Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Хиллари Клинтон жаңы саясатты сунуштады


Хиллари Клинтон
Хиллари Клинтон

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы, президенттикке Демократиялык партиянын ичинен талапкерлердин бири Хиллари Клинтон Вашингтонду “Ислам мамлекети” тобу менен күрөштө чечүүчү ролду өзүнө алууга чакырды.

Клинтон бул үчүн Сириянын аба мейкиндигин учууга тыйуу салынган тилке деп жарыялоо менен ал жактагы “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшкөн күчтөргө аскерий колдоо көрсөтүүнү сунуштады.

Террордук топ менен күрөштүн жолу

Эл аралык мамилелер боюнча кеңештин жыйынында баяндама жасаган АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон расмий Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы саясатын күчөтүүгө тийиш деп билдирди. Ошол эле кезде Хиллари Клинтон “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүүдө өнөктөштөрдү бириктирүүдөгү АКШнын алдыңкы ролун белгиледи. Ал бул маселеде араб өлкөлөрүн көбүрөөк кызматташууга чакырды. “Ислам мамлекети" тобунун чабуулдарынын мизин кайтарууда жана андан басылып алынган аймактарды бошотууда күрт армиясы гана айырмаланды” деп билдирди мурдагы мамлекеттик катчы. Хиллари Клинтон террордук топтун очокторун натыйжалуу жок кылуу үчүн Ирактагы сунниттерге көбүрөөк колдоо көрсөтүүнү сунуштады:

- Ирактагы “Ислам мамлекети” тобун толук жок кыла тургандай операцияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бул урушка ирактык суннийлер кириши керек. Бирок азыркы учурда андай болбойт. Анткени аларда алгач “Ислам мамлекети” тобуна каршы туруштук бере ала тургандай ишеним болууга тийиш. Ошондой эле алар өз өлкөсүнүн бүтүн сакталып калышына кызыкдар болсо, бул өнөктүк ийгиликтүү ишке ашмак.

Москва менен Тегеран, Асаддын маселеси

Хиллари Клинтондун бул айткандары эксперттик чөйрөнүн баамында, Сирия маселеси жана “Ислам мамлекети” тобуна карата президент Обаманын саясатынан бир топ айырмаланып турганы менен белгилүү болду. “Азыркы учурда бардык көңүл “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшкө бурулууга” тийиш деген мурдагы мамлекеттик катчы Сириянын президенти Башар Асаддын тагдыры мына ошондон кийин гана саясий жол менен чечилиши керек деди.

Хиллари Клинтон Сириядагы чатакты жөнгө салуудагы Орусия менен Ирандын өзгөчө ордун белгиледи. Ал бирок бул багытта кызматташуу үчүн Москва менен Тегеран Асаддын режимин колдоодон баш тартууга тийиш экенин айтты. Хиллари Клинтон Москва буга чейин Асаддын оппозициясына сокку уруп келсе, эми негизги көңүлдү “Ислам мамлекети” тобун талкалоого бурушу мүмкүн деген ниетин билдирди.

Ошол эле кезде эл аралык мамилелер кеңешинин жыйынында “Ислам мамлекети” тобу менен күрөшүүдө абаддан сокку уруудан сырткары жергиликтүү күчтөрдү тартуу маселеси көтөрүлдү. Буга чейин республикачы талапкер Жеб Буш Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуу үчүн америкалык аскерлерди кайрадан Иракка жөнөтүү демилгеси менен чыккан болчу. Андан айырмаланып Хиллари Клинтон абалды жөнгө салууга жеринен колдоо көрсөтүү зарылдыгын айтты:

- Биз бир эле учурда бул жарандык согушту саясий жол менен чечүү багытында аракеттенишибиз зарыл. Бул Сирияда жаңы өкмөттүн келишине жол ачып, Сириядагы прогрессивдүү күчтөрдүн “Ислам мамлекети” тобунун үстүнөн жеңишин камсыздоого өбөлгө түзөт. Биз аларды колдоо үчүн аскерий техника жагынан дагы толук жабдып, Сирия оппозициясындагы каршылык көрсөтүүгө жарамдуу күчтөрдүн башын бириктирүүгө тийишпиз. Бул атайын иштелип чыккан операциянын негизинде ишке ашырылышы кажет

Ошондой эле мурдагы мамкатчы Хиллари Клинтон эл аралык абал өзгөрүп турган мына ушундай учурда АКШ сириялык 10 миң качкынды кабыл алуудан баш тартышы керекпи деген суроого жооп берди. Хиллари Клинтон “террорчулардан коркуп биз өзүбүздүн гуманитардык милдетибизден качпашыбыз керек” деп кесе жооп берди. Ошол эле кезде АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Сирияда тынчтыкты орнотуу үчүн мунасага келүүгө жөндөмдүү күчтөрдүн ортосунда саясий диалогду күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG