Орусиянын армиясы Гвинея-Бисаунун желеги алдында дан тартып бараткан Golden Leо кемесине сокку урду.
Бул тууралуу Украинанын калыбына келтирүү, инфраструктура жана транспорт министри Николай Калашник билдирди.
Анын маалыматына караганда, кеме жүгөрү жүктөп, Одессанын портунан чыгып баратканда соккуга кабылган.
Андан он киши каза тапканын Украинанын деңиз порттору администрациясы билдирди. Өлгөндөрдүн арасында украиналык лоцман бар. Калашниктин айтымында, бортто лоцмандан тышкары Сирия жана Индиянын жарандарынан турган экипаждын 18 мүчөсү болгон.
20-июлга караган түнү Украина Москва облусуна дрондор менен чабуул койду. Аймактын губернатору Андрей Воробьёв билдиргендей, Одинцоводо жеңил автоунаа жана жеке турак жайга зыян келтирилген. Подольскиде жарандык инфраструктуранын бир нече объектиси жана Малое Толбино айылындагы жер там зыян тарткан. Домодедоводо жер үйдө чыккан өрттөн бир адам жаракат алып, дагы бир адам М-4 автожолунда жабыркаган.
ASTRA басылмасынын маалыматына караганда, дрондордун бири көп кабаттуу турак үйгө тийген. Журналисттер Домодедоводогу Курыжов көчөсүндөгү 20-үй экенин такташты.
Домодедово ооруканасы жаракат алган алты киши бейтапканага түшкөнүн кабарлады. Алардын үчөө чет өлкөлүк жарандар. Жабыркагандардын бири оор абалда экени айтылууда.
ASTRA маалымдагандай, Подольскиде сокку мунай базасына тийген. Украинанын ачык булактарга мониторинг жүргүзгөн каналдары Коледино кыштагында Wildberries кампасына жана Домодедоводогу "Южные врата" паркына да чабуул болгонун жазышты.
Wildberries компаниясынын басма сөз кызматы Колединодогу комплекс кадимки режимде иштеп жатканын билдирди. Буга чейин кызматкерлер коопсуздук максатында эвакуацияланган.
Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин маалыматына ылайык, кечки саат 20:30дан таңкы саат 05:00гө чейин Москва аймагын көздөй учурулган 400дөн ашуун украиналык дрон атып түшүрүлгөн.
Буга чейин, 18-июлга караган түнү да украиналык учкучсуз аппараттар Wildberries кампаларына чабуул жасаган. Тамбов облусунун Котовск шаарында түнкү нөөмөттө иштеп жаткан компаниянын жети кызматкери каза болуп, дагы 25 адам жаракат алган. Ал эми Москва облусундагы Электросталь шаарында дрон кампанын аймагына кулап, 24 адам жабыркаган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Wildberries компаниясынын логистикалык борборлорунда учкучсуз аппараттар үчүн тетиктер сакталганын билдирген.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдорун жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду.
Америкалык Center for Strategic and International Studies (CSIS) борборунун жаңы маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери эки тараптан тең каза болгон жана жараат алган аскерлердин жалпы саны 2 миллиондон ашты.
Изилдөөчүлөрдүн тыянагында, 2026-жылдын биринчи жарымында орус аскерлеринин жоготуулары беш эсеге өскөн.
Орусиянын аскерлери 19-июль күнү күндүз Запорожье шаарына бир нече авиациялык бомба менен сокку урду. Чабуулдардын бири беш кабаттуу турак үйгө тийип, анын эки кабаты талкаланганын Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди.
Кеминде үч адам каза болуп, 47 адам жаракат алганы кабарланды. Куткаруучулар урандылардын алдында калган адамдарды издөө иштерин улантууда.
Шаарда ошондой эле тогуз кабаттуу турак үйдүн терезелери менен балкондору жабыркап, жер тамдар жайгашкан аймакта кыйроолор катталган. Мындан тышкары, логистикалык борбордун терминалында өрт чыккан.
Буга чейин Харьков облусунун администрациясынын башчысы Олег Синегубов 19-июлда Харьков шаарынын четиндеги почта терминалына соккудан төрт адам каза болгонун билдирген.
19-июлда Украинанын Харьков шаарынын четиндеги почта терминалына ракеталык соккунун кесепетинен төрт адам каза болду. Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Олег Синегубов билдирди.
Синегубовдун маалыматына ылайык, каза болгондор 24, 45 жана 62 жаштагы жарандар. Дагы 20 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Жабыркагандардын үчөө оор абалда. Дарыгерлер алардын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп жатышат. Бир нече сааттан кийин Синегубов жаракат алгандардын бири ооруканада каза болгонун маалымдады.
Анын алдында Украина Орусиядагы Wildberries маркетплейсинин Москва жана Тамбов облустарындагы кампаларына чабуул койгон. Анда сегиз адам каза болгон.
Орусиянын Коргоо министрлиги жекшемби күнү Киевге жапырт сокку урулганын, Украинанын борборундагы "Нова пошта" логистикалык компаниясынын терминалы жана Киев облусундагы логистикалык борбор бутага алынганын билдирген.