Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:37

Москва "Түштүк агым" долбоорун токтотууда


Түркия жана Орусия президенттери, Анкара, 1-декабрь 2014-жыл
Түркия жана Орусия президенттери, Анкара, 1-декабрь 2014-жыл

Президент Владимир Путин Түркиядагы сапары учурунда Орусия Европа биримдигинин каршылыгынан улам "Түштүк агым" газ долбоорунан баш тартаарын билдирди.

Ага улай Европа комиссиясы Путиндин Анкарадагы визити учурунда жасаган бул билдирүүсү энергия маселесинде бир өлкөгө байланбоо канчалык маанилүү экенин далилдейт деп комментарийледи.

1-декабрда Анкарада Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуудан кийинки сөзүндө Путин "Түштүк агым" долбоорунун ордуна Орусия менен Түркия түштүк Европага газ жеткирүүчү жаңы куур салышарын айтты.

Ал Түркиянын Греция менен чек ара аймагы аркылуу өтмөкчү.

Миллиарддаган долларлык "Түштүк агым" долбооруна ылайык, орус газын Болгария, Греция, Италия, Сербия, Венгрия жана Австрияга ташуучу түтүк Кара деңиздин түбүнө жаткырылмак.

Путиндин айтымында, Болгария өкмөтү ага каршы болууда, анын үстүнө Европа биримдиги долбоор шаркеттин атаандаштык жана энергетика мыйзамдарына каршы келүүдө деп көптөн бери талашып жүрөт.

Орусия президенти Брюсселдин мындай “конструктивдүү эмес” турумун сындай кетти.

- Европа комиссиясы бул долбоорду ишке ашырууга көмөктөшмөк турсун, тоскоолдуктарды түзгөнүн көрүүдөбүз. Европа аны каалабаса, анда биз долбоорду ишке ашыруудан баш тартабыз. Энергоресурстардын агымын дүйнөнүн башка региондоруна багыттайбыз. Атап айтканда, суюлтулган жаратылыш газы боюнча долбоорлорду күч алдырабыз.

"Түштүк агымдын" газ куурлары. Болгария, 31-октябрь, 2013-жыл
"Түштүк агымдын" газ куурлары. Болгария, 31-октябрь, 2013-жыл

Болгарияны бул маселеде “суверендүү мамлекет катары” чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып коюшту деген Путин өлкө долбоордон түшчү кирешедеги өз бөлүгүн Еврошаркеттен сурашы керек эле деп белгиледи.

"Газпром" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер "Түштүк агым" долбоору “жабылганын”, жаңы куурдун кубаты ошондой эле болоорун билдирди.

Шейшембиде Еврокомиссиянын вице-президенти жана бюджет боюнча комиссары Кристалина Георгиева Москванын билдирүүсүн мындайча комментарийледи:

- Орусиянын ал долбоорду токтотуу чечимин ушундай жол менен жарыялашы жана бизди кабардар кылышы газдын бир эле булагына көз карандуу болбош керек деген ойду бышыктайт. Энергия ресурстарын диверсификациялоо Европа үчүн канчалык маанилүү экенин далилдеди.

Сапарынын жүрүшүндө орус лидери ошондой эле Түркияга "Көгүлтүр агым" түтүгү аркылуу жеткирилчү газдын көлөмүн көбөйтүү тууралуу макулдашылганын айтты. Эми Түркия 3 миллиард куб метрге көбүрөөк газ алып, баасы болсо эмки жылдан тарта 6 процентке арзан болмокчу.

Эрдоган Москва менен байланыштарды кубаттап, бирок жаңы куур же "Түштүк агым" долбоорун Түркия тарапка буруу пландары тууралуу сөз кылган жок. Түркия орус газынын Германиядан кийинки экинчи ири импортеру.

Эки мамлекет башчы 2020-жылга чейин ортодогу сооданы үч эсеге көбөйтүп, 100 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылышаарын белгилешти. Орусия ошондой эле Түркияга биринчи атомдук станция курууга жардам берүүнү көздөйт. Эрдоган менен Путин бир катар эл аралык маселелерди да талкуулашты.

Москва Сирия президенти Башар Асаддын негизги өнөктөшү бойдон кала берүүдө. Сириянын жээгинде Орусиянын аскердик базасы жайгашкан. Сирия боюнча Путин буларга токтолду:

- Асад мырза бийликте калууга тийишпи деген турумуңар өзгөргөн жокпу деген суроону мен Сирия элине узатат элем. Өлкөдө президенттик шайлоо болду. Аны ар кандай чечмелесе болот, бирок президент Асадды Сирия элинин ири бөлүгү колдоорун көрдүк.

Ал эми Анкара Сирия президентинин кызматтан кетишин талап кылууда.

1-декабрдагы пресс-конференцияда Эрдоган Сириядагы кризисти жөнгө салуу маселесине келгенде, "Асадды көңүл сыртында калтырыш керек, аны менен тынчтык жолун табуу мүмкүн эмес" деди.

Путиндин Түркияга сапары учурунда активисттер каршылык акциясын өткөрүп, "Путин, Крымдан колуңду тарт" деген плакаттарды кармап турду. 1-декабрь, 2014-жыл
Путиндин Түркияга сапары учурунда активисттер каршылык акциясын өткөрүп, "Путин, Крымдан колуңду тарт" деген плакаттарды кармап турду. 1-декабрь, 2014-жыл

Түркия Орусиянын Крымды аннексиялашына каршы чыгып, жарым аралдагы крым татарларынын куугунтукталышына камтамасын билдирип келген.

Анкарадагы жолугушуудан кийин түрк президенти Крым жашоочуларынын, анын ичинде крым татарларынын укуктары сакталат деген Путиндин убадасын кубаттады.

Жарым аралдын мыйзамсыз аннексиясынан кийин крым татарларынын бир топ лидерлерине Крымга барууга тыюу салынган. Жаш активисттердин, журналисттердин дайынсыз жоголгону кабарланып келет.

Укук коргоочу уюмдар Москванын аннексиясынан кийин Крымда адам укуктарын бузуу фактылары көбөйгөнүн ырасташууда.

XS
SM
MD
LG