Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

Футбол жаңылыктары: Роналдонун автоголу


Криштиан Роналдо
Криштиан Роналдо

Криштиан Роналдо өз дарбазасына гол киргизди. Давид Бэкхем Paris Saint-Germain клубу менен эмне үчүн 5 айга гана келишим түздү? Африка чемпионатынын жарым финалисттери белгилүү болду.

Миллиондогон балдардын кумири, айтылуу Криштиан Роналдо гол киргизүү чеберчилиги менен айырмаланаарын эбактан бери эле билебиз. Бирок мындайды андан эч ким күтпөсө керек!

2-февралда "Реал Мадриддин" чабуулчусу Андалузиянын "Гренада" командасы менен беттешкенде топту өз дарбазасына киргизип алды. Айрымдар Роналдо голдордун саны жагынан Мессиге жеткиси келгенде "айласы кетип, өз дарбазасына тээп баштады" дешсе, башкалары - Роналдо Испания чемпионаты – la Liga да ойногон бардык клубдарга гол киргизген жападан-жалгыз футболист болуп калды деп какшыкташууда.

"Реал" "Гренадага" утулуп калгандан кийин Жозе Мауриньонун командасы чемпионатты жеңүү максатынан бир кадамга алыстады. Биринчиликтин лидери "Барселона" "Реалдан" 17 упайга озуп кетти.

Баса, өткөн жумада бул эки клубдун оюну – el clasico 1-1 эсебинде аяктаган.

Албетте футболдо өз дарбазасына топ киргизген же "автогол" четинен эле жолугат. Тарыхтагы эң кызыктуу фактыларга кайрылсак, 2002-жылы Мадагаскар чемпионатынын лидери Stade Olympique L'emyrne командасы биринчиликтин аягына 2 матч калганда пенальти алып, каршылашы менен 1-1 эсебинде ойнойт да чемпиондуктан кол жууп калат. Пенальти туура эмес берилген деп нааразылык иретинде акыркы матчта футболисттер өз дарбазасына жапырт гол киргизе башташат. Натыйжада, оюн 149-0 эсеби менен аяктаган. Футболдун бай тарыхында болуп көрбөгөн бул рекорд азыркыга чейин сакталууда.

Күлкү күлкү менен, байкабастан атаандаштардын утушуна салым кошуу колумбиялык футболист Андрес Эскобар үчүн кайгылуу аяктаган. 1994-жылы дүйнө чемпионатында ал турнирдин кожоюну АКШ менен беттешүүдө автогол тээп алган. Натыйжада Колумбия 1-2 эсебинде жеңилип, чемпионаттан чыккан. Командасы менен мекенине кайтып барган Эскобарды чемпионат аяктай электе эле ресторанда атып кетишкен. Ок чыгарган сайын Умберто Муньос Кастро аттуу киши “Гол!” деп кыйкырганын кийин күбөлөр айтып беришкен.

Өткөн жумада эле италиялык Марио Балотелли Manchester City клубунан кетет экен деген имиштер айтылып жатты эле, апта соңуна жетпей “Супермарио” АС Миланга расмий кошулуп, атүгүл жекшембиде Udinese менен матчта 2 голдун автору болуп калды. Биринчисин "агентим Мино Райолага, экинчисин үй-бүлөмө арнайм", - деди Балотелли.

Ал эми британиялык даңазалуу Дэвид Бэкхем "Арсеналдын" машыгууларына катышканы менен, иш жүзүндө Франциянын Paris Saint-Germain (PSG) клубу менен сүйлөшүү жүргүзүп жатыптыр.

37 жаштагы Бэкхемди сатып алуу менен катардык шейхтер ээлик кылган клуб аброюн көтөрүүнү көздөгөндөй. Англия улуттук командасынын бир кездердеги капитаны эчак эле футболдун гана эмес, мода дүйнөсүнүн иконасына айланган. 31-январда келишимге кол коюлаары менен, PSG клубунун демөөрчүсү Fly Emirates авиакомпаниясы клуб менен келишимди узартты. Муну менен клубдун казынасына дароо 110 миллион евро түштү.

Бэкхем Францияда 5 ай гана ойномокчу. Айына 800 миң еврого тете гонорарынын басымдуу бөлүгү соопчулукка жумшалаары дароо жарыяланды. Ал эми 5 айдан кийин Бэкхем Катарга барууга тийиш. 2022-жылкы дүйнө чемпионатынын уюштуруучулары алдында алган милдеттенмеге ылайык, Бэкхем ал өлкөнүн клубдарынын биринде ойноп, ошол эле маалда машыктыруучусу болмокчу.

Түштүк Африкада болсо Африканын биринчилиги соңуна чыгууда. Жекшембиде фаворит делген Кот д`Ивуар Нигерияга утулуп калды. Буркина Фасо болсо Тогону жеңип алды. Ошентип, жарым финалда шаршембиде Мали-Нигерия жана Буркина Фасо - Гана беттешмекчи.
XS
SM
MD
LG