Европа Биримдиги Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялардын 21-топтомун макулдашты.
Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 23-июлда билдирди.
Анын айтымында, бул ирет дагы 32 орусиялык банк, криптовалюталык компаниялар, мунай сатуу менен алектенген платформалар чектөөлөргө илинет.
"Орусиянын согуш машинасы базардагы олку-солку абалдан пайда көрбөшү үчүн мунайдын баасына түзөтүү киргизүү чечимин бир жылга токтотуп жатабыз. Биз биринчи жолу Орусиянын көмүскө флотуна көмөктөшкөн кемелерди мелжедик", – деп жазды Урсула фон дер Ляйен X социалдык тармагындагы баракчасына.
Ал Еврошаркет "орусиялык комбатанттардын биримдикке киришине расмий тыюу салуу боюнча маанилүү кадам таштаганын" кошумчалады.
Reuters өз булактарына таянып жазгандай, жаңы санкциялардын топтомунда Орусиянын суюлтулган газын үчүнчү мамлекеттерге кайра жүктөп жөнөтүүгө бир жыл бою чектөө болбойт, анын мөөнөтү автоматтык түрдө узарат.
"ЕБге мүчө мамлекеттер Грекияга тилектештик билдиришти. Грекия болочокто башка өлкөлөргө карата да ушундай эле кадам таштары күтүлүп жатат", – деди Еврошаркеттеги дипломаттардын бири.
Июлдун ортосунда Грекия Орусиянын суюлтулган газын үчүнчү өлкөлөргө ташууга тыюу салынып жаткандыктан, Евробиримдиктин 21-санкциялар топтомун кабыл алууга каршы чыккан.
Financial Times басылмасынын маалыматына караганда, Афины грек миллиардери Георгий Прокопиунун Dynagas кеме компаниясынын кызыкчылыгын коргоого аракеттенүүдө.
23-июлга оогон түнү Украинанын Запорожье облусунда Орусиянын аткылоосунан эки адам каза болду.
Запорожье облустук администрациясынын башчысы Иван Федоров билдиргендей, Орусия аймакка дрондор, артиллерия менен жапырт сокку урду. Инфраструктуралык объектилер бузулган 78 учур катталды.
Харьков облусунда 11 адам жабыркаганын жергиликтүү аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов билдирди. Жардыргыч заттан эки киши каза болгон. 245 адам эвакуациялык пунктка жардам сурап кайрылган.
Херсон облусунда орус армиясынын чабуулунда бир адам каза болуп, дагы 20 адам жаракат алганын дубандын аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудин билдирди. Анын маалыматына ылайык, ондогон калктуу конуштар соккуга кабылды. Жеке жана көп кабаттуу турак үйлөр, май куюучу жай жана айыл чарба техникасына зыян келтирилди.
Сумы облусунда орус аскерлери май куюучу жайлардын бирине сокку урган. Өзгөчө кырдаалдар кызматы өрт өз убагында өчүрүлгөнүн маалымдады.
Одесса шаарын аткылдоодо инфраструктуралык объектилер зыянга учурап, айрым жеке үйлөрдүн терезелери сынган. Курман болгондор жана жабыркагандар жок экенин шаардык администрациянын башчысы Сергей Лысак айтты.
Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия түнү "Искандер-М" баллистикалык ракетасын, бир нече канаттуу жана башкарылуучу ракеталарды, 154төн ашык дрон менен чабуул койду.
23-июлда Манилада АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту.
Рубио "Свобода" радиосуна жолугушууда негизги тема катары Орусиянын Украинага каршы согушу талкууланарын айткан.
Лавров согушту жөнгө салуу боюнча Вашингтондун позициясын тактап, АКШ президенти Дональд Трамптын аны тезирээк токтотуу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирүүсүн талкуулоону ниеттенип жатканын айтты.
Июндун этегинде Рубио билдиргендей, Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2025-жылдын августунда Анкориждеги жолугушуусунда согушту токтотуу тууралуу эч кандай келишимге жетишилген эмес.
"Аляскада келишим түзүлгөн жок, Аляскада сунуштар көтөрүлгөн", – деди мамлекеттик катчы. Бирок анын деталдарын тактаган жок, Москванын ачык айтылып келаткан талаптарын, анын ичинде Донбассты толук көзөмөлдөө аракетин эске салды.
Путин кийинчерээк Анкорижде формалдуу макулдашуулар болбогонун ырастап, тараптар анда Украинадагы кризисти токтотуу жана мунаса табуу мүмкүнчүлүктөрүн ортого салышканын айткан.
Лавров менен Рубио былтыр Куала-Лумпурдагы эл аралык форумдун алкагында жолугушуп, Украинадагы согушту, Иран менен Сириянын айланасындагы кырдаалды талкуулаган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-июлда АКШ президенти Дональд Трамптын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен сүйлөштү. Бул тууралуу америкалык Axios басылмасы өз булактарына таянып кабарлады.
Сүйлөшүүлөр болгонун кийинчерээк Зеленский да ырастады.
Анын айтымында, "дипломатияны күчөтүү, тынчтыкка жакындоону талкуулаган маанилүү сүйлөшүү" болду.
Ал украин жана америкалык команда бири бири менен тыгыз байланышта экенин, талкууланып жаткан маселелердин үстүндө иштөөнү улантарын кошумчалады.
Сүйлөшүүлөр АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 23-июлда Манилада күтүлүп жаткан жолугушуусун утурлай өттү.
Рубио Лавров менен Украинадагы согуш маселесин талкуулоону көздөп жатканын айтты.
Буга чейин Москва Уиткофф менен Кушнерди кабыл алууга даярдыгын билдирген. Орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков алардын Орусияга сапары күн тартибинде экенин, бирок мөөнөтү так эместигин билдирди.
Майдын этегинде Зеленский Уиткофф менен Кушнер Киевге эки апта ичинде келерине үмүт артып жатканын айткан. Бирок ал сапар болгон эмес.
Украина менен Орусиянын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөр АКШнын ортомчулугу менен быйыл февралда өткөн.
Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп кеткендиктен үч тараптуу сүйлөшүүлөр белгисиз мөөнөткө жылган.
Июнда Трамп Американын Иран менен жаңжалы жөнгө салынгандан кийин орус-украин согушун жөнгө салууга мүмкүнчүлүк болорун жарыялаган. Июлда АКШ менен Иран бири бирине кайра сокку ура баштады.