта Рим папалары бул абройлуу кызматка өмүр бою шайланат.

Германиялык кардинал Йозеф Ратцингер 2005-жылы чиркөө башчылыгына келгенде тарыхтагы эң кары Папалардын бири болгон. Анда ал 78 жашта эле.

Европа лидерлеринин жана момун католиктердин сөздөрүнө караганда, Бенедикт XVI жарыясы алар үчүн күтүүсүз болгондой.

Папанын кичи мекени – Германиянын Андреа Вормсдроф ысымдуу жараны:

- Мен буга ал чын эле ооруп, кызматын аткара албай калса гана макулмун. Ал эми башка себептерди кандай болсо да кабыл ала албайм.

Ватикан жанында турган Италиянын премьер-министри Марио Монти Папанын жарыясы алар үчүн да күтүүсүз болгонун айтса, немец канцлери Ангела Меркел:


- Сегиз жыл мурун Йозеф Ратцингер католик чиркөөсүнүн башчылыгына шайланганда, биз, Германияда мекендешибиз Папанын кызматына бир нече кылым аралыгында алгачкы жолу келгенине сыймыктанганбыз. Ага ийгиликтерди каалаганбыз. Эгер Папа өзү мындан ары кызмат- милдеттерин аткарууга күч-кубатым жетпейт деп тапса, мен анын чечимин урматтайм.

Тактыны таштарын жарыялаган Папанын акыркы сегиз жылдагы ишмердиги кубатталып жатканы менен Бенедикт XVI учурунда Рим-католик чиркөөсү сынга алынган учурлар да болду.

Дин кызматкерлери жаш балдарга сексуалдык ыдык көргөзүшкөн деген жүйөө менен тутанган жаңжалдын аягы басыла эле. Чиркөө жетекчилиги болсо мындай фактыларды жаап-жашырган деген айыптоолор айтылган.

2010-жылы Папа өзү католик чиркөөсү жетиштүү кыраакылыкты көргөзө албаганын, бул көйгөйгө каршы чараны өз учурунда ыкчам көрө албаганын белгилеген.

Ал эми былтыр Папанын жеке жардамчысы Ватикандын документтерин уурдоого аракеттенгени үчүн соттолуп, жаңы жыл алдында мунапыс менен бошонду. Пауло Габриэле анда документтерди чиркөөдөгү коррупциянын бетин ачуу үчүн алганын айткан.

Кызматтагы Папанын кетип жатышы менен күн тартибине жаңы Папа ким болот деген маселе да чыкты. Понтификти католик динаятчыларынын конклав деген кеңешмеси шайлайт. Шайлоо март айынын аягында, христиандардын башкы диний майрамдарынын бири – Пасханы утурлай өтөт, талапкерлер Италиядан, Түндүк жана Түштүк Америкадан да болоору күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG