Украинада Орусиянын соңку чабуулдарынан кеминде 25 киши жараат алганын "Азаттыктын" украин кызматы жазды.
Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров билдиргендей, бейшемби күнү Запорожье шаарына жасалган соккусунан жабыркаган 25 кишинин арасында балдар жана үч айлык ымыркай бар экени кабарланды.
«Душмандын бүгүнкү соккусунан кийин 25 адам дарыгерлерге кайрылды. Алардын арасында алты бала, анын ичинде үч айлык ымыркай да бар», — деп жазды Федоров.
Ал эми 24-июлда Чернигов шаары, ошондой эле Чернигов облусундагы Чернигов жана Корюков райондору Орусиянын чабуулдарынын натыйжасында электр энергиясыз калды.
«Душмандын чабуулунун кесепетинен энергетикалык объект жабыркады. Натыйжада 70 миңден ашык абонент электр жарыгысыз калды», — деп билдиришти «Черниговоблэнерго» энергетикалык компаниясынан.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, орус аскерлери Запорожье шаарына башкарылуучу беш авиациялык бомба менен сокку урган. Чабуулдун натыйжасында турак үйлөр жана менчик медициналык мекеме жабыркаган.
23-июлга караган түнү Орусиянын Воронеж облусунда украиналык 36 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн аймактын башчысы Александр Гусев билдирди.
Анын айтымында, дрон кулатылганда анын калдыктары Воронеж шаарынын четиндеги жер тамга түшүп, өрт тутанган. Үч жашар бала чарчап калды, анын ата-энеси жаракат алды. Ошол эле аймакта дагы бир киши жабыркады. Гусев ири маркетплейстеринин биринин кампасынын чатырына, фасадына зыян келтирилгенин айтты.
ASTRA жергиликтүү тургундарга таянуу менен Wildberries компаниясынын Новая Усман кыштагында жайгашкан кампасына чабуул коюлганын кабарлады.
Бул маалымат расмий тастыктала элек.
Буга чейин украиналык дрондор аталган компаниянын бир нече кампасына сокку урган. Украин президенти Владимир Зеленский компания Орусиянын армиясын дрон тетиктери, навигациялык каражат жана ок-дары менен камсыздоого аралашып келгенин жарыялаган.
23-июлда украиналык дрондор Ульянов облусундагы Новоспасск районундагы отун-энергетикалык комплекске сокку урганын аймактын башчысы Алексей Русских билдирди. ASTRA аталган кыштакта мунайды кайра иштетүүчү заводду өрт чалды.
Аннексияланган Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксенов түнкү соккулардан бир киши каза таап, төртөө жараат алганын, арасында эки бала бар экенин маалымдады.
"Крымский ветер" Телеграм каналы спутниктен алынган сүрөттөргө таянып, Феодосияга жакын жердеги электр станциясында катуу өрт чыкканын билдирди. Балаклава жылуулук электр станциясында ок атуу жана жардыруулардын добушу угулганын жергиликтүү тургундарга шилтеме берип жарыялады.
Украиналык мониторинг каналдары Башкырстандагы өндүрүш-диспетчердик станциясындагы өрт тууралуу да кабарлап жатышат. Аймакта дрон коркунучу тууралуу эскертүү жарыяланган, буга байланыштуу аэропорт ишин токтоткон.
Белгород облусунун ыкчам штабы да бир нече калктуу пункттарда дрон соккусу болгонун кабарлашууда. Орус бийлигинин расмий маалыматына караганда, чабуулдардан бир нече адам жабыркады. Бийлик коммерциялык объектиге сокку урулганын кабарлап, бирок кененирээк маалымат берген жок.
Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, түн ичинде абадан коргонуу күчтөрү украиналык 223 учкучсуз учакты атып түшүрдү.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдорун, логистикалык борборлорун жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду.
Америкалык Center for Strategic and International Studies (CSIS) борборунун жаңы маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери эки тараптан тең каза болгон жана жараат алган аскерлердин жалпы саны 2 миллиондон ашты.
Изилдөөчүлөрдүн тыянагында, 2026-жылдын биринчи жарымында орус аскерлеринин жоготуулары беш эсеге өскөн.
Европа Биримдиги Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялардын 21-топтомун макулдашты.
Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 23-июлда билдирди.
Анын айтымында, бул ирет дагы 32 орусиялык банк, криптовалюталык компаниялар, мунай сатуу менен алектенген платформалар чектөөлөргө илинет.
"Орусиянын согуш машинасы базардагы олку-солку абалдан пайда көрбөшү үчүн мунайдын баасына түзөтүү киргизүү чечимин бир жылга токтотуп жатабыз. Биз биринчи жолу Орусиянын көмүскө флотуна көмөктөшкөн кемелерди мелжедик", – деп жазды Урсула фон дер Ляйен X социалдык тармагындагы баракчасына.
Ал Еврошаркет "орусиялык комбатанттардын биримдикке киришине расмий тыюу салуу боюнча маанилүү кадам таштаганын" кошумчалады.
Reuters өз булактарына таянып жазгандай, жаңы санкциялардын топтомунда Орусиянын суюлтулган газын үчүнчү мамлекеттерге кайра жүктөп жөнөтүүгө бир жыл бою чектөө болбойт, анын мөөнөтү автоматтык түрдө узарат.
"ЕБге мүчө мамлекеттер Грекияга тилектештик билдиришти. Грекия болочокто башка өлкөлөргө карата да ушундай эле кадам таштары күтүлүп жатат", – деди Еврошаркеттеги дипломаттардын бири.
Июлдун ортосунда Грекия Орусиянын суюлтулган газын үчүнчү өлкөлөргө ташууга тыюу салынып жаткандыктан, Евробиримдиктин 21-санкциялар топтомун кабыл алууга каршы чыккан.
Financial Times басылмасынын маалыматына караганда, Афины грек миллиардери Георгий Прокопиунун Dynagas кеме компаниясынын кызыкчылыгын коргоого аракеттенүүдө.
23-июлга оогон түнү Украинанын Запорожье облусунда Орусиянын аткылоосунан эки адам каза болду.
Запорожье облустук администрациясынын башчысы Иван Федоров билдиргендей, Орусия аймакка дрондор, артиллерия менен жапырт сокку урду. Инфраструктуралык объектилер бузулган 78 учур катталды.
Харьков облусунда 11 адам жабыркаганын жергиликтүү аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов билдирди. Жардыргыч заттан эки киши каза болгон. 245 адам эвакуациялык пунктка жардам сурап кайрылган.
Херсон облусунда орус армиясынын чабуулунда бир адам каза болуп, дагы 20 адам жаракат алганын дубандын аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудин билдирди. Анын маалыматына ылайык, ондогон калктуу конуштар соккуга кабылды. Жеке жана көп кабаттуу турак үйлөр, май куюучу жай жана айыл чарба техникасына зыян келтирилди.
Сумы облусунда орус аскерлери май куюучу жайлардын бирине сокку урган. Өзгөчө кырдаалдар кызматы өрт өз убагында өчүрүлгөнүн маалымдады.
Одесса шаарын аткылдоодо инфраструктуралык объектилер зыянга учурап, айрым жеке үйлөрдүн терезелери сынган. Курман болгондор жана жабыркагандар жок экенин шаардык администрациянын башчысы Сергей Лысак айтты.
Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия түнү "Искандер-М" баллистикалык ракетасын, бир нече канаттуу жана башкарылуучу ракеталарды, 154төн ашык дрон менен чабуул койду.