Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 10:00

Жаңжалдан бүлүнгөн Ак-Сай

Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 19-сентябрда билдирген. Көк-Таш - Тамдык жолундагы 36 метрлик көпүрө жардырылган. Кандуу кагылышта чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр - 140 миңден ашкан жаран, азырынча үйлөрүнө кайта элек.

19-сентябрда ​Кыргызстан 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгондорго аза күттү. Акыркы маалыматтар боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандан 59 адам мерт болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги коңшусун "куралдуу агрессияга" айыптаса, Дүйшөмбү дагы ушундай мүнөздөгү билдирүү жасады.

Тажикстандын ТИМи 19-сентябрда 41 жараны каза болгонун расмий билдирип, бирок алардын канчоо аскерлер, канчасы жай тургундар экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу 58 тажик жараны мерт болгонун жазды жана жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын билдирди.

Бул маалыматтарды көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.


Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG