Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:44
Нижнекамск шаарындагы дрон соккусунан кийинки коюу түтүн. 10-август
Нижнекамск шаарындагы дрон соккусунан кийинки коюу түтүн. 10-август

Татарстандагы дрон чабуулу: Өзбек жана тажик мигранттары жабыркады

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:42 14.7.2026

Украина Франциянын Rafale ("Рафаль") кыргын салуучу учагынан 16ны алуу үчүн буюртма берди, алар өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн колуна 2028–2029-жылдары тийиши керек.

Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэл Макрон Украинанын президенти Владимир Зеленский, Германиянын канцлери Фридрих Мерц жана Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

2025-жылдын ноябрында кол коюлган келишимге ылайык, Украина Rafale кыргын салуучу учагынан жүздү сатып алышы керек.

Муну менен катар Украинага өз аймагында бир катар куралдарды чыгарууга лицензия берилет. Алар: SAMP/T абадан коргонуу системаларына керектүү Aster-30 алыскы аралыкка учуучу зениттик ракеталары; SCALP-EG (британдык Storm Shadow ракетасынын көчүрмөсү) алыскы аралыкка учуучу авиациялык канаттуу ракеталары; катардагы авиабомбаларды алыстан башкарылуучу куралга айланткан AASM жогорку тактыктагы багыттоочу комплектиси.

Буга чейин Парижде өткөн "Тилектештер коалициясынын" жолугушуусунда Владимир Зеленский "Фремя" деп аталган баллистикага каршы системаны жана украиналык адистер ага ылайыктап иштеп чыккан ракеталарды тааныштырган. Зеленскийдин президентинин айтымында, алар 2026-жылдын соңуна чейин колдонулушу мүмкүн.

Франциянын президенти Киевдин өнөктөштөрү Украинадп коңшу мамлекеттерде аскердик машыгууларды баштоону макулдашканын кошумчалады. Бул машыгуулар Орусия менен ок атышууну токтотуу келишимине жетишилгенден кийин жайгаштырылышы мүмкүн болгон көп улуттуу күчтөрдү даярдоо алкагында өтөт.

Өз кезегинде Британиянын премьер-министри Кир Стармер Лондон Украинага аскердик жардам көрсөтүү боюнча 90 миллиард евролук европалык насыялоо программасына кошулганын жарыялады. Бул чечим британдык коргонуу ишканаларына Киевди колдоо программасынын алкагында каржылануучу келишимдерге катышууга жол ачат.

Макрон европалык өлкөлөрдү улуттук коргонуу долбоорлорунан баш тартып, курал-жарактарды биргелешип чыгарууга чакырды. Франциянын президенти Бастилияны алуу күнүнүн алдында сүйлөп жатып, аскердик программалардын бири-бирин кайталоосу Европанын коргонуу өнөр жайын алсыратарын белгиледи.

Анын айтымында, Европада учкучсуз учактарды, абадан коргонуу системаларын, ракеталарды жана ок-дарыларды чыгарууну тездетүү зарыл, анткени азыркы өндүрүш темпи өсүп жаткан суроо-талапка жооп бербей жатат.

11:41 14.7.2026

Орусиялык аскерлер түндө Киевге баллистикалык ракета менен чабуул койду. Бул тууралуу шаар мэри Виталий Кличко билдиргенин "Азаттыктын" украин кызматы жазды.

Кличконун айтымында, Голосеев районундагы эки кампада өрт чыкты.

Дарница районунда ракетанын сыныктары ачык аянтка түшүп, ал жерде турган машинелер күйүп кетсе, мектептин жанынан чуңкур пайда болуп, имараттын айнектери күүлүп түшкөн.

Орусия буга чейин 11-июлда дагы Киевге баллистика менен сокку уруп, Соломенка, Дарница, Днепров райондору жабыркаган. Мындан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыштагы өнөктөштөрүн баллистикалык ракетага каршы Patriot абадан коргонуу комплексине байланыштуу убадаларды аткарууга чакырган.

16:26 13.7.2026

Орусиянын Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев 13-июлга караган түндөгү дрон чабуулдарынан үч киши каза таап, бешөө жараат алганын билдирди.

Анын айтымында, облустун үстүнөн 81 дрон атып түшүрүлдү.

Истрадагы Пионерский кыштагында үч киши өлүп, бешөө жаракат алды. Беш жер тамда өрт чыкты.

Солнечногорскиде көп кабаттуу үйгө дрон тийип, эки киши жабыркады. Имараттын дубалыны зыян келтирилип, айнектери күбүлдү.

Бабкино кыштагында да жер тамдар зыянга учурады.

Орусиянын Ставропол крайынын бийлиги өнөр жай аймагында өрт чыкканын маалымдады. Азыр ошол жерде өрт өчүрүүчүлөр жана башка чукул кызматтар иштеп жатат.

Ал эми украиналык Exilenova+, Supernova+ мониторинг каналдары Михайловскиде мунай базасы күйүп жатканын жазышты.

Астра басылмасынын маалыматына караганда, Вязники хуторундагы темир жолго жакын орун алган мунай базасы тууралуу сөз болуп жатат.

Бул аталган калктуу пункттагы акыркы аптада бутага алынган экинчи мунай базасы.

Краснодар крайынын ыкчам штабы Темрюк районунда ишканалардын бирин өрт чалганын кабарлады. Учкучсуз аппараттын калдыгы Ильич кыштагында жер тамдын айланасына түшкөн.

Украиналык Телеграм каналдар NASA FIRMS сервисине таянуу менен Азов деңизинин акваториясында катталган өрт тууралуу кабарлап жатышат. Бул Орусиянын "көмүскө флотунун" танкерлерине сокку урулганына далил экенин белгилешүүдө.

Орусиянын Коргоо министрлиги 13-июлга караган түнү Волгоград, Владимир, Белгород, Брянск, Калуга, Курс, Липецк, Орел, Ростов, Рязан, Тула облустарында, Москва облусунда, Краснодар крайында, аннексияланган Крымда, Адыгей, Азов жана Кара деңиз акваторияларында 342 украиналык дронду атып түшүргөнүн маалымдады.

Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдорун жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду.

13:31 13.7.2026

Орусиянын армиясы 13-июлда Украинанын Одесса шаарындагы транспорт ишканасына сокку урду.

Бул тууралуу шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдирди.

Анын айтымында, автобустар өрттөнүп, төрт жер тамга зыян келтирилди. Үч киши жабыркап, орто оор абалда ооруканага жеткирилди.

Запорожьеде 12-июлдун түнү Орусиянын чабуулунан алты киши жабыркады, арасында 15 жаштагы өспүрүм да бар экенин облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров маалымдады.

Анын маалыматына караганда, көп кабаттуу 11 турак жайга зыян келтирилди, үйлөрдүн бири олуттуу бузулду. Тиешелүү коммуналдык кызматтар чабуулдун кесепеттери менен күрөшүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG