Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:26

Йеменде гуманитардык кризис уланууда


Хусит козголоңчу Санаа шаарында турат, 1-апрель, 2015.
Хусит козголоңчу Санаа шаарында турат, 1-апрель, 2015.

Шиит козголоңчулар Сауд Аравия башында турган эл аралык күчтөрдүн абадан соккусуна карабастан, өлкөдөгү экинчи чоң шаар Аденди ээлеп алышты.

Йеменде Сауд Аравия башында турган эл аралык коалиция баш калаа Санааны бомбалап, шиит козголоңчуларга каршы аскерий чабуулдарды жекшембиде улантты.

Кызыл чырым уюму Йемендеги куралдуу жаңжалдын катышуучуларын 24 саат тыныгуу алып, ал маалда кырдаал оор аймактарга медициналык жардам киргизүүгө жол ачууга чакырды. Йеменден чет өлкөлүк жарандар эвакуацияланууда, өткөн аптада алты кыргызстандыкты Орусия чыгарып келди.

Рейтер агенттиги жекшембиде эл аралык күчтөр козголоңчул хуситтерге жан тарткан армиянын бөлүктөрүнө бомба таштап, ага катар эле Йемендин Сауд Аравия менен чек арасына дагы сокку ургандыгын кабарлады.

Йеменде аскерий операциялар уланып жаткан маалда Орусия Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине кандуу кармаш жүрүп жаткан аймактан карапайым адамдарды чыгарып кетүүгө жана гуманитардык жардам жеткирүүгө аскерий операцияны убактылуу токтотуу боюнча резолюциянын долбоорун сунуштады.

Иорданиянын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү жана Коопсуздук кеңешинин төрайымы Април Дина Кавар Коопсуздук кеңеши Орусиянын өтүнүчү менен жыйынга чогулаарын журналисттерге ишембиде айтты:

- Орусиянын делегациясы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө Йеменде гуманитардык тыныгуу киргизүү жана өлкөдөгү гуманитардык кырдаал боюнча резолюциянын долбоорун таркатты. Кеңештин мүчөлөрүнө Орусиянын сунушун кароого 6-апрелге чейин убакыт керек.

Сауд Аравия Перс булуңундагы башка өнөктөштөрү, Египет, Иордания жана Судандын колдоосу менен Йемендин басымдуу бөлүгүн ээлеп алган козголоңчу хуситтерге каршы аскерий операцияны 12 күн мурун баштаган.

Жекшембиде Орусиянын Ил-62 үлгүсүндөгү эки учагы Йеменден 350дөй Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн жарандарын алып чыкты. Орус элчилигинин Йемендеги пресс-атташеси Тимофей Боков алардын жетимиши Орусиянын, калгандары Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары, көпчүлүгү келишим менен иштеп жүргөн дарыгерлер экенин тактады. Орусиянын учактары эвакуациялагандардын арасында Сириянын, Кубанын жана Египеттин дагы жарандары бар.

Жума күнү Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч жүздөй адамды Йеменден алып чыккан, алардын арасында алты кыргызстандык бар экенин Москвадагы Кыргызстандын элчилиги билдирген.

Орусиянын Улуттар Уюмундагы өкүлүнүн орун басары Владимир Сафронков орустар Йеменге эвакуацияга барган учактары менен козголоңчул хуситтерге курал-жарак жеткирип жатат деген маалыматты жокко чыгарды.

Ага чейин Йемендин тышкы иштер министри Рияд Ясин Орусиядан келген учактар «Ансар Алла» тобуна аскерий курал-жабдык ташып келгени жөнүндө түшүндүрмө берүүсүн талап кылган.

Хуситтер баш калаа Санааны басып алгандан кийин президент Абд Раббу Мансур Хадини Аденге келип турууга мажбур болгон. 25-мартта шаар козголочулардын колуна өткөндөн кийин президент Сауд Аравияга чыгып кеткен.

Йемендеги кырдаалды жөндөө үчүн Эр-Рияд 150 миң жоокер жана 100 аскерий учак бөлгөн. Сауд Аравиянын бийликтери Йеменде президент Хадинин легитимдүү бийлигин сактап калууга көмөк көрсөтүүнү көздөөрүн билдирген.

Кызыл чырым уюмунун билдиргенине караганда Адендин көчөлөрүндө адамдардын сөөктөрү жатат, шаардагы ооруканаларга жеткирилген жарадарлардын аягы токтой элек.

Улуттар Уюмунун гуманитардык миссиясы Йеменде соңку эки аптада куралдуу кармашта беш жүздөн ашуун киши набыт кетсе, 1700дөй адам жарадар болгонун жарыялады.

XS
SM
MD
LG