Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Майдандагы жана көмүскөдөгү интригалар


12-июнда Европа чемпионатынын 2-туру башталды.

А тобунда Чехия Грекияны 2:1 эсебинде утуп алды. Чехтердин оюн башында тез арада киргизген эки голунан гректер көпкө чейин оңоло албай калды көрүнөт. Бирок Европадагы эң мыкты саналган дарбазачылардын бири Петр Чех колунан топту чыгарып жиберип, гректерге бир голду белекке бергендей болду. Эсепти теңегенге алардын башка чамасы жетпей калды.

А тобунун экинчи оюну Варшавада Польша менен Орусия беттешүүсү менен уланды. Маалымат агенттиктеринин жазганы боюнча, матчтын алдында жергиликтүү күйөрмандар орусиялык фанаттарга кол салып, он чакты адам жаракат алган. Эки миң чамалуу орус ышкыбоздору өз өлкөсүнүн күнүнүн урматына Варшава көчөлөрү менен стадионго чейин жүрүш жасап баратканда беш миңдей поляк жаштары намыстанганбы, айтор, келгиндерди тыюу аракетин жасаган экен.

Ал эми оюнга келсек, орусиялык чабуулчу Алан Дзагоев эсепти ачты, бирок поляк капитаны Якуб Блашчиковски теңеди. Бул - Дзагоевдин турнирдеги үчүнчү голу.

Ошентип бул топто Орусия 4, Чехия 3, Польша 2, ал эми Грекия 1 упай топтоду. Бирок баарынын тең плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Эми чечүүчү турда Орусия Грекия менен, Польша Чехия менен беттешмекчи.

Бүгүн кечте Б тобундагы командалар таймашка чыкмакчы. Украина шаарларында Дания – Португалия, Голландия – Германия беттешүүсү өтөт. Бул топто 3төн упайы бар немистер менен даниялыктар алдыда келатат, алардын калган эки атаандашынын азырынча упайы жок.

Эми Европа чемпионатындагы оюндан тышкаркы интригалар тууралуу кеп кыла кетели. Би-Би-Си аналитиги Фил Макналти Англиянын командасы ар кандай себептер менен негизинен коргонуу тактикасын тандоого аргасыз болгонун жазды.

Күйөрмандардын кагылышуусу, 12-июнь, 2012-жыл
Күйөрмандардын кагылышуусу, 12-июнь, 2012-жыл
Бир катар тың оюнчуларынын жаракаттан оңоло албашы, коргоочу Жон Терри менен өңү кара Рио Фердинанд ортосундагы араздашуу англичандардын оюн тактикасына кыйла өзгөртүүлөрдү киргизди. Бирок дал жаңы тактика атаандаштарын адаштырып салышы ыктымал дейт Макналти. Айтмакчы, тартипсиз жүрүшү үчүн эки оюндан чыгарылган Англиянын мыкты чабуулчусу Уэйн Руни үчүнчү турда гана жашыл майсаңга чыга алат.

Ал эми "Спорт-Экспресс" басылмасы болсо Португалия курамасындагы ички ыйкы-тыйкыларга кайрылды. Ага ылайык, немистерге 0:1 эсебинде утулгандан кийин португал капитаны айтылуу Роналду ызасына чыдабай күйөрмандарына ыраазылык ишааратын жасап кол булгап отурбастан, трибуна астына кирип кеткен. Команданын башкы устаты Паулу Бентунун Роналдуну токтотуу аракетинен майнап чыккан эмес. Кийин устат Роналдуга эскертүү айтса, ага орой жооп берип, айтор, команда ичинде ынтымакка доо кеткенин аталган басылма белгилеген.
XS
SM
MD
LG