Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51
Wildberries компаниясынын кампалары 18-июлдан бери дээрлик күн сайын аткыланууда.
Wildberries компаниясынын кампалары 18-июлдан бери дээрлик күн сайын аткыланууда.

Wildberries'тин Волгограддагы логистикалык борбору бутага алынды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:06 30.4.2022

Луганск облусунда кырчылдашкан кармаш жүрүп жатат. Орусиялык аскерлер эл жашаган пункттарды атууда. Өткөн түнү Рубежное аймагы аткылоого кабылды. Бул тууралуу убактылуу аскердик администрациянын башчысы Сергей Гайдай билдирди.

Эртең менен жергиликтүү бийликтердин кабарлашынча Днепропетровск облусунда Криворожск жана Синельников айылдарына ракетадан сокку урулду. Жабыр тарткандардын саны такталууда.

Орусиянын Белгород облусундагы орусиялык аскерлер Харьковго жакын жайгашкан Изюм шаарына кошумча күч таштоодо.

12:00 30.4.2022

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматында Орусиянын Белгород облусундагы орусиялык аскерлер Харьковго жакын Изюмга кошумча аскерлерин таштап жатат.

11:57 30.4.2022

Украинанын Холокостто аман калган 78 жашоочусу Германияга эвакуация болду. Өлкө боюнча немис оккупациясына (1941-1945-жж.) күбө болгон 10 миңдей адам бар.

11:55 30.4.2022

"Орусияга Эркиндик" легиону фронтко жөнөдү

Украина үчүн орусиялыктардан түзүлгөн "Орусияга Эркиндик" легиону эки айлык даярдыктан кийин катуу кармаш жүрүп жаткан өлкө чыгышына жылды.

"Биз Украинанын Куралдуу күчтөрүнө бизге ишеним артканы үчүн ыраазычылык билдиребиз, кармашта ишенимди актаганга аракет кылабыз. Биз Орусияны Путинден жана анын чөйрөсүнөн куткарабыз", - деп айтылат легиондун билдирүүсүндө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG