Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Футбол жаңылыктары: Дрогба, Бэкхем, Балотелли...


Дидье Дрогба "Галатасарайда" ойнойт
Дидье Дрогба "Галатасарайда" ойнойт

Бразилиядагы дүйнө чемпионатына 500 күн калды. Дидье Дрогба “Галатасарай” клубу менен келишимге кол койду. Дэвид Бэкхем “Арсеналдын” машыгууларына катышууда.

28-январда Бразилияда 2014-жылкы дүйнө чемпионатына 500 күн калганына байланыштуу майрамдык иш-чаралар өткөрүлмөк. Бирок Санта-Мария шаарындагы түнкү клубда чыккан өрттөн улам өлкөдө аза күтүү жарыяланып жаткан кезде шаан-шөкөттөр, албетте, болбой калды.

ФИФАнын төрагасы Зепп Блаттер кеминде 230 кишинин өмүрүн алып кеткен трагедияга байланыштуу Бразилия президенти Дилма Руссефке көңүл айтты. “Бул кайгылуу учурда футбол дүйнөсү Бразилия эли менен”, - деди Блаттер.

Футбол жайкы оюн деген түшүнүк эбак эле чындыкка коошпой калган. Кышкы майрамдар аяктары менен оюндар жанданып, футболчулар менен машыктыруучуларды жалдап алуу кампаниясы кызуу жүрүп жаткан кез. Ошондой акыркы трансферлерден алсак, “Манчестер Сити” учурда “АС Милан” жана “Ювентус” клубдары менен Марио Балотеллини сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деген кабар тарады. “Сити” италиялык 22 жаштагы чабуулчуну 24 миллион еврого баалаган. Айтмакчы, Балотелли англиялык клубга 2010-жылдын августунда “Интер” Миландан келген.

Клубга кошулгандан бери 14 гол киргизген Балотелли чыр, кызуу кандуу спортсмен катары белгилүү. Ай башында машыктыруучусу, жердеши Роберто Манчини экөө жакалашып, мушташууга чейин барган.

Машыктыруучунун “Марио Кристиану Роналду же Лионел Месси өңдүү дүйнөнүн эң мыкты футболчуларынан боло алат. Бирок ал катуу иштөө керектигин түшүнүүгө тийиш”, - деп айтканы бар.

Манчини “ушундай кыска убакыттын ичинде жаңы оюнчу сатып алуу кыйын, андыктан Балотелли клубда калат, анын келишими аяктагыча дагы 3 жыл бар”, - деп билдирди.

Трансферге же футболчуларды башка клубга сатууга же, тескерисинче, жаңы оюнчуну сатып алууга белгилүү бир мөөнөт гана берилет.

“Арсеналдын” ээлеринин бири, орусиялык миллиардер Алишер Усманов L`Equipe журналындагы маегинде “Арсен Венгер эки команда түзгөн. Бирөө азыр биздин атаандаштарыбыз үчүн ойноп жатса, экинчиси Премьер лиганын мыктысы болуу үчүн күрөшүп жатат", - деди.

Чынында эле 2005-жылдан бери чоң ийгиликке жетише албай келаткан “Арсенал” акыркы кезде Робин ван Перси, Сес Фабрегас, Самир Насри, Алекс Сонг, Гаел Клиши өңдүү жылдыздарды башка командаларга сатканы менен белгилүү.

Ал тапта айтылуу Дэвид Бекхэм “Арсенал” менен машыгып жүрөт деген маалымат пайда болду. Журналисттер дароо Англия улуттук командасынын бир кездердеги капитаны, 37 жаштагы футболист жакында келишимге кол койобу деген суроону узатышты эле, Венгер жок, ал жөн гана формасын сактап калыш үчүн биздин машыгууларга катышууда деп жооп берди. Бэкхем бир нече жыл LA Galaxy
клубунда ойноп, жыл аягында океандын ары жагынан кайтып келген.

Ал эми да Кот д`Ивуардын азыркы капитаны, 8 жыл бою “Челсинин” катарында ойногон Дидье Дрогба 28-январда Түркиянын 18 жолку чемпиону – “Галатасарай” клубу менен 1 жарым жылдык келишимге кол койду. Ошентип 34 жаштагы футболчу 6 ай Кытайда ойноп, кайрадан Европага кайтып келүүдө. Клубдун өкүлдөрү маалымдагандай, Дрогба үчүн 10 миллион евро төлөндү, андан тышкары ага ар бир матч үчүн 15 миң евро бонус берилет.

“Галатасарайдын” катарында биринчи матчын ал 20-февралда Германиянын “Шалке” командасына каршы ойношу мүмкүн. Аны менен түрк клубунда дагы бир таанымал футболчуну, өткөн жумада “Интер” Миландан келген голландиялык Уэсли Снайдерди көрсө болот.

Ага чейин Дрогба Африка улуттарынын кубогунда мекени – Кот д`Ивуар командасынын намысын коргоп жаткан кези. Өлкө Түштүк Африкада өтүп жаткан биринчиликтин фавориттери арасында аталып жүрөт жана ишемби күнкү оюндан кийин чейрек финалга чыкты. Андан тышкары континенттин чемпиону наамын андан ары талашчу 8 команданын арасында Гана, Мали, Түштүк Африка, Кап Верде, Того, Буркина Фасо жана өткөн кубоктун жеңүүчүсү Замбия бар.

Ал тапта Эски континенттин футбол күйөрмандары el classico же Барселона менен Реал Мадриддин таймашуусун чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Испаниянын алдыңкы эки клубу бүгүн Copa del Rey – Падыша кубогунун жарым финалында беттешмекчи.
XS
SM
MD
LG