Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:40

Алтынды кызылдар менен көктөр талашат


1-июлда Киевде Испания менен Италия финалда беттешип, Европанын эң мыктысы ким экени аныкталат.

2008-жылдан бери Европанын да, дүйнөнүн да алдыңкысы саналып келаткан Испания бул статусун коргоп калабы же бул өлкөнүн тики-така деп аталган тактикасынын күнү бүтөбү?

Германия – Италия таймашы немистердин чабуулу менен башталып, мына азыр гол кирет деп көпчүлүк элеңдеп күтүп отурду. Италия дарбазачысы Буффон тыным албай, немистердин алыс-жакындан тындырбай тепкен топторду биринин артынан бирин тосуп жатты.

5-мүнөттө болсо бул команданын мыктыларынын бири Андреа Пирло дарбаза сызыгынан топту сыртка тээп жетишип калды.

Кыскасы, немистердин кысымы биринчи таймдын жарымына барып бир аз басаңдады. Мына ошондо Италиянын кара өңдүү узун бойлуу чабуулчусу Марио Балотелли биринчи эле учурду жаза кетирбей, эсепти ачып кетти.

Жарым финал сыяктуу таймашта биринчи голдун мааниси эселеп артат эмеспи, ансыз деле коргонуу тактикасын карманган италиялыктар, элестүү айтканда, айып аянтчасын чычкан мурду жөргөлөгүс кылып бекитип, туш-туштан жабылган немистерди өткөрбөй турушту. Ал аз келгенсип контрчабуулунан максимум натыйжага жетишип, Балотелли керемет гол киргизип, Италия күйөрмандарын бакытка бөлөдү.

Ток этер жерин айтканда, италиялыктар оюн бүткөнчө бул тактикасынан жазбай, катар-катар коргонуу чебин түзүп, ошол эле кезде контрчабуулдары абдан курч мүнөзгө айланды. Матчтын кошумча убактысында италиялык коргоочунун топту колу менен тоскону үчүн айып салынып, пенальтиден Месут Өзил бир гол киргизди.

Кыскасы, финалда Испания менен Германия беттешет деген божомол ордунан чыкпай калгандай болду. Футбол тарыхына кылчайсак, тээ өткөн кылымдын 70-жылдарынан бери немистер Италияны эл аралык турнирлерде ута албай келатыптыр. Бул өзүнчө эле каргыш тийгендей иш болду го деп немис адистери алакан жаюуда. Чынында Германия 2006-жылдан бери эле Европанын жана дүйнөнүн мыкты командаларынын катарында аталып келатат, бирок алтын медалга колу жете элек.

Жарым финалдык оюндардан кийин ал утат, бул жеңет деп так кесе бирөөнү аташ кыйын. Испандардын тики-така, же бири-бирине токтотпой топ берүү тактикасын италиялыктар буза алабы? Экөө тең С тобунда беттешип, 1:1 эсеби менен аяктаганын эске салалы.

Евро-12де буга чейин италиялыктар Ирландия менен Германияны таза жеңди. Чейрек финалда Англияны пенальтиден утту. Хорватия жана Испания менен тең чыкты. Ал эми испандар Италия менен тең чыккандан башка өз тобунда Ирландияны жана Хорватияны уткан, чейрек финалда француздарды таза утуп, жарым финалда Португалияны пенальтиден жеңген.

Ошентип, уйкусуз түндөр да соңуна чыгып баратат окшойт. Эми бир чыдап 1-июлдагы финалды көргөндөн кийин күйөрмандарын жаны жай алаар. Футболго ынак болуңуздар!
XS
SM
MD
LG