Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

Талиптер күчүн Кандагардан көргөздү


Кол салуу жасалган Кандагар аэропорту. 9-декабрь, 2015-жыл.
Кол салуу жасалган Кандагар аэропорту. 9-декабрь, 2015-жыл.

Ооганстандын Кандагар шаарында "Талибандын" аба майданга кол салган согушкерлеринин акыркылары менен атышуу шаршемби күнү кечке чейин уланды. Ооганстандын Коргоо министрлиги бул кагылышуу учурунда кыркка жакын адамдын өмүрү кыйылганын ырастады.

Ооганстандын экинчи ири шаары Кандагардын аба майданында жайгашкан жана өлкөдөгү экинчи ири аскерий базага "Талибандын" согушкерлери шейшемби күнү каш карайганда кол салган.

"Талибан" өз билдирүүсүндө жеңил да, оор да куралдары бар жанкечтилер базанын аймагына кирип, 150дөй кишини өлтүрдү деп ырастаган болчу.

“Азаттыктын” ооган кызматынын журналисти Кадир Кабиб Кандагардагы кол салуунун кесепеттери тууралуу буларга токтолду:

- Коргоо министрлиги билдиргендей, бул чабуулдан 37 жайкын тургундун өмүрү кыйылды, дагы 35тей киши жаракат алды. Согушкерлер Кандагардагы аэропорттун жана ооган күчтөрүн аткылоодон мурда, кечээ кечинде кирип алган мектепте жана эл жашаган аймактарда тазалоо операциясы бүгүн улантылды. Кол салгандар жанкечтилердин тобу болгон. Алардын бирөөсү өзүн өзү жардырып, сегизин ооган коопсуздук күчтөрү жок кылды. Бирөөсү жарадар болуп колго түшкөн, бирөөсү али да кармашууда. Бул сандардан улам биз кол салгандар 11 адам болгон деп айта алабыз.

Кандагардын аэропортундагы кагылышуудан ооган коопсуздук күчтөрү өзү кандай жоготууга учураганы азырынча беймаалым. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мурдараак жоготуу бардыгын айтышкан. Чабуул жасалган Кандагар аэропорту шаардан отуз чакырымдай түштүктө жайгашкан.

Кандагар аэропортунун дарбазасы. 9-ноябрь, 2015-жыл.
Кандагар аэропортунун дарбазасы. 9-ноябрь, 2015-жыл.

Аскерий да, жарандык да максатта колдонулган аба майданда НАТОнун жүздөгөн аскерлери турат.

Эң мыкты кайтарууда деген аскерий жайга талип согушкерлеринин кирип кетиши азыр коопсуздук үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алган ооган күчтөрүнүн жөндөмү боюнча суроолорду кайрадан жаратты.

- "Талибан" өз күчүн дагы бир ирет далилдегенсиди. Кандагардын өзүндөгү жана анын айланасындагы тазалоо операцияларынан кийин талиптер акыркы айларда бул жерде мындай чоңураак чабуул жасай албай жатышкан. Эми алар Кандагарда же башка шаарларда муну ишке ашыра аларын көргөзүүдө. Анын үстүнө азыркы кол салуу "Талибандын" лидери өлдү же жаракат алды деген маалыматтар тарагандан кийин болуп жатат,- деди “Азаттыктын” ооган кызматынын журналисти Кадир Кабиб.

"Талибандын" азыркы лидери делген молдо Актар Мансур Пакистандын Кветта шаарында кыймылдын башка лидеринин үйүндөгү атышуудан оор жаракат алган же балким өлдү деген кабар бардыгын өткөн аптада ооган расмий өкүлдөрү айтышкан.

Бирок "Талибан" бул маалыматты кыймыл ичинде ажырым жаратууну көздөгөн пропаганда катары четке каккан болчу. Анткен менен молдо Мансурдун өз атынан эч кандай билдирүү жасала элек.

Пакистанга ишенбөөчүлүк

Ал арада Пакистандын борбору - Исламабада “Азиянын жүрөгү” деген аталыштагы аймактык конференция өтүп жатат. Конференциянын максаты - Ооганстанга аймактык колдоону чыңдоо. Жыйынга Индиянын, Кытайдын, Ирандын, Тажикстан, Кыргызстандын тышкы иштер министрлери да барды.

Ооган президенти Ашраф Гани жыйында сөз алган учурунда расмий Кабулдун узактан берки Пакистан Ооганстандагы таасирин сактоо үчүн "Талибанды" колдойт деген шек саноосун кайталады:

Премьер Шариф президент Ганини тоскон учур.
Премьер Шариф президент Ганини тоскон учур.

- Ооганстанда Пакистан бизди чын эле суверендүү өлкө катары көрөрүнө жана анын мыйзамдуу өкмөтүн, Конституциясын таанырына чоң ишенбөөчүлүк бар. Сиздин (Пакистандын премьери Навази Шариф) сөзүңүз бизди буга ишендирүү үчүн узак жолду басып өтүү керек жана өз ара диалогду сактообуз үчүн жакшы мүмкүнчүлүк ачууда. Буга чейин түрдүү себептерден улам мамлекеттик эмес оюнчуларды (талиптерди) саясаттын куралы катары колдонууга чоң азгырык болгон.

Пакистандын премьери Наваз Шариф да расмий Исламабаддын “Ооганстандын душманы - бул Пакистандын душманы, Пакистан оогандар өздөрү башкарган, өздөрү ээлик кылган тынчтык жараянды колдойт”, - деген мурдагы жарыясын эске салды.

Кабул менен "Талибан" ортосундагы Пакистанда өткөн сүйлөшүүлөр талиптердин мурдагы лидери молдо Омор эки жыл мурда эле өлгөнү быйыл июлда ырасталгандан кийин үзгүлтүккө учурган.

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Энтони Блинкен конференцияда Пакистан Ооганстандагы элдешүү жараянын алга жылдыруу үчүн ооган талиптерине болгон таасирин колдонушу керектигин белгиледи.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG