Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Үмүт баарынан кеч өчөт


Д тобунда Украина Францияга 0:2 эсебинде утулса, Англия Швецияны 3:2 менен жеңди, орус оюнчусу Алан Дзагоев күйөрмандарына кайрылып, сабырдуу болууга үндөдү.

Украинада өткөн эки оюн тең нөшөрдөн улам кечигип башталды. Донецкиде майдан ээлери чеберчилиги жана тажрыйбасы жагынан бийигирээк турган француздарга утулуп калды.

Көз ачырбаган нөшөрдөн кийин биринчи таймда эки тарап тең ойдогудай оюн көрсөтө албады. Бирок матчтын 2-жарымында француздардын чеберчилиги даана байкалып, Жереми Менез и Иоанн Кабай эки гол киргизип, алты жыл бою дүйнөлүк жана европалык финалдык таймаштарда жеңе элек командасына жаңы дем берди.

Украинанын устаты Олег Блохин болсо пресс-жыйында капасын жашыра албай, биринчи оюнда Швецияны 2:1 менен жеңгенден кийин бир катар футболчулар чейрек финалга чыктык деп өздөрүн ишендирип алышты деп жемеледи.

Ал эми Франция менен мелдеште коргонуу тактикасын тандаган Англиянын устаты Рой Ходжсон Швеция менен таймашта чабуулга ык коюп, анысынын акыбети кайтты.

Адегенде англичандар эсепти ачканы менен шведдер 2 гол киргизип, алдыга озуп кетти. Бирок Тео Уолкот менен Дэнни Уэлбек командасына баалуу үч упай алып келишти. Ошентип Златан Ибрагимовичтин командасы чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууду.

Бул топто француздар менен англичандардын 4төн, Украинанын 3 упайы бар. Ошентип, плэй-оффко чыга турган эки команданын аты соңку турда Англия – Украина, Франция – Швеция таймашында гана дайын болот.

16-июнда А тобунда соңку тур өтөт. Чынында чейрек финалга чыгууга бардык төрт команданын тең шансы сакталуу. Мисалы, 4 упайы бар Орусия бир эле упайы бар Грекияны оңой-олтоң жеңип алат деп айтыш кыйын.

Тажрыйба көргөзгөндөй, орустарга гректер дайыма оңтойсуз атаандаш болуп келген. Анын үстүнө аз да болсо чыгып кетүү шансын колдон чыгарбоо үчүн гректер жанын таштап ойноору бышык. Польша-Чехия беттешүүсү да абдан курч болоорун адистер болжоп жатышат.

Бул чемпионатта тартипке катуу көз салынууда. Орусиялык күйөрман Абрамов Варшава сотунун өкүмү менен эки айга кесилген, Ал эми УЕФА дагы ушундай бейбаштык кайталанса, Орусия командасынан алты упайды алып салаарын эскерткен эле.

Тапкан олжолорунан каңтарылбас үчүн Орусиянын оюнчусу Алан Дзагоев күйөрмандарына кайрылып, бир аз сабырдуу болууга үндөдү. “Эгер дагы бирдеме болсо, топтогон упайларыбызды алып салышы мүмкүн, курамага залакаңарды тийгизбегиле”, – деди Дзагоев.
XS
SM
MD
LG