Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Кыргызстанга кандай оппозиция керек?


1-декабрда азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин кызматка киргенинин бир жылдыгында – Бишкекте оппозициялык “Эл үнү” кыймылы түзүлгөнүн жарыялады. Жаңы кыймылдын бет ачарына Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Токтайым Үмөталиева, Өмүрбек Суваналиев, Бабырбек Жээнбеков, Нурлан Мотуев, Мамбетжунус Абылов, Оморбай Нарбеков баш болуп, жалпысынан 300гө чукул адам катышты.

“Эл үнү” президент Атамбаевди Баш мыйзамдын чегинде гана иш жүргүзүүгө, Кумтөр боюнча 2009-жылы кабыл алынган келишимди жокко чыгарууга чакырды. Андан тышкары “Ата Журт” партиясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана Нариман Түлеевди 5-декабрдан кечиктирбестен үй камагына чыгарууну талап кылышты. Ал эми Кыргызстан патриоттук партиясынын жетекчиси Назарбек Нышанов эски саясатчыларды оппозициядан кеткиле деп үндөп, ортодо жаңжал чыгып барып токтоду.

  • Бийликке кандай саясый оппозиция керек?
  • Эски-жаңы саясатчыларды эл артынан ээрчийби?
  • Жаңы көз караштагы жаш саясый оппозиция неге чыкпай жатат?

Шайлоо: Кыргызстан алдыга жылдыбы?

XS
SM
MD
LG