Украинанын экс-премьер-министри Юлия Тимошенконун камалганына 1 жыл толду. Мурдагы өкмөт башчы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өлкөгө зыян тарттырган деген айып менен 2011-жылдын октябрында 7 жылга эркинен ажыратылган. Бул окуя Евробиримдик менен Украинанын ортосунда чыңалууну күчөттү.