Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Жаш куудулдардын фестивалы


14-ноябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда Бекназар куудулдун 125 жылдыгына арналган жаш куудулдардын фестивалы өтөт. Элдик оозеки чыгармачылыктагы куудулдук өнөрдү өнүктүрүү максатында “Чоңко” маданий борборунун демилгеси менен Маданият министрлиги биргеликте өткөрүп жаткан бул фестивалга тандоо түштүк аймагы боюнча Ош кыргыз драма театрында өткөрүлдү. “Чоңко” маданий борборунун жетекчиси Жаныбек Алыкуловдун айтымында ал жактан мыкты номерлер тандалып алынып, Бишкекте өтүүчү финалга жолдомо алышкан.

Байге фонду 100 миң сомду түзгөн бул фестивалга тандоо Бишкек шаары жана түштүк аймагы боюнча ордо калаада бүгүн өткөрүлөт. Фестивалдын талабына ылайык куудулдардын аткаруучулук чеберчилиги, чыгарманын оригиналдуулугу жана актуалдуулугу, чыгарманын көркөмдүк деңгээли бааланат. Куудулдук өнөрдүн жанрдык түрлөрү -монолог, интермедия, пародия, тамашалуу термелер, апыртмалар, клоунада жана башкалар. Ал эми катышуучулардын жаш өзгөчөлүгү чектелбейт. Мына ушул тандоодон өткөн он куудул 14-ноябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүчү финалдык концертте ат салышат. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.

Сыйлыктары болсо акчалай сыйлыктар. Биринчи орунга жыйырма миң сом, экинчи орунга он беш миң сомдон эки куудулга, он миң сомдон үчүнчү үч орунга берилет. Калган төртөө беш миң сомдон алышат. Мындан тышкары Маданият министрлигинин дипломдору ыйгарылат. Ошондой эле демөөрчүлөр өздөрү баалаган куудулдарына белектерин беришет.

Иш-чарада ошондой эле жаш куудулдарды белгилүү куудулдар куттукташып, келген көрүүчүлөргө тамашаларын тартуулашат. Фестивалдын жеңүүчүлөрүнүн жыйынтык концертин маркум Бекназар куудулдун туулуп өскөн жери Токтогул өрөөнүндө уюштурууну ниет кылып жатабыз дейт Жаныбек Алыкулов. Ошентип Бекназар куудулдун 125 жылдыгына арналган жаш куудулдардын фестивалы маркумдун туулуп өскөн айылында жыйынтыкталмакчы.

Бул иш-чара келерки жылы да улантылып, ал фестиваль Каракулжадан чыккан Кочкорбай куудулдун урматына арналып уюштурулмакчы. “Чоңко” маданий борбору ошондой эле келечекте улуттук телеканал менен биргеликте “Куудул отуруш” оюн-зоок программасын өткөрүүнү ниет кылууда.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG